БАЛДАРДЫ ЭМЕС, БАЙЛАРДЫ КОРГОГОН ТОСМОЛОР ЖЕ БИШКЕКТИН КӨЧӨЛӨРҮНӨН РЕПОРТАЖ
ТУШ КЕЛДИ КОЮЛГАН ЖОЛ ТОСМОЛОР
Негизи, мыйзам боюнча бала бакча же мектептин жанына автоунаалар акырын айдап өтүшү үчүн «жаткан полицей» деп аталган жол тосмолор орнотулат эмеспи. Бирок жанында эч кандай окуу жай же бала бакча жок, заңгыраган тамдардын алдында жол тосмолор жаткырылган жерлер да бар. Бир эле мисал, Саякбай Каралаев атындагы көчөдө төмөнкүдөй жол тосмо орнотуп алышкан. Бул үйлөрдүн жашоочулары унаалардан ушундай жол менен коргонушат. Мындай жерлерден унаа жай өтүп, алардын тынчын албайт. Ал эми ошол эле кезде эң керектүү делген бала бакча, мектептердин алдында жол тосмолор салынбай жатканы өкүнүчтүү. Тосмонун жоктугунан балдар жолдон өтө албай, кырсыкка учурагандары да жок эмес.
Аскердик бөлүктүн кире беришин элестеткен бул жер кадимки Бишкектин көчөсү. Көчөнүн аркы башына баруу керек болсо, анда бул бөлүктү башка көчөлөр аркылуу айланып өтүүгө туура келет. Көчөнү ушинтип тосуп алуу кадимки көрүнүшкө айланып бараткандай. Бул мыйзамдуубу?
«АВТОНОМИЯ» ЖЕ БҮТҮНДӨЙ КӨЧӨНҮ ТОСУП АЛЫП...
Шаарыбыздын айрым райондору өзүнчө эле «автономия» болуп кеткен. Андай жерлерде хан сарайлар курулуп, кире беришинде кароолчу кайтарат. Кадимки эле эл жүрүүчү көчөгө дарбаза коюлуп, шлагбаум да орнотуп алышкан. Мындай жерлерге чоочун адам же унаалар кире алышпайт.
Александровский чолок көчөсү. Бул көчөгө оңой менен кире да, чыга да албайсың. Себеби көчөнүн эки тарабынан тең тосуп алышкан.
Шаардын түштүк жагында жайгашкан Ницца шаарчасы. Жаңы салынган ушул сыяктуу шаарчалар аскердик бөлүктөрдөй тосулууда.
Хан сарайлардын алдында жаткырылган тосмолор Союз доорундагы ыкма боюнча бетон куюлуп жасалган.
АҢГЕКТЕН КАЧСАҢ ДӨҢГӨККӨ...
Жолдогу тосмолор – шаар көчөлөрүндөгү маселелердин чети эле. Борборубуздагы адам өтчү көчөлөрүбүз да мышык ыйлачу абалда. Салынып жаткан бүтпөс курулуштар, өзүм билемдик кылып тротуарды тороп алышкандар элге ыңгайсыздык жаратууда.
Шаардын Аламүдүн-1 кичи районунда тротуар менен баратсаң эле автоунаа токтотуучу жайга барып такаласың. Анан айла жок чоң көчөнүн жээги менен басууга туура келет.
Исанов көчөсүндөгү курулуштун ээлери тротуарды каалашынча казып салышкан.
«АРЫЗ ЖАЗСА ГАНА ЧАРА КӨРҮЛӨТ»
Минтип жол белгисин орнотуп алуу, көчөгө жол тосмосун орнотуу же көчөнү тосуп алуу мыйзамдуубу? Андай болсо аларга ким уруксат берген? Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Мектеп, бала бакчанын жанындагы жол тосмолор шаар бийлигинен билдирүү алынып, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамдуу түрдө ишке ашат. Ал эми өзүм билемдик кылып, уруксаты жок салынып алынган жол тосмолор же жолду тороп алган үй ээлерине чара көрүлөт. Булардын үстүнөн даттанып арыз түшкөндө кайсы райондо жайгашкан болсо, аталган райондун башкармалыгы тарабынан каралат.
Бирок, билишибизче, жогорудагы жол тосмолор орнотулганына жана көчөнү жаап алгандарына көп болду. Демек, бирөө жарым даттанып арыз жазбаса, ар ким өз каалаганындай кылып көчөнү тосуп алууга мүмкүн экен да...
Муну менен мыйзам иштебейт деп айтабызбы же акчанын күчү деп түшүнөбүзбү?..
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
тротуардан бери машина коюп алышпай бири бирибизди сыйласак кана.
Оштун азыркы жолучу... Асма копуро бутсо авто тыгын азайса керек деген умут... Жолдун эки тарабы парковка ортодо эки же уч катар машина журо алышат. Ар ким озу билет каерге токтошту. МАИ кызматкерлери аябай азбы же коргондон коркушабы???
Оштогу башаламандыкты Мелис Мырзакматов качаан эле тартипке келтирмек. Мумкун копуро бутойун деп кала беле.
АШАны кет деген оппозиция неге муну корбойт алар элди эмес озун ойлойт да, кана эл эл деп куйумуш болгондор ыя?
баракелде СИ мен ойлогон койгойлордун бирин алып чыгыпсынар, майнап болсо экен
myshka406, СИ дегениң жакты 7 тамга эконом деп кой.
ай кыргызым кыргызым баткен обл чек арасыны тоспойсунарбы анырайтып ачып койбой силерге кудайдын буйругусуз бироо тийишмек беле кудайм буйруса ошо тосмонду талкалапта сени жок кылатко. озунду емес елиндин чек арасын тоссон елин сени тосуп коргомок
azamatsin Адилет Керимбек уулу!
белгилүү бир жерди алып, ал жерге "Ниццадай" шаарчаларды салып айланасын курчап койсо эч нерсе эмес, ал эми Каралаев көчөсү сыяктуу кылып тосуп алгандарга таң калдым. Кайсы акылдуу айтып чыкты болду экен ушундай кылалы деп. Биздин парламентте эмес бекен ушул пикирдин ээси.
эмне болуп кетээр экен кийин? Бир 10 жылдан кийин кочо мн баса деле албаи калабыз го байлар баарын тосуп салса
tavsan, туура айтасыз,байкабай отуп алсан жолунан,алдынан чыкса бул жер платный деп.
Айланайын бок курсак байлар биринчи мамлекеттик чек араны тоскулачы ушинтип эртен сырттан душман келсе тосмонорго камап алып бирден башка чаппасын
азыр баары платный,тушунбойсун.мисалы ош базарынын айланасына машинаны токтото албайсын,токтотуш учун 20 сомдон толойсун.негизи базардын жетекчилиги ойлонуш керек да,базар болгондон кийин озунчо машина токтото турган жайы болуш керек.ал жерден топтолгон акча кимге тушот,аны ким алат,жолдун чекесин ким аркылуу сатып алган,айтор тушунбойсун.
Таанышын болсо танкасын, таанышын болбосо манкасын дегендей карапайым элди ойлопта койбойтко бийлик ээлери менен бул байлар....
Комментарийлерди окуп коруп, кийинки муундун эл жерге болгон мамилеси, патриотизм абдан жогорку денгээлде экенине ыраазы болдум. Ушундан жазбайлы. Кудай буйруп, ошол жумуштарды бутуруу биздин да колдон келип калаар. *чек ара боюнча*
Тобо Бай кедей заманы ушул да.Кудайдан коркбой пендеден корккон замана.
Канчалык тоспо атып кетет !