К.Дыйканбаев:«МАЛДЫ ЭМДӨӨГӨ КЕРЕКТҮҮ АКЧАНЫ КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ БӨЛҮП БЕРБЕЙ ЖАТАТ»

Бодо малдын жайлоого чыкчу маалы жакындап калды. Ушу кезге чейин дары-дармек алынбай, аймактарда мал эмделе элек. Муну депутат Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Айтымында, мал ылаңы айылдыктардын эт жана сүт азыктарын сатуусуна терс таасирин тийгизет. «Мал жана үй канаттуулары баш-аягы 22 жугуштуу оорудан эмделет экен. Көл кылаасында туристтик сезон жакындап калды. Мал эмделбесе, жергиликтүү тургундар өндүргөн азык-түлүктүн өтүмдүүлүгү түшүп кетет»,- дейт ал.
Депутат керектүү дарыларды сатып алууга Каржы министрлиги акча бөлбөй жатканын билдирди. «Буга өкмөт тез арада чара көрүшү керек» деди К.Дыйканбаев.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан