– Жакында эле болгон «Тамашоунун» жарым финалындагы оюнда сахнага чыгып, «Ассалому алейкум, менин кесибимди өзгөртүп коюңуздарчы» деп айтышым керек болчу. Сахнага ойлонбой эле чыгып алган экем. Эмне деп айтат элем деп сөзүмдү унутуп калсам болобу. Кадырдын жанында «аа-аа» деп турам, улам кашымды серпип ага белги берип коём. Адатта, адашып калсам Кадыр «ушундай, ээ?» деп сөзүмдү эстетип койчу эле. Бул жолу ал да кашайып унчукпай турат. Эптеп бир нерсени ойлоп таап, абалдан чыгып кеттик. Кийин Кадыр айтып жатпайбы «сизге белги берейин десем, калыстар тобу менен Эрмек байке мени карап турушкан экен. Аларды көрүп мен да эстей албай калдым» деп.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg