КИКБОКС БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИЛИГИ АЯКТАДЫ

6-апрелде Бишкек шаарында кикбокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү. Ага 16 клубдан 100дөн ашуун спортчу катышып, байгеге 12 комплект медаль ойнотулду.
Мелдештин жыйынтыгында кикбоксчулар Бакир Ерса (48 килограмм салмакта), Бексултан Туратбек уулу (51 кг), Уланбек Касымбеков (54 кг), Авазбек Аманбеков (57 кг), Бектурсун Махмуд уулу (60 кг), Икбол Фазилжан уулу (63 кг), Элдос Сыргабаев (67 кг), Евгений Проданцов (71 кг), Ринат Галмундинов (75 кг), Абдыкадыр Козуев (81 кг), Таласбек Нуралиев (91 кг), Куан Абдыраимов (91 кг) өз салмактарында жеңүүчү аталышты.

 

 

 

 

АЗАТ УСЕНАЛИЕВ УТТУ, БИРОК «АТАМАНДАР» ЖЕҢИЛДИ
4-апрелде өткөн Украинанын Донецк шаарында Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын чейрек финалында «Украина атамандары» менен Орусия курама командасынын ортосунда жооптук беттеш болуп өттү. 52 килограмм салмакта рингге чыккан мекендешибиз Азат Усеналиев 5 раунддук беттеште атаандашы Бахтовар Назировду упай менен утуп алды.
Бирок жалпы беттеш 4:1 эсебинде орусиялыктардын жеңиши менен аяктап, «Украина атамандары» жарым финалга чыга алган жок. Азат Усеналиев «Украина атамандарынын» курамында жалгыз жеңүүчү болгонун баса белгилеп кетпесек болбос.


ОШ ШААРЫНДА ФУТБОЛ АКАДЕМИЯСЫ КУРУЛАТ
Ош шаарында 5 футболдук талаа курулуп, балдар үчүн 60 орундуу футбол академиясы ачылат. ФИФА менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып, алар футбол талааларын (2 чоң жана 3 кичи талаа) жана академияны курууга каражат бөлүп берет. Келечектеги футбол академиясы Токтогул эс алуу багынын аймагына курулуп, ушул жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи.

 

 

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
furkat.0097
2014-04-14 11:56:42
Азаматсынар. Крассавчики.
0
ernis_07
2014-04-14 13:40:24
Ото жакшы саамалык азаматсынар бизде таланттуу жаштар коп
0
Maksat94
2014-04-14 21:53:02
тушунбодум Токтогул районуна курулабы
0
Mechtatelnisa
2014-04-15 13:00:45
Жакшы эми курулуп калса курулат деп эле курулумуш бойдон калып кеткенден сактасын да.
0
beka_95
2014-04-19 12:47:54
Урматтуу супер инфо келеерки сандардын бирине
Спорт рубрикасына мен ен баалаган спортчу Марокколук
Бадр Хари тууралуу маалымат беруунуздорду суранат елем
0
admin_media
2014-04-21 12:36:08
beka_95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз. Рахмат!
0
barsbekhan
2014-04-26 03:35:35
beka_95, мен да сага кошулам. Бадр Хари эн мыкты жана эн эрктуу спортчу!
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан