ИЗДЕЙМ СЕНИ

«КУРМАНБЕКТИ ИЗДЕЙМ»
– Жапалак айылынын тургуну Курманбекти издейм. Ал 2009-жылы кошунам Бак­тыгүл деген кыз менен сүйлөшүп жүр­гөн. Бирок Бактыгүлдү кийин ата-энеси башка бирөөгө турмушка берип жиберип, ошол бойдон байланыш үзүлгөн. 2011-жылы Бактыгүл оорунун айынан каза болду. Ооруп жүргөндө мага келип «Курманбекти сөзсүз таап берип кой» деп кат берген болчу. Ошол кат эмдигиче менде жүрөт. Акыркы күндөрү Бактыгүл түшүмө кирип ыйлачу болду. Курман, эгер окуп калсаң байланышып кой!

Ноокаттан Акболуш Кулматов
0771 26 31 67

«КАЙДАСЫҢАР ГРУППАЛАШТАР?»
– Ош шаарындагы мурунку ОГПИнин филология факультетин 1984-жылы аяктаган «Ж» жана «З» группаларынын бү­түрүүчүлөрүн издейм. Старос­таларыбыз Элчиев жана Кутубалиев деген жигиттер болчу. 30 жылдан бери көрүшө элек экенбиз. Окуп калсаңар байланышкыла!

Жумагүл 0779 46 18 93

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан