«Бир гектар жерди канча сомго айдап жатасың? Отун, сууну ташып койдуңбу?» Ушундай сөздөр элет жеринде көп жаңырат. Бул сапар Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караган, 40 жылдан бери аталышы жок келаткан айылга барып келдик. Эл оозунда ал Кашка-Терек деп айтылат.
ЫЛАЙ СУУГА МАҢДАЙЫ ЖАРЫЛА КУБАНЫШАТ
Айыл Өзгөн шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кашка-Терек делгени менен, документте жазылган аталышы жок. Карапайым эл «Бул маселени көтөрүп бир канча жолу акимчиликтин эшигин каккыладык, бирок жыйынтык болбой жатат. Айта берип, бара берип тажадык» дейт. «Мындан башка да көйгөйлөрүбүз көп» дешкенинен өзүбүз барып көрүүнү туура көрдүк.
Айылга киргенде эле ар бир үйдүн астында узунунан жип тартылып, кийимдер жайылып турганына күбө болдум. Сурасам «кечээ жамгыр жаады, баарыбыз кубанып кирлерибизди жууп алдык» дешти. «Бүгүн, Кудай жалгап, арыкка да суу келип калыптыр» деп жүздөрү жарык. Ал сөздү угуп мен да кубанганымдан арыкты барып карасам капкара ылай суу агып жатыптыр. Таңыркаган көз менен элди карасам, «бизге ушул суунун келгени да чоң кубаныч» дешти.
«АККАН СУУДА АРАМ ЖОК ДЕП ИЧЕ БЕРЕБИЗ»
АБДИСАЛАМ ЮСУПОВ, айыл тургуну:– Быйыл ушинтип булганган болсо да суу келип калды. Мындан мурунку 3 жыл такыр келбей калган эле. Анан айылдагы жаштарыбыздын баары иштегени чет жактарга кете башташты. Май айынан баштап такыр суу келбей калат. Бизден жогорку айылдар шалы эгишет, анын палдарына толтуруп алыш үчүн ар бир үй-бүлө сууну тосуп алышат. Андайда 5-6 чакырымдан суу ташуу башталат. Каналга келип жаткан бул суу дарыядан бурулуп, бир канча айыл аралап, Өзгөн шаарынын ичи менен эң акыры бизге келет. Каналды карасаң толтура таштанды. Көрүп калсак таштатпай алып коёбуз, көрбөгөнүбүздү «Аккан сууда арам жок» деп иче беребиз.
Бизден төмөнүрөөктө Кемпир-Абад суу сактагычы орун алган. Жери Кыргызстанга караганы менен, сууну Өзбекстан иштетет. Суу сактагычтын ордунда мурун биздин Кашка-Терек деген 300гө жакын түтүнү бар айылыбыз бар эле. Биз ошол жактан көчүрүлгөнбүз. Жерди 1975-жылдары Өзбекстанга 1990-жылга чейин ижарага деп берген. Андан бери канча убакыт өттү, дагы эле алардын пайдасына иштеп жатат. 40 жылдан бери айылыбыздын статусу жок жашап келе жатабыз. Документ жагына келгенде менде башка айылдын аталышы, балдарымдын ар биринин документинде ар башка айылдар жазылып калган. Шайлоо учурунда да ушунун айынан бир топ кыйынчылык жаралат. Күйпөлөктөгөн чоңдор шайлоо учурунда каттап калышпаса эле, башка учурда бир жолу кабар алып коюшпайт.
«МЕКТЕПТИН АЖАТКАНАСЫ ЖОК»
Эскилиги жетип калган, 426 окуучусу, 34 мугалими, 16 классы бар Капар Кулматов атындагы №56-орто мектепке көңүлүм түштү. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элегине көп убакыт болгон, 11-классты аяктап кетип жаткан окуучулар мугалимдерине белек бербестен, мектебиндеги өздөрүнө тийиштүү болгон классты оңдоп-түзөп берип кетишет экен.
ТОЛГОНАЙ АКМАТОВА, жогоруда аталган орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:– Мектебибиздин эскилиги жетип калды. Ага карабастан иштеп жүрөбүз. Эң негизги маселебиз – ажаткананын жоктугу. Эл аралык уюмдарга долбоор жазып өзүбүз курдуруп алалы десек, долбоорубуз айылыбыздын статусу жоктугунан өтпөй калды. Долбоорлордун негизинде бир гана ажаткана эмес, бир канча социалдык багыттагы иштерди жүзөгө ашыралы дейбиз, бирок жогоруда айткан айыл статусунун жоктугу тоскоол болот. Кир суу ичкендиктен окуучуларыбыз сарык, ревматизм ооруларына көп чалдыгышат. Каны каткан балдар жерге жата калып, оозу менен ылай көлчүктөн суу ичип жатканын көрүп зээниң кейийт.
«ЭГИН ЭГИП ЖЕ МАЛ КАРАП КЫЙРАТА АЛБАЙБЫЗ»
Айылга бара жаткан жол да жаман. Шаар менен айылга каттап турган атайын транспорт жок. Такси менен барып келишет. Ар бир таксинин артында 2-3 фляга болот экен. Бир кишинин акчасын төлөгөн адамга бир фляга сууну Өзгөн шаарынан алып келип беришет.
ЭГЕМБЕРДИ ЭРБАЛТАЕВ, айыл тургуну:– Жол азабынан тажап бүттүк, бардыгы оюлуп кеткен. Аларды шагыл менен жамап коюшат, шагылы үч айга жетпей чачылып жок болот. Кара топурак болгондуктан жаан жааганда баса албай, жол ылай-баткакка батат. Кыштын күнүндө жолубуз бир унаалык болуп калат. Ары кетип жаткан унаага каршы унаа келип калса же ары кете албай, же бери келе албай туруп калабыз. Малыбызды өзүбүз саап ичкибиз келет, бирок аны караганга жайытыбыз жок. Мал карап кыйратып тиричилик кылбайбыз же эгин эгип кыйрата албайбыз.
«Кыргызстан – сууга бай өлкө» деп мактанабыз. Көп айылдарды кыдырып, «таза суу өлкөбүздүн жалпы көйгөйү экен» деген жыйынтыкка келдим. Карапайым калк таза сууга зар какшап отурганда жогорудагыдай мактануудан уялат экенсиң. Бар нерсени элге пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп бере албагандан кийин мактангандан эмне пайда?
Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе,
0312 32 30 37 телефон номерине чалыңыз же koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg