Журналист ГЕННАДИЙ ПАВЛЮКТУН өлүмүнө шектелип УКМКнын эки кызматкери 5-апрелде кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.
Мусулмандар диний башкармалыгы ДААВАТЧЫЛАРДЫН сырткы кийимдерин оңдоо максатында аларга улуттук диний үлгүдөгү кийимдерди иштеп чыкты.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун айтымында, 2013-жылы ведомство тарабынан КОРРУПЦИЯ боюнча 8 кылмыш иши козголгон, анын үчөөсү Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун иштери болуп саналат.
Вице-премьер болуп дайындалган Абдырахман Маматалиевдин ордуна Майрамбек Расулов «АР-НАМЫС» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди.
ИСХАК МАСАЛИЕВ Салык кызматынын төрагалыгынан бошотулду. Ал бул чечимин 2015-жылга карата парламенттик шайлоого партиясынын даярдыгы менен алек болорун айтып түшүндүрдү.
Билим берүү министрлиги: «Бир ай бою бир да сабакка келбеген СТУДЕНТТЕР окуудан айдалат»,- деп билдирүү таратты.
ЫСЫК-КӨЛ облусунда май айында техникалык жана экологиялык талаптарга жооп берүүсү боюнча пансионаттар, мейманканалар жана конок үйлөрүн текшерүү иштери башталат.
«Мыйзамдагы ууру» КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ карата кылмыш иштерин кароо Жогорку Сотто үчүнчү ирет кийинкиге калтырылды. Отурум эми 14-апрелге белгиленди.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, Кыргыз-Түрк «МАНАС» университетинин жылдык бюджети 51 миллион доллардын тегерегин түзөт, каражаттын 92 пайызын түрк тарап бөлүп берет.
Парламент үчүнчү окууда жалпыга маалымдоо каражаттарында интимдик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салууну колдоду.
Жогорку Кеңештин депутаты НУРБЕК МУРАШЕВ токмок жеген Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевден эл алдында кечирим суроого даяр экенин билдирди.
Бишкекте 369 башка жактан ТҮП МЕКЕНИНЕ көчүп келген кыргыздар жашайт, анын 250дөн ашууну Тажикстан менен Өзбекстандан келишкен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kadam
2014-04-15 16:59:36
Этникалык кыргыздар боюнча маалымат так эмес. Биз жайында изилдөө жүргүзгөндө жаңы конуштарда жашаган этникалык кыргыздар эле 1200 гө чукул чыккан. жаңы конуштар эсепке алынбай калган шекилдүү.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.