Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин бошотулуу фактысы боюнча кылмыш иши кайра жанданганын билдирди. «Бул маселени парламент былтыр май айында караган. Июлда биз анын бошотулуу фактысы боюнча иш козгогонбуз. Көптөгөн врачтар «Батукаев чындап эле оорукчан болсо, ушул убакытка чейин жашамак эмес» дешүүдө. Апрель айында тергөөнүн жыйынтыгына таянып, кийин ачыкка чыккан жагдайларды негиз кылып кылмыш ишин жандандырдык»,- деп билдирди А.Салянова. Эске салсак, А.Батукаев былтыркы жылы 9-апрелде Нарын райондук сотунун чечими менен «курч лейкоз» деген диагноздун негизинде мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгып, ошол эле күнү Кыргызстандан учуп кеткен. Дагы бир резонанстуу ишке токтолгон башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктаганын, бирок А.Келдибеков өзүнө тагылган айыпты угуудан баш тартып жатканын айтты. «Тергөө бүткөндөн кийин күнөөлөнүп жаткан адамга айыбы угузулат, аны айыпталуучу сөзсүз угушу шарт. Андан кийин ал кылмыш айыбы менен тааныштым деп кол коюп, иш сотко жиберилет. Айыпталуучунун кол коюшу тагылган айыптарга макулдугун билдирбейт. Келдибеков бизге мындай мүмкүнчүлүк бербей жатат, көптөн бери айыбын угуудан баш тартууда»,- деди А.Салянова.
Эльвира Караева
politika@super.kg