«ТҮНДҮКТҮК КЕЛИН» УЧУРДУН МЫКТЫ ТАСМАСЫБЫ?

Рахман Разыков, Гүлшайыр Садыбакасова сыяктуу белгилүүлөр роль жаратып, Рысбек Жабиров режиссёрлук кылган «Түндүктүк келин» тасмасынын көрүүчүлөрү күн санап көбөйүүдө. Дегенибиз, кайсы кино болбосун башында күнүнө 10дон ашык сеанс менен көрсөтүлүп отуруп акырындан азайчу эмеспи. Ал эми аталган фильмде бул көрүнүш тескерисинче болуп жатканын Рысбек мырза айтып өттү. «Кинонун ачылышы болгондо мага кезектегилер көп деп 4 сеанс беришкен. Азыр болсо сеанс 17ге жетти. Башка фильмдер көрсөтүлүп келип, 3-4 сеанска түшчү же таптакыр дайыны чыкпай калчу. Бул тасманы көрүүчүлөр бири-бирине айтып, чакырып отуруп сеансты көбөйтүп алдык деп ойлойм. Суроо-талап көбөйгөндүктөн кинотеатрларда гана эмес, Тарых музейинде дагы көрсөтүүгө өттүк» дейт режиссёр.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
peri...97
2014-04-14 11:04:54
Интернетке чыгуусуда кыйынга турбайбы анда...менда коргум келип атат
0
Гулжигит
2014-04-14 12:14:46
Азаматсыз Рысбек байке! Сизге ийгилик каалайм! Кыргызстандагы эн мыкты режиссерлордонсуз!
0
jantonik
2014-04-14 13:08:29
мага жаккан жок, келин жонундо эмес эле орулуу бала жонундо болуп калыптыр.
+1
Chtc
2014-04-14 15:54:04
Кинодогу идея Жыпар Акунованын чыгармасынан алыныптыр.Бирок автордун уруксатысыз деген сөздүн канчалык чындыгы бар болду экен?
0
Asemgyl01
2014-04-14 18:05:43
Супер инфо бул филмди кайсы жактан корсок болот , биз кыргызстанда эмеспиз
0
admin_media
2014-04-14 18:10:40
Asemgyl01,
Саламатсызбы! Азырынча кинотеатрларда коюлуп жатат.
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан