Гүлзада Рыскулова:«ЭНЕМДИН АСЕМ ЖАСАЛГАЛАРЫН ЖОГОТКОНУМА ӨКҮНӨМ»

Ар бир экинчи кыздын асем буюмдарынын ичинен кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн сөйкө, шакек, билерик же чынжырча табууга болот. Бирок ырчы Гүлзада Рыскулованын асем жасалгалары азыркы мода менен жасалган бүгүнкү күндүн буюмдары эмес. Ырчынын коллекциясынан болжол менен 2 кылым жашаган асем буюмдарды да көрсөк болот.

– Апам алтынга караганда күмүштү жакшы көрөт. Менин коллекциямдын ичиндеги асем буюмдарымдын бир нечеси апама таандык. Мен чогулта баштагандан бери ого бетер кызыгып, көргөндөрүн коё бербей сатып ала баштады.
Кичинекей кезде балалык кылып көп нерсени баалабайт экенбиз. Чоң энемдин күмүштөн жасалган зер буюмдары көп боло турган. Сандыгын ачкан сайын бирден алып ойночумун. Азыркыдай акылым болсо, жоготпой баарын тыпыйтып катып алмакмын.
Эски буюмдар мага окшогон адамдарга баалуу болгону менен көпчүлүк жаштар анын баркын билбей, арзан баага эле өткөрүп жиберишет же жаңы мода менен кайрадан жасатышат. Мага жагып калган буюм болсо дароо сатып алам. 9 жылдан бери чогултуп келе жаткан коллекциямда 3 сөйкө, 5 билерик, 2 шакек, 2 чач учтук, 3 кулон жана 4 моюнга таккыч бар.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
bai.kymbat
2014-04-14 11:59:00
мага жакты зер буюмдарыныз.
0
belosnejka1
2014-04-19 22:31:07
Мага окшош экенсиз
0
myshka406
2014-04-21 16:09:35
менин апамда да ушундай илгерки кумуштор бар, алсаныз сатабыз..
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан