8-апрелде кино тармагынын аттуу-баштуулары чогулуп чоң жыйын өткөрүлдү. Ошондо бул тармактын күнгөй-тескейи талкууга алынып, «Продюсерлер уюму» түзүлдү. Уюмдун аткаруучу директорлугуна улуу-кичүүлөр бир добуштан Съездбек Искеналиевди көрсөтүшкөн. Ырчы буга чейин продюсердик борбор ачып, бир нече клип тартууга жетишип, «Карт бойдок», «5000 сом», «Аманат» тасмасына продюсерлик кылган. «Мага бул кызмат күтүлбөгөн жерден сунушталды, толкунданып жатам. Уюмдун максаты – кино тармагындагы продюсерлердин башын бириктирүү, кайталанма тасмаларды тартипке келтирүү, пираттардан коргонуу»,- дейт жаңы дайындалган директор.