Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. «Ырчы Сайкал Садыбакасова менен ырчы жигит Эрнест Жоошев экөөнүн ортосунда сүйүү бар» деген кептер көптөн бери кулагыбызды кызытып келген. Эч нерседен сыр бербеген ырчы айымдын мырзасы чыдабадыбы, айтор, интернеттеги жеке баракчасына экөөнүн окшош кийинип түшкөн сүрөттөрүн жүктөп жиберди. Ал эле эмес, Сайкалдын жүктөгөн сүрөттөрүнүн алдына «жаным» деп комментарий жазууга да үлгүргөн. Мындан улам чыгармачыл кош жүрөктөр ачыкка чыгуунун астында турат окшойт деген ой келди.