Акыркы учурда үрөйдү учурган окуялар көп болууда. Бул окуяда жаш жигит өзүнөн 17 жаш улуу аял менен жыныстык катнашта болуп, андан соң аны мууздап салган. Анда окуя башынан болсун.
ЖУУРКАНГА ОРОЛГОН ӨЛҮК
29-мартта Бишкек шаарындагы Герцен жана Төрөкул Айтматов атындагы көчөлөрдүн кесилишинен, Кичи Чүй каналынын жээгинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Изилдөөнүн жыйынтыгында ал мууздалып өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Көп өтпөй маркумдун өздүгү такталып, ал Чынара аттуу Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну болуп чыккан. Суу кеткен сайдан табылган сөөк үстүндө кийимдери жок, жуурканга оролгон абалда болгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында эртеси кылмышка шектүү катары Азат аттуу 20 жаштагы жаран Токмок шаарынан кармалып, ал кылган кылмышын толугу менен моюнуна алды.
«МИЛИЦИЯГА ЧАЛАМ ДЕГЕНИНЕН МУУЗДАП САЛГАМ»
Кылмышка шектелип кармалган АЗАТ адам өмүрүнүн кыйылышына арак себепкер болгонун айтып, төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 28-мартта досум Нуртаазим экөөбүз менин үйүмдө жатканбыз. Эртең мененки саат 7ге жакын эшик тыкылдап калды. Ачсак кошуна жашаган Чынара эже экен. «Сыналгы сатам, аласыңарбы?» деди. Нуртаазим «апама айтып көрөйүнчү» деп, апасына телефон чалды. Анан Нуртаазимдин апасы тез эле келе калып, баалашып, сыналгы үчүн Чынара эжеге 800 сом берди. Ал сыналгыны алып үйүнө, ал эми кошуна эже акчасын алып ал да үйүнө кеткен. Биз кайра жатып алганбыз.
10 мүнөт өткөндөн кийин Чынара эже кайра келди. Колунда бир бөтөлкө арагы бар экен. «Мени менен чогуу ичкиле» деди. Нуртаазим сыртта телефон менен сүйлөшүп турган. Бир бөтөлкөнү, андан соң дагы бир бөтөлкөнү жарымына чейин жайладык. Экөөбүз тең кызуу болуп калдык, бир маалда ал мага асыла баштады. Мен да каршы болгон жокмун, ошентип ортобузда жыныстык катнаш болуп кетти. Аңгыча эле «сен мени оюма койбой күч колдондуң, милицияга чалам, арыз жазам» деп зарядда сайылып турган телефонуна жөнөп калды. Мен телефонуна жеткирбей кармап муунтсам, эсин жоготуп койду. Сыртынан бекитип коюп, эшикке чыктым. Болгон окуяны Нуртаазимге айттым да, экөөбүз Нурбек деген тааныш балага телефон чалдык. Кайра үйгө кирсек тиги аял эсине келип, үй ичинде басып жүрүптүр. Колума бычак алып, анын моюнуна сайгылап мууздап салдым. Кан чачырап, жер булганып жатканда үстүнө жаздыкты коюп койгом. Сыртынан бекитип коюп саат 12лер чамасында Нурбектин иштеген жерине барсак, «кечке чейин жүрө тургула, караңгы кирсин» деп койду.
Биз Чүй жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги интернет клубда күүгүм киргенге чейин ойноп отурдук. Анан мен Айбек деген аскерде бирге кызмат өтөгөн бала менен жолугушууга кеттим. Ага окуя тууралуу айтканым жок. Түнкү саат 12лерде үйгө келдим дагы 3төр чамасында Нурбекке чалдык. Ал келип, эшикке чыгып эки жакты карап турду, Нуртаазим экөөбүз сөөктү жуурканга ороп көтөрүп чыктык да, сууну көздөй алып барып ыргытып жибердик. Кайра үйгө келип, кан болгон төшөк, жерге салган паластарды ороп чыгып, суунун жээгине алып барып өрттөдүк.
«ЫЗЫ-ЧУУ ДЕЛЕ БОЛГОН ЭМЕС»
Окуя болгон үйгө барып, кылмышка шектүү жана маркум бир эле короонун ичинде жашаганын көрдүк. Аларга бөлмөлөрдү батирге берген үй ээси АСЕЛ аттуу айым буларга токтолду:
– Чынара деген аял биздин короодогу бир бөлмөлүү батирде күйөөсү менен жашачу. Таанычу деле эмесмин. Биз үйдө көп болбойбуз. Булар биздин короодон батир алып киришкенине 10 күндүн жүзү да боло элек болчу. Короодогулар аны «ичет болчу» деп айтышты, бирок мен көргөн эмесмин ичкенин. 20-мартта батир акысына 2 миң сом төлөп киришкен. Жанында эшиктеш дагы 2 жигит жашачу. Алар буга чейин тынч эле жүрүшкөн. Кирген-чыккандарын анда-санда гана көргөндүктөн, жүздөрүн анча таанычу эмесмин.
27-мартта биз Көлдөн келдик. Ал жакка жумуштап кеткенибизге бир топ болуп калган. 28-март түнү окуя болсо керек. Бирок батирлердин ортосун дубал эле бөлүп тургандыктан, ызы-чуу бизге угулат болчу. Эч кандай кыйкырык, ызы-чуу уккан эмеспиз. Себеби ал күнү биз үйдө болчубуз. Көп өтпөй эле шектүүнү кармашты деп уктук. Кийин бул жакка окуянын кандай болгонун көрсөтүп бергени келгенде көрдүм ал балдарды.
«МАРКУМДУН КИЙИМДЕРИН АЛГАЧ СЕЛСАЯКТАРДЫКЫ ДЕП ОЙЛОГОМ»
Короодон чыгып, сөөк ыргытылган Кичи Чүй каналынын жээгине бастык. Таштанды, акыр-чикир ташталган суунун жээгинен окуя болгон үйгө чейин кан тамып келгени дайын болду. Ошондой эле шаарды ысык суу менен камсыз кылуучу ири суу түтүктөрдүн бири тешилип, ал жактан ысык суу агып турат экен. Бул аймакта жашаган жашоочулар түтүктүн жыртыгынан агып чыккан ысык сууга кир жууганы суу алышат. Ошол жердин жашоочусу окуя тууралуу кобурай кетти:
«Мен 29-март күнү эртең менен ушул жерге ысык суу алганы келгем. Жерде кийим-кече жатканын көрүп, бирөөлөр керектен чыккан кийимдерди ыргытып салса керек деп ойлоп кетип калгам. Көрсө, ал суудан табылган аялдын кийимдери экен. Көргөндөр «жуурканга оролгон аял жылаңач экен» дешти. Кийин бул жерде жаткан кийимдерди иликтөө иштерине колдонобуз деп алып кетишти. Бул жакка түтүктүн арасына түнөгөнү селсаяктар көп келет. Күн жылып калганы жылуу сууга жуунуп-тазаланышат. Жерде жаткан кийимдерди алгач көргөндө ошолордун чечип, таштап кеткен кийимдери го дегем».
КЫЛМЫШ БОЛГОН ЖЕРГЕ КАН АЛЫП КЕЛГЕН
Бул кылмыш тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди: – Кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Азат аттуу Сокулук районунун тургуну кылмышын моюнуна алды. Ага сөөктү ыргытууга жардамдашкан 2 жаран да кармалган. Азат Бишкек шаарында батирде баш калкалап, бирок эч жерде иштебей эле жүргөн. Ага чейин унаа оңдоочу жайда майда-чүйдө иштерди кылчу экен. Ал эми каза болгон Баткен облусунун тургуну, 37 жаштагы Чынара аттуу аял да эч жерде иштеген эмес. Анын жарандык никедеги күйөөсү окуя болгондон 1 күн мурун теңтуштары менен белгисиз жакка кетип калган экен.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аялдын денеси табылган жерге чейин тамып келген кандын аягы окуя болгон үйгө чейин барып токтогон. Натыйжада кылмыш болгон жер аныкталып, ал жактан кан болгон далил буюмдар табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми аялдын сөөгүн жашырууга жардам берген Нурбек жана Нуртаазим аттуу жарандар да кылмышка катыштыгы бар катары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сурак берип жатышат.
Арак бар жерде ар дайым шайтан аралаш жүрөт эмеспи. Бир жарым бөтөлкө арак кырктын кырына чыга элек аялдын жаны кыйылышына себеп болсо, 20га жаңы толгон жигитти темир тор артына камады.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg