КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТӨҢКӨРҮШ ЖАСАЙБЫЗ!
Айланабызда ар түрдүү кызматтарга болгон төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдар, банктар, алардын бөлүмдөрүн көп эле жерден кезиктирсек да, алар жетишсиз болуп, айрымдары ылайыксыз болгон учурлар кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдарга тиричилик кызматтары, телекөрсөтүү, электр энергиясы жана башка көптөгөн кызматтарга төлөнүүчү каражатты төлөө үчүн бир топ убарачылык тартып же узун кезек күтүүгө туура келет. Мындай учурда сөзсүз түрдө «Ушул нерсени жеңилдетип, тез арада ыңгайлуу жана оңой жол менен төлөө мүмкүнчүлүгү барбы?» деген суроо туулат. Биздин жооп: «Албетте, бар! Бул – ЭЛСОМ!»
«ЭЛСОМ» ДЕГЕН ЭМНЕ?
«ЭЛСОМ» – «Кыргыз инвестициялык кредит банкы» ЖАКсы (KICB) тарабынан чыгарылган электрондук капчык. Бул электрондук капчык менен сиз өзүңүзгө ыңгайлуу мезгилде каалаган кызмат үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзө аласыз.
«Кыргыз инвестициялык кредит банкы» ЖАКсынын башкармалыгынын мүчөсү Талант Өмүралиев «ЭЛСОМ» тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– «ЭЛСОМ» долбоору тууралуу ой 2010-жылы эле жаралган. Долбоордун негизги максаты – финансылык кызматтарды Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарына жеткирип, элге ылайыктуу жол менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө шарт түзүп берүү. Калктын 80 пайызы үчүн азыркы мезгилде бул кызматтар жеткиликтүү эмес, ошол эле учурда калктын 100 пайызы уюлдук телефон колдонот. Ошентип, уюлдук телефондор аркылуу калктын калың катмарына финансылык кызматтарды көрсөтөбүз деген ой менен «ЭЛСОМ» долбоору жаралды.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн банк бул жааттагы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды эске алган. Долбоорду даярдоодо жана иштеп чыгууда Германиянын мамлекеттик банкынын (KFW) жана Эл аралык финансы корпорациясынын дасыккан эл аралык кеңешчилери катышышты.
«ЭЛСОМДУН» МААНИСИ КАНДАЙ?
– Улуттук валютабыз сом болгондуктан, ал продуктунун аталышынын негизин түздү. Ошол эле убакта ал виртуалдуу, накталай эмес валюта болгондуктан, «эл» сөзү «электрондук» деген сөздөн келип чыккан. Жыйынтыктап алганда, ал «электрондук сом» же, кыскартып айтканда, «ЭЛСОМ» деп айтылат. Ошол эле учурда «эл» сөзү менен «ЭЛСОМ» элдик акча болуп саналат. Бул долбоор бүтүндөй Кыргызстандын кайсы аймагы болбосун бардыгына тең бирдей, заманбап мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.
БИЗ ЭМНЕ АЛАБЫЗ?
– Артыкчылыктардын арасынан биринчи кезекте «ЭЛСОМдун» жеткиликтүүлүгүн белгилөө кажет. Кызмат менен күнү-түнү каалаган убактыңызда пайдалансаңыз болот. Экинчи кезекте пайдалануунун жөнөкөйлүгүн, тагыраак айтканда, эч кайда барбастан эле кызматтарды төлөсөңүз болот. Болгону, колуңузда уюлдук телефон болуп, керектүү төлөмдү жүргүзүшүңүз керек. Үчүнчүдөн, капчыктын төлөм кызматтарынын баасы дээрлик акысыз. Акырында, электрондук капчыкты пайдалануу үчүн уюлдук телефондон интернетке же Wi-Fi`га чыгуу зарылчылыгы жок. Анткени бардык операциялар *900# номерин терүү аркылуу жүргүзүлөт.
«ЭЛСОМ» бул – банктын төлөм картасы сыяктуу эле, болгону виртуалдуу түрдө. Ал пайдаланылган кызмат үчүн төлөмдөрдү, Кыргызстан ичинде бир адамдан башка адамга, ошондой эле Орусиянын шаарларынан жана калктуу конуштарынан Кыргызстанга акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда мындай операцияларды аткаруу үчүн адам банкка келүүсү тийиш эле. Бирок «ЭЛСОМ» менен банкка барбай туруп эле, капчыкты төлөм терминалынан (KICB, QIWI, Мобильник) толтуруп, аны банктагы акчалай эсебиңизге которсоңуз жана өз акчаңызды банкоматтан алсаңыз болот.
«ЭЛСОМДУ» КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?
– Бардыгы жөпжөнөкөй. Болгону өз телефонуңуздан *900# буйругун терүү менен чакырык жасоо керек. Андан соң:
1. Тилди тандоо
2. Каттоодон өтүү үчүн 1ди басуу керек
3. Талап кылган маалыматты киргизүү:
3.1. Атыңыз
3.2. Атаңыздын аты (фамилия, латын тамгасы менен жазуу керек)
3.3. ИНН (паспорттогу 14 белгиден турган сан)
Катталганыңызды (1 баскычын басуу) тастыктоо менен сиз «ЭЛСОМдун» www.elsom.kg. дарегиндеги сайтына жайгашкан коомдук офертанын (сунуш) шарттары менен макулдашасыз.
Каттоодон ийгиликтүү өткөн соң сиз бир жолку ПИН-коддуу СМС-ырастоону аласыз.
Коопсуздук максатында «ЭЛСОМ» менюсуна биринчи киргенде эле *900# терип, капчыктын негизги менюсунда «Баланс/Орнотуулар» пункту аркылуу ПИН-кодуңузду алмаштырышыңыз керек.
ПИН-код кайталанбаган 4 сандан туруш керек. Мисалы, 1244, 2101, 2525 – МҮМКҮН ЭМЕС; 1307, 1234, 2568 – МҮМКҮН.
Көз боёмочулукка жол бербеш үчүн төмөнкүлөр керек:
Өз ПИН-кодуңузду жашыруун сактап, операция жүргүзүп жатканда да телефондун экраны сизден башка эч кимге көрүнбөшүнө ынаныңыз.
ПИН-кодду ар бир үч айда алмаштырып туруңуз.
Ошентип, биз «ЭЛСОМдон» күткөн нерсе бул– ыңгайлуу, ылдам жана ишенимдүү болгон электрондук капчык! Колдонуп баштоо жана ал сизге канчалык ыңгайлуу экенине баа берүү гана калды.
«ЭЛСОМдун» колдоо кызматынын телефону: (+996 312) 986 000
Нэлля Джаманбаева