– Саламатсыздарбы? Менин аянты 30 сотых болгон дачам бар. Ал ар бири 15 сотыхтан бөлүнгөн 2 чарбактан турат. Анын бирин өзүбүз колдонобуз, ал эми экинчиси бош. Ошондуктан аны документ түрүндө экиге бөлүп, анан сатып жиберсек дегенбиз. Кайда, кимге кайрылып, эмне документ топтойбуз?
Эльдар, 34 жашта, Бишкек.
– Эльдар, сиз паспортуңузду жана жер менчигине ээ экениңизди далилдөөчү документти (дачанын кызыл китеби) алып, Бишкек шаардык каттоо кызматына кайрылыңыз. Ал документтер менен сиз мыйзам боюнча жер тилкесин 2ге бөлүп, ар бирине өзүнчө кызыл китеп ала аласыз. Ошондо колдонулбаган бөлүктү сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«КОҢШУНУН ЧЕГИНЕН КАНЧА АРАЛЫКТА ҮЙ ТУРГУЗА АЛАМ?»
– Биз дачабызга убактылуу жашоочу үй кургубуз келет. Коңшулар үйүн мындан 5 жыл мурун эле тургузуп коюшкан. Мени кызыктырган суроо: алардын жер тилкесинен канча метр алыстыкта үй кура алам?
Айбек, 32 жашта, Бишкек.
– Алгач дачадагы коңшу үйлөр канча аралыкта салыныш керектигин карап көрөлү. Тиричилик-санитардык шартта коңшу жер тилкедеги салынган турак үй менен сиз сала турган имараттын ортосундагы аралык 6 метрден кем болбошу кажет. Ал эми коңшунун чегинен сиз 3 метр аралыкта имарат тургуза аласыз.
«ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАП БАТИР САТЫП АЛСАК КОРКУНУЧУ ЖОКПУ?»
– Биз жарандык никеде жашайбыз. Учурда ипотекага батир алганы жатабыз, аны жигитиме каттатууну ойлоодобуз. Анткени анын айлыгы көбүрөөк. Биз алдын ала нике келишимин түзүп, келишимде кийин кокус ажырашып кетсек, батирди тең бөлүүнү белгилегени жатабыз. Бул мага кепилдик болуп бере алабы же башка пункттарды да кошуу керекпи?
Афина, 28 жашта, Ош.
– Эгерде мыйзам боюнча никеге турбасаңыздар жана нике күбөлүгүңүздөр жок болсо, анда кийин ортодогу мүлктү тең экиге бөлүүгө мүмкүн эмес. Анткени Үй-бүлө кодексинде мыйзамдуу түрдө никелешкен жарандардын гана укугу көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, ипотекага батир алганыңыздардан соң жолдошуңузга каттатып койсоңуз, кийин ал ортодогу мүлк деп эсептелбейт. Үй-бүлө кодексинин 44-беренесинде көрсөтүлгөндөй, сиздер түзгөн нике келишими мыйзамдуу түрдө никеге туруп, каттоодон өтсөңүздөр гана күчүнө кирет. Андыктан батирди сатып ала электен мурун никеге туруп, катталууңуздар кажет.
«АСМА ЧЫРАК ҮЧҮН ЭЛЕКТРИКТЕН АКЧАНЫ КАНТИП ӨНДҮРӨБҮЗ?»
– Биз жакында дүкөндөн пульт менен иштөөчү кымбат асма чырак (люстра) сатып алганбыз. Аны аларда текшертсек, күйүп жаткан. Биз аны үйгө алып келип, орнотуу үчүн электрик жалдадык. Бирок ал орноткондон кийин асма чырак күйбөй калды. Биз ага зыяндын ордун толуктоо боюнча шарт койдук. Бирок ал «асма чырак мурун эле жараксыз болчу» деп төлөөдөн баш тартты. Асма чыракты кайра дүкөнгө алып барып текшертсек, «токко туура эмес туташтыргандан бузулуп, күйбөй калган. Оңдосо күйөт» дешти. Эми эмне кылып электриктен зыяндын ордун төлөттүрө алабыз?
Жамал, 39 жашта, Бишкек.
– Эгер электрик оозеки эскерткениңиздер боюнча чыгымды төлөбөсө, анда анын үстүнөн сотко арыз жазыңыздар. Арызда келтирилген чыгымдын өлчөмү же асма чырактын баасы жазылып, ошол сумманы төлөтүп алуу жагы белгилениши кажет. Соттук териштирүүдө сиздерге асма чырак электриктин күнөөсү менен иштен чыгып калгандыгын аныктап берүүчү адис керек болот. Асма чырак алган дүкөндөн да буюм электриктин күнөөсүнөн зыян тартканын баяндаган документ керектелет.
«КОҢШУБУЗ ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙТ»
– Мен көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында жашайм. Коңшубуздукуна туугандары, тааныштары келип-кете берип, бизге тынчтык беришпейт. Бир күнү түн ортосуна чейин кече уюштуруп, шарактап, ырдап-бийлешсе, бир күнү урушушат дегендей. Аларды кантип тартипке чакыра алабыз?
Адилет, 35 жашта, Жалал-Абад.
– Коңшуңуздун үйүнө туугандары менен тааныштарынын келип-кетүүсү мыйзам бузууга жатпайт. Коңшуңуздан тынчтык берүүнү суранып, эгер кайталанса милицияга кайрыла турганыңыздарды эскертип коюңуздар. Эгерде ага болбой коомдук тартипти бузса, ички иштер органдарына кайрылыңыз (102ге чалыңыз).
Суроолорго Бишкектеги «Адвокат Р. Шайбековдун кеңсеси» компаниясынын жетекчиси, адвокат РУСЛАН ШАЙБЕКОВ жооп берет.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg