Жогорку Кеңештин курамын толуктап турган жаш депутаттарыбыз аз эмес. Алардын катарында олуттуу маселелерди талкууга алып чыгып, ал тургай айрым аткаминерлердин кемчилигин, катасын жалтанбай бетке айтып келе жаткан Данияр Тербишалиев деген жигит да бар. «Мага балалыгымды кайра кайтарып беришсе, адамдарды таарынтып албаганга, катуу сөз айтып капа кылбаганга аракет кылмакмын» деген жаш депутат алтын балалыгы тууралуу маек куруп берди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ...
1981-жылы 20-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2 жогорку билимдин ээси. Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу факультетин жана Юридикалык академиянын юридикалык факультетин бүтүргөн. Жети бир туугандын кичүүсү. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.
«БАЛА БАКЧАДАН КАЧЫП, БАКТАН ТҮШПӨЙ КОЙГОМ»
– Балалыгымды эстесем көл жээгинде кумда ойногон күндөрүм эске түшөт. Бишкек шаарында төрөлгөнүм менен 1 жашка чыкканымда ата-энем Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү деген айылына көчүп кетишкен, ошол жакта өсүп калдым. Бала кезде өтө шок болдум. Бала бакчада уктаганды жаман көрөр элем. Бир жолу бакчанын дубалынан секирип качып кеткенимде, артымдан 2-3 тарбиячы эже чуркап, жете албай калышкан. Мен жүгүрүп барып чоң бактын башына чыгып алып, 3-4 саат түшпөй койгом. Ал кезде жоопкерчилик күчтүү болчу да, мисалы, мени качырып жибергени үчүн тарбиячы эжелерге чара көрүлмөк. Анан алар суранып жатып, оюнчук сатып берүүнү убада кылып, мени бактан түшүрүшкөн.
«АПАМ МЕНИ КОМУЗЧУ КЫЛА АЛБАЙ КОЙДУ»
– 9-класска чейин жалаң «5» деген баага окудум. 10-класстан тартып окууну борборго келип улантып, ыкчам окутуучу класска кирип калганымдан «4» деген баалар аралашып кеткен. Бирок жалпысынан жакшы окуп, математика сабагынан берилген тапшырмаларды тез эле чыгарып койчумун. Атам математика мугалими болгондуктанбы, бул сабакты жакшы көрүп окудум. Ал эми апам болсо мени «музыкага кызыктырам» деп ийримдерге жиберчү. Мен өзүм спортко кызыккандыктан, апама «комузга барып жатам» деп коюп, дзюдо, каратэ менен машыгууга кетип калчумун. Кийин апам билип калганда аябай кейип, «мушташып жүрө бергенден көрө музыканы үйрөнсөң болмок» деп жүрдү. Азыркы күнгө чейин музыкага жакын эмесмин. Кээде ырдаганга аракет кылам, бирок баары бир гимнден башка ыр ырдай албайм.
«ГАЗ ТҮТҮГҮН ЖАРДЫРЫП ИЙГЕМ»
– Үйүбүздүн жанында чоң газ түтүгү бар болчу. 5-классымда болсо керек, мен анын жанына барып, «ширеңке чаксам эмне болот болду экен» деп кызыгып, от тутантып койгом. Анан ал жарылып кетип мен 2 метрдей артка ыргып, капкара болуп эле жатып калдым. Бул кылыгым үчүн апаман катуу тил укканым эсимде.
Дагы бир кызык окуя Таласта болгон. Тегим Таластан болгондуктан, ата-энем жыл сайын жайкы каникулда ошол жакка жөнөтчү. Ал жактан жайлоого чыгып, кой кайтарып, ат минип, бир жолкусунда биринчи жолу эшекке минип көрмөкчү болдум. Жакшы эле отуруп бара жаткан жеримден эшегим мөңкүп, мен бетим менен бокко жыгылгам. Бул окуяны туугандарым азыркы күнгө чейин унутпай айтып жүрүшөт.
Мушташуу жагынан эч кимди алдыга чыгарбай, мектепте дайыма 1-атаман элем. Кээде өзүмдөн улуу балдарды тепкилеп коюп, эртеси анын достору менен бетме-бет мушташкан учурлар болду. Кээде «сен бейбашсың» деп мени сабап койгон улуу балдарга ачуум келип, алар менен мушташканда таш, бычактарды колдонгон учурларым болгон.
«АК ҮЙГӨ ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН КЕЛЕМ»
– Дзюдо, каратэден сырткары 9-классымдан тартып бокс менен да алектендим. 10-класс кезимде Бишкек шаарынын чемпиондугун жеңип чыксам, 11-класста Кыргызстандын чемпионатын уткам. Бокс мен үчүн чоң мектеп болду десем болот. Бүгүнкү күндө да жумасына 3 жолу спорт залга барып машыгып турам. Спортту, велосипедди жакшы көргөндүктөн, кээде жумушка велосипед менен келем. Машыгуулардын таасиринен бүгүнкү күнгө чейин тамеки же спирт ичимдиги менен дос боло элекмин.
«КАТЫМА ЖООП БЕРБЕГЕН КЫЗГА АЯБАЙ ТААРЫНГАМ»
– Так эстей албай жатам, 4-5-класста жактырып жүргөн кызыма кат жазсам, ал жооп бербей коюп, ага аябай таарынгам. Ошондон кийин башка кыздарга деле кат жазган жокмун. Тескерисинче, мага кат жазып, сүйүүсүн билдирген кыздар болду. Университетте окуп жүргөндө «Парадокс» деген КВН командасын түзүп, 5 жыл бою ойноп жүрдүм. 2001-жылы Кыргызстанда өткөн КВН лигасында командабыз 1-орунду ээлеген. Ошол эле жылдары Кыргызстандан биринчилерден болуп Сочи оюндарына, эл аралык сынактарга барып жүрдүк. Ошентип активдүү болуп жүргөн күндөрдө, Сүйүү күнүнө карата коюлган урнадан мага көп каттар келип түшчү.
«БАТ ТОКТОЛДУМ»
– 1994-жылы 13 жашка толгонумда апам каза болуп, эрке, шок жигит олуттуу боло баштады.
Кээде жаштык кылып апама каяша айтып, жаман сөздөрдү сүйлөп койгонумду эстеп, «туура эмес кылган экенмин» дейм. Азыркы күнгө чейин өкүнөм. Эгер менде балалыкты артка кайтарууга мүмкүнчүлүк болуп, башымдан өткөн күндөрдүн бир жерин өзгөртө ала турган болсом, адамдарды капа кылбаганга, таарынтпаганга аракет кылып, башкасын ошол бойдон калтырмакмын.
Апам каза болгондон кийин атам да пенсияга чыгып, иштебей калды. Атамдын пенсиясына экөөбүз жашап, кээде тамакка да жетпей калган учурлар болгон. Жайкысын Бишкекте, Ысык-Көлдө кафеде официант болуп иштегем. Лондондо окуп жүргөндө дагы идиш жууп, куруучу болуп иштеген күндөрүм болгон. Адам өзүнүн максатына жетүү үчүн оорчулуктан качпай, кандай гана жумуш болбосун иштей алышы керек. Керек болсо дааратканаларды, подъезддерди жууп тазалап, кичине болсо да акча тапчумун.
«БИРИНЧИ БИЗНЕСТИ 1-КЛАССЫМДА БАШТАГАМ»
– 1-классымдан тартып эле колума кичинекей 2 чака алып, короодон карагат терчүмүн. Анан аны Чолпон-Ата шаарынын автобекетине барып, ошол жерден сатып түгөтөр элем. Шабдалы, көл жээгинде жүгөрү, балык да сатып жүрдүм. Мындай сатуу иштерин 11-классыма чейин улантып, мектепти аяктарда көлдүн жээгине өз колум менен жыгачтан жасалган кичинекей дүкөн ачкам. Аны кийин чоң кафе кылдым. Студент кезимде англис тилин окуп келүүгө Англияга кеттим. «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы башкы каармандын тагдыры менин тагдырыма окшош. Мен да алгач Англияга барганымда тил билбей кыйналып, жумуш жок, Баатырга окшоп жүрдүм. Анан акырындык менен тырышып жүрүп иштеп да, окуп да жетишип, жыйынтыгында Бишкектен 2 бөлмөлүү батир алгам.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg