– 2012-жылдары «Жоролор» тобу менен Орусияга гастролго чыкканбыз. Орусияга барат десе эле ушул экен деп бир Минивенди айдатып жөнөп кетиптирбиз. Казакстандын бажыканасынан өтүп, Орусияга киргенде бензинибиз түгөнө баштады. Же акчабыз жок, курсак ач. Машина автомат болчу, накат менен Свердловский шаарына чейин кирип бардык. Рулда менмин. Ылдый шаар экен, токойду аралап баратканда айдоочу рулга мен отурайын деп калды. Токтотсок жүрбөй калат да, ошого жүрүп бараткан жеринен алмаштык. Ошентип эптеп Екатеринбургга жетип, өйдөгө көтөрүлгөндө машина өчүп калды. Же тосуп алчу кишилерге чалайын десек сим-карталарыбыз жок. Айтор, ошондон кийин «Орусияны желкемдин чуңкуру көрсүн» деп калгам.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg