– 2012-жылы Москвага Кыргызстандын атынан үч кыз фестивалга катышып, бир топ убакыт жүрүп калдык. Ал кезде студент болчумун, ашыкча акча деле жок. Көп ары-бери басабыз деп метродо жүрүп үчөөбүз бирден карточка сатып алдык. Сынак белгиленген күнү үчөөбүз жөнөп калдык. Метрого жеткенде эле карасак бирөөбүздүн да карточкабыз жок. Концерт болсо башталайын деп калган. Шашып жатабыз, сатып алалы десек, жаныбызда ашыкча акча жок. Аргасыздан үйгө катып чыккан акчаны тааныштардан алдырып, кайра жаңы карточка сатып алганбыз. Кийин гана күйүп-бышып метрого түшкөндө баштыгымды чукулап отуруп үчөөбүздүн тең карточкабызды таап алып жатпаймынбы! Ошол окуяны дагы деле эстеген сайын күлө беребиз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg