Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланып келгенден тартып эле «шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө жетишүү керек, ал үчүн калкты биометрикалык паспорттор менен камсыздоо зарыл» деген ойду айтып келет. Эмдиги жылы парламенттик шайлоо өтөт, бирок биометрикалык паспорттор даяр боло элек. Атайын чип орнотулган бул документтер менен добуш берүү электрондук түргө өтүп, шайлоо учурундагы «каруселдер», жыйынтыкты бурмалап коюу, дүңүнөн бюллетендерди урнага таштап жиберүү сыяктуу мыйзам бузуулар тыйылмак.
ПРЕЗИДЕНТ КАБАРСЫЗ КАЛГАНБЫ?
«Биометрикалык паспортторду киргизүү 2017-жылга калтырылып жатканын угуп таң калдым. Мен муну азыр эле уктум»,- деди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-апрелде болуп өткөн кезектеги Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешмеде. Жыйында 2015-жылда өтүүчү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык иштери талкууга алынды. Биометрикалык паспорт кадимки биз көтөрүп жүргөн паспорттордон ага атайын микросхема орнотулгандыгы менен айырмаланат. Анын ичинде документ ээсинин маалыматы, сүрөтү, көз кареги, бармак изи болот. Биометрикалык паспортторду пайдаланууга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү өтүшкөн. Бул документ Кыргызстан үчүн таза шайлоо өткөрүүдө өтө маанилүү тепкич болгону турат.
«Бюджет тартыш болуп турган шартта Кыргызстан калкынын (ред. 4 миллионго жакын жаран добуш берүү укугуна ээ) биометрикалык маалыматын топтоо мүмкүн эмес»,- деди биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Бирок мамлекет башчы: «Кыргызстандын аймагынан эки эсе чоң Монголияда биометрикалык паспорттор жарым жылдын ичинде берилип бүткөн. Дагы бир жарым жыл бар. Бул аралыкта
250 миллион сом табуу керек жана өз убагында биометрикалык паспортторду колдонууга киргизишибиз шарт. Президент катары ишти азыр баштоону талап кылам»,- деди.
БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
«Мамлекеттик каттоо кызматындагы системдик коррупциянын айынан калктын каттоосун түзүп чыгуу жана аны автоматташтыруу боюнча долбоор натыйжа бербей жатат»,- деди биринчи вице-премьер Т.Сарпашев. Бул сөздүн жүйөсү бар. Алсак, «Ар-намыс» фракциясынын «ээлигиндеги» бул Мамлекеттик каттоо кызматынын тегерегиндеги ызы-чуулар дайыма коомчулуктун көңүл борборунда. «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов паспорт берип келген «Интел Линкс» компаниясынын таламын талашып, кызыкчылыгын коргогондугу үчүн сынга кабылып жүрөт. Дегеле документти даярдоо иштеринин тегерегинде чоң акчалар орун алганы үчүн чоң чырды жаратканы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Атүгүл «Ар-намыс» фракциясында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысын дайындоо соодалашууга айланып кеткени айтылды. Анын төрагалыгына соңку ирет Аскаралы Төрөбаевдин талапкерлигине келип токтолушканда коалиция ыдырап кетип, өткөн аптанын соңунда бул кызматка Алина Шаикова дайындалды.
Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылып: «Шайлоо адилеттүү өтпөй турган болсо, анда силер эл душманы болосуңар. Жарандарыбыздын шайлоону чочулоо менен күтүшүн жана кимдир бирөөнүн тосмодон ашып түшүүсүн каалабайбыз»,- деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg