Украинанын жаңы бийлиги Крымды Орусияга алдыртып жибергенден бери өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө бөлүнүп чыгууга үгүттөп чакыргандар көбөйүүдө. Учурда жарым аралдын борбору Симферополь шаарынын аталышын Путин деп өзгөртүү сунушталууда. Окуянын мындай өнүгүүсү Орусиянын желеги Украинанын дагы башка аймактарында желбиреп калуусуна жеткиреби деген суроолорду жаадырууда.
КЕЗЕК УКРАИНАНЫН ҮЧ АЙМАГЫНА ЖЕТТИ
Соңку күндөр аралыгында Украинанын чыгышындагы Харьков, Донецк жана Луганскта орусиячыл активисттер мамлекеттик администрацияларды басып алууга чейин барышты. Алар Крымдагыдай эле, тагыраагы, аймактын статусу тууралуу референдум өткөрүүнү талап кылышууда. Айрым аймактарда көз карандысыз элдик республика түзүлгөнү жарыяланып жатса, кээ бирлеринде укук коргоо органдары менен тирешүү уланып жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри «аталган аймактардагы баш аламандыктарга орусиялык атайын кызматтын агенттеринин тиешеси бар» деп билдирсе, расмий Москва бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Ал эми Киевдин жаңы бийлиги өлкө ичиндеги кырдаалды жөнгө салууга чамасы келбей жатат. Болгону Украинанын парламенти Кылмыш кодексине өлкөнүн улуттук коопсуздугун кыйратуучу сепаратизм үчүн жоопкерчиликти күчөткөн өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
НАЗАРБАЕВ ШАШЫЛЫШ ЧАРА КӨРҮП БАШТАДЫ
Коңшу Казакстанда премьер-министрликтен Серик Ахметов кетип, анын ордуна кайрадан Карим Масимов келди. Буга чейин да беш жыл өкмөттү башкарган К.Масимовдун улуту уйгур, ал эми бул улуттун өкүлдөрү Казакстандын Кытай менен чектешкен аймагында көп жашашат. Казак эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин мындай кадамга баруусуна Украинадагы окуялардан улам өлкөнүн аймактарынын бүтүндүгү үчүн чочулоо күчөгөнү себеп болду деп айтылууда. Орусиянын Саратов, Астрахань жана Волгоград облустары менен чектешкен Казакстандын түндүгүндө орустар басымдуу жашашат.
Коңшу өлкөдө да Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен сепаратисттик иштер үчүн жазаны катаалдатуу каралууда. Казакстандын аймактык бүтүндүгүн өзгөртүүгө мыйзамсыз чакырыктар үчүн азыркы Кылмыш кодексинде жазылган беш жылдын ордуна жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы кабыл алынганы жатат.
БАКИЕВ МЕНЕН ЯНУКОВИЧТИН ТАГДЫР ОКШОШТУГУУкраина менен Кыргызстандын ортосундагы параллелдер тээ түстүү революциялардан тартып башталган. 2004-жылы Киевде «Кызгылт-сары» революциясы, 2005-жылы Бишкекте «Жоогазындар» революциясы болуп өткөн. Экинчи толкунга келсек, Украинада да, Кыргызстанда да революция алдындагы кырдаал дээрлик окшош. Тагыраагы, АКШ менен Орусиянын ортосундагы тиреш даана байкалат. 2009-жылы Курманбек Бакиев «Манас» аэропортунан америкалык аскердик базаны чыгарам» деп Кремлге сөз берген. Анын жообуна Орусия 2 миллиард долларга чукул кредит бөлүп берерин айткан болчу. Бирок К.Бакиев АКШ менен болгон сүйлөшүүлөр аркылуу базаны чыгарбай, статусу гана өзгөрдү. Ушундан баштап Орусияда К.Бакиевге каршы маалыматтык кампания старт алган.
Украинада да өлкөнүн Европалык союзга же Бажы союзуна кирүүсү тууралуу макулдашуу чырынан улам баары ырбаган. Жыйынтыгында Виктор Янукович Орусия сунуш кылган
15 миллиард доллар кредит менен газ баасына болгон жеңилдикти кабыл алмакчы болду. Бул чечим анын бийликтен кол жууп калышына алып келди. Ошентип, эки президент тең өз жерине батпай, эли тарабынан куулуп, Курманбек Бакиев Беларуска, Виктор Янукович Орусияга качып кетти. Бийликке каршы күрөштө эки өлкөнүн борбордук аянттары дээрлик бирдей санда курман болгон митингчилердин канына боёлду. Окуянын өнүгүүсү Кыргызстанда этника аралык жаңжалдарга, эң башкысы каргашалуу Июнь окуясына алып келсе, Украина Крымдан куру жалак калганы аз келгенсип, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү аймактарда чыккан баш аламандыктарды көзөмөлгө ала албай отурат.
Эльвира Караева
politika@super.kg