ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-апрелден 20-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада көп иштер чыгат, баарына жетишүү үчүн иш графигин түзүп алууңуз керек. Шейшемби күнү керектүү маалыматты ала аласыз. Бейшембиде маанисиз иштер үчүн кыжалат болуунун кереги жок. Жума күнү кайсы ишке киришсеңиз да, жыйынтыгы жакшы болот. Апта аягы жакын адамдарыңыз менен убакытты бирге өткөрүүгө ылайыктуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада өз күчүңүзгө ишенсеңиз, ийгилик жылоолойт. Үй-бүлөлүк бюджетти да толуктап аласыз. Айрымдар өздөрүн башка тармакта сынап көрүүгө киришишет. Туура тамактанууга көңүл бурбагандардын өнөкөт оорусу козголушу мүмкүн. Маселелерди чечүүдө үйдөгүлөрдүн кеңешин угуу кажет. Апта аягындагы жолугушуудан жыйынтык чыкпайт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Нерв системин жабыркатып албоо үчүн толук кандуу уйку керек экендигин унутпоо зарыл. Бойдоктор тааныштарынын же кесиптештеринин арасынан сүйүктүүсүн таба алышы мүмкүн. Шейшембиде чыгашага туш болбоюн десеңиз, чала тааныштардын сунушунан баш тартыңыз. Ишембиде үй жана көрктөндүрүү иштери күтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ийгиликтин сыры эмгекчилдикте экенине дагы бир жолу ынанасыз. Анткени жетекчилик кызматтан жогорулатуусу ыктымал. Бойдоктор башкаларга көз артпай, сүйүүгө туруктуу экендигин далилдей алышса гана, сүйүктүүсүнүн колун суроого жетишишет. Апта аягында жакшылыкты белгилөө үчүн досторду үйгө чакырасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Каржылык жактан кыйналып калбоо үчүн акчаны үнөмдөөңүз зарыл. Жаңы тааныштар менен бат тил табышып, чогуу убакыт өткөрүүңүз да мүмкүн. Шаршембиде абайлабасаңыз, бир жериңизди кокустатып аласыз. Жума күнү үйдөгү уруштун алдын алуу үчүн жумшак болуңуз. Ишембиде сүйүктүүңүз кайсы бир жоругуңуз үчүн сизди күнөөлөшү ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Шейшембиде рулдагылар да, жөө жүргүнчүлөр да жол коопсуздугун сактабаса, жагымсыз окуяга кабылуулары ыктымал. Шаршембиде канчалык убараланбаңыз, иштен жыйынтык аз болот. Андыктан убакытты өзүңүзгө жумшаңыз. Ишембиде буга чейин боло элек жерде эс алып, жаңы сезимдер чулгайт. Жекшембиде алыскы туугандар кабар берет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Шейшембиде чыгармачылык эргүү келип, көп нерселерди жасоого жетишесиз. Бейшемби өткөн күндөрдү анализдеп, жаңы пландарды курууга ылайыктуу. Ишембиде баалаган адамыңыздын адилетсиз кылыгына күбө болосуз.Жекшембиде жеке керектөө үчүн техника буюмун сатып алууңуз күтүлүүдө.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта пайдалуу сунуш менен башталат. Аны майда-чүйдөсүнө чейин караштырып көрүү кажет. Шейшембиде ашыкча иштер жүктөлөт, баш тартпаңыз, ал карьера үчүн керек. Бейшембиде досуңуздун айынан жаман абалга кабылууңуз мүмкүн. Ишембиде үйдөгүлөргө сизден материалдык жардам талап кылынат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада кыймылсыз мүлк, курулуш иштери алдыга чыгат. Адистердин кеңешине таянсаңыз жакшы. Дүйшөмбүдө бир маселеден улам укугуңузду коргоого туура келет. Шейшембиде жамааттагылардын биринин жакшылыгын белгилөөгө катышасыз. Жума күнү ойлонулбаган кадамдарга барбоону жылдыздар эскертет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Маанилүү иштерди дүйшөмбү, шейшембиге пландасаңыз, ойдогудай жыйынтыкка жетишесиз. Шаршембиде майда чырлар чыгат, абройду түшүрбөө үчүн өзүңүздү тең салмакта кармаңыз. Жума күнү ишенчээктиктин айынан алданып калбоого тырышыңыз. Жекшембиде бирөөлөрдүн жашоосуна аргасыз аралашып, кеңеш айтууңуз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Келбетке кам көрүп, арыктайм дегендерге ылайыктуу апта. Жумуштагылар менен болгон мамилени көзөмөлдөп, интригадан алыс болуу кажет. Апта ортосунда чеберчилик менен бүлүнгөндөрдү оңдоп-курайсыз. Апта аягында сүйүшкөндөр лидерликке умтулуп, бири-биринин көңүлүн калтырууга жетпөөлөрү зарыл.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада керектүү буюмду кымбат эмес баада сатып алып, акчаңыз үнөмдөлөт. Жетекчиликтин көрсөтмөсү менен дем алыш күнү да иштешиңиз ыктымал. Шейшембиде каржылык маселелериңиз чечилет. Шаршембиде сизди абройлуу адамдардын чөйрөсү күтөт . Ишембиде достордун бири сизди сатып жиберип, ушакка илинүүңүз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан