2005-жылы британиялык окумуштуулар жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, xix кылымдан берки адамзат ойлоп тапкан нерселердин ичинен эң мыктысы велосипед деп табылган. Интернет, автоунаа жана башка бардык ойлоп табылгандардын упайлары биригип да велосипеддикине жеткен эмес. Кийинки убактарда велосипед менен жарышуу спорту пайда болгон.
ВЕЛОСИПЕДДИН ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
Велосипедди бир адам ойлоп тапкан деп айтуу кыйын. Себеби анын жаратуучусу жөнүндө көптөгөн божомолдор бар. Түзүлүшүн бирөө тапса, дагы бири дөңгөлөк кошуп отуруп, бара-бара азыр биз билген калыбына келген. Ошентсе да азыркыдай тепкенге ылайыктап жасаган деп франциялык Пьер Лалман айтылат. 19 жаштагы Лалман 1863-жылы велосипедге тебүүчү тээгин (педаль) кошуп, алгачкы велосипедди жасап чыккан. 1866-жылы болсо Америкага көчүп барып, велосипедди патенттеген.
АЛГАЧКЫ ЖАРЫШТАР
Алгачкы велосипед боюнча расмий жарыш 1868-жылы 31-майда Париж шаарынын сейил багында 2 чакырым аралыкта болуп өткөн. Кийинки жылы Париж-Руан маршруту боюнча жарыш болуп, 120 чакырымды жыгачтан жасалган велосипед менен багынтышкан. Анда англиялык Жордан Мур жеңүүчү аталып, 10 саат 45 мүнөттө мара сызыгын кесип өткөн.
ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН КАТАРЫНДА
Велоспорт олимпиадалык программага эркектер арасында 1896-жылы катталса, 1984-жылы айымдар арасындагы жарыштар кирген. Олимпиадада шоссе жарышына катышуучу эркектердин саны 200дөн, ал эми айымдардыкы 60тан ашпайт, трэкте 186 катышуучу жана маунтинбайкингде 50 эркек, 30 айым катышат. Азыркы убакта, веложарыштардын бардык түрүн эске алганда, Олимпиада оюндарында 40тан ашык медалдар ойнотулат.
ЖАРЫШ ТҮРЛӨРҮ
Велосипед спорту өзүнө шоссе, трэк, кросс жана маунтинбайкингди камтыйт. Мындан сырткары велосипед үстүндө топ ойноочу велополо, велобол жана башка түрлөрү бар.
Велокросс – өңгүл-дөңгүл аймактарда атайы ылайыкташтырылган велосипед менен жарышуу. Жарышчылар кооптуу делген жолдорду багынтышып, орточо ылдамдык саатына 20 чакырымды гана түзөт.
Велотрэк – велодромдо же велотрэктерде өткөрүлүүчү веложарыш. Велотрэк жарыштарында 1 чакырымдан 60 чакырымга чейин жарышуу дисциплиналары бар.
Маунтинбайкинг – экстремалдык велоспорт түрү. Тоо-таштарда же экстремалдык жолдордо өткөрүлүүчү жарыштар. Кросс-кантри, слоупстайл жана велосипед моткроссу деп аталган BMX жарыштары өтө популярдуу.
Шоссе веложарышы – белгилүү аралыкка шосселик велосипед аркылуу жарышуу. Бул жарыштар жайкы спорт түрүнө кирип, жарыш сезону жаздан күзгө чейин уланат. Шоссе веложарышы велоспортунун эң белгилүү жана кеңири тараган түрү болуп эсептелинет. Айтылуу көп күндүк «Тур де Франс», «Жиро-д'Италия» жарыштары ушул дисциплинада өткөрүлөт.
ВЕЛОСПОРТ КЫРГЫЗСТАНДА
Кыргызстанда Велоспорт федерациясы 1993-жылы түзүлгөн. Бул федерациянын ошол кезден берки президенти да, машыктыруучусу да Эркен Акрамов болуп келет. Велоспорт тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Велоспорт Кыргызстанда кеңири жайылган эмес. Ал кымбат спорт түрлөрүнө кирет. Себеби шоссе жарышына ылайыкталган велосипеддин өзү эле
15 миң доллар турат. Андан тышкары спорттук шаймандарга, формаларга да акча жумшалат. Ошентсе да өлкөбүздөн чыккан веложарышчыбыз Евгений Ваккер эл аралык деңгээлде көптөгөн ийгиликтерди жаратып келет. Ал Азия чемпиондугунун 4 жолку алтын, 3 жолку күмүш медалчысы жана Азия оюндарынан 5 жолу күмүш медаль тагынган. Учурда Евгений Ваккер Мароккодо эл аралык мелдешке катышып жүрөт. Велоспортту массалык спортко айландырып, спорт мектептеринде, интернаттарда жайылтсак, Ваккердей спортчуларыбыз дагы өсөт эле.
КЫЗЫКТУУ
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg