Өткөн жумада Баткен облусунун Зардалы айылынын четинде жарылуучу зат жарылып, 2 баланын өмүрүн алып кетти. Дагы 5 бала жаракат алып, учурда ооруканада.
БАТКЕН СОГУШУНАН 15 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ КАРГАШАЛУУ ОКУЯ
17-апрель күнү Баткен облусунун Зардалы айылына жакын жерде жарылуучу зат жарылган. Маалыматтарга караганда, 5тен 13 жашка чейинки 7 бала ойноп жүрүп белгисиз темир таап алып, таш менен ургулашканда жарылуу болгон. Жарылуунун кесепетинен 2 бала каза болсо, дагы 4 бала жаракат алган. Андан соң дагы бир бала жаракат алганы билинип, ал да ооруканага жеткирилген. Азырынча жарылган зат граната, мина же башка нерсе экендиги так аныктала элек.
Ажал алып келген бул жарылуучу зат 1999-2000-жылдары өлкөбүзгө мыйзамсыз куралдуу топтор кирип, алар менен салгылашуу жүргөн Баткен аймагында калып калышы мүмкүн экени болжолдонууда. Баткен ОИИББинин тергөө тобу бул аймакка кароо жүргүзүп жүрүп, Алтын-Жылга аймагынан дагы бир снаряд табышты. Баткен коогалаңынан кийин аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүп, 2001-жылдан бери чек арачылар Баткен облусунун аймагынан 10 даана атуучу курал, 15 мина, 11 граната, РПГ үлгүсүндөгү 3 гранатомёт, 7 «ФАБ-90» авиабомбасын, миңден ашык ок жана жарылуучу заттарды табышкан.
ЖАРАДАР БАЛДАРДЫ ЖӨӨ КӨТӨРҮП КЕЛИШКЕН
Баткен районунун алыскы тоо койнундагы Зардалы айылында мектеп ачылганы менен жарык жок, андыктан сыналгы, радио дегенди колдоно алышпайт. Балдардын оюнчуктары жок болгондуктан, алар чүкө, жаа атмай, жылгаяк тебүү, жашынмак сыяктуу оюндарды ойношуп, таш, кумдан оюнчук жасап алышат. Айыл элинин айтымында, ошол каргашалуу күнү да 7 бала ойноп жүрүп дат баскан темир таап алышкан. Коргошун болсо эритип чүкөгө куябыз деп ойлошуп, таш менен урганда эле жарылып кеткен. Айылда медпункт жок болгондуктан, жакынкы Коргон заставасына кабар берилет. Заставанын фельдшери да эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен экен. Чек арачылар келип, жергиликтүү тургундар менен биргеликте «Дангинин жолу» деп аталган аска бойлой кеткен жалгыз аяк жол аркылуу жөө жарадар балдарды көтөрүп автоунаа каттамы бар Кызыл-Ташка жеткиришкенче 5 саатка жакын убакыт өтүп кеткен. Жарадар балдар 5 саат бою көп кан жоготконун айтпаса да түшүнүктүү.
Жараат алган балдардын бири Топчубай уулу Санжар Ош облустук балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
АБДИСАМИН АНАРБАЕВ, Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери:
– Санжар бизге аябай оор абалда келди. Сол көзүнө, башына, денесине жарылган заттын бытырандылары кирген. Операция жасап, денесине, көзүнө кирген майда бытырандыларды алдык. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы бир аз жакшы болуп калды. Бирок сол көзү калыбына келип, көрүп кетет деп айта албайбыз.
«КОЛУМ КАРЫШЫП КАЛЫПТЫР»
ЖОЛДОШБАЙ МИҢБАЕВ, жаракат алган Алмазбектин атасы:
– Талаадан катуу чарчап келип, үйдө уктап жаткан элем. Бир убакта балдарды көтөрүп келип калышты. Каптан зембил жасап, унаа жүргөн Кызыл-Таш айылына чейин көтөрүп жөнөдүк. Өзүмдү жоготуп койгон экенмин, уктаганда жамынып жаткан көрпөнү жамынган боюнча кетип калганымды кийин гана билдим. Зембилди эч кимге бербей 4 чакырымга чейин өзүм көтөрүп барыптырмын, ошого колдорум карышып калыптыр. Жарылуучу заттын бытырандысы уулумдун ээгин, табарсыгын тешип өтүп, жыныс мүчөсүнүн учун да жулуп кетиптир.
«БИР ЭМЕС, ЭКИ УУЛУМ КАРГАШАГА КАБЫЛДЫ»
Бир уулунан (Нойгутбек) ажырап, жаракат алган экинчи уулу Түгөлбайды Баткен облустук ооруканасында карап жаткан КАСЫМАЛЫ КАЛАМБЕКОВ окуя тууралуу айтып жатып өзүн коёрго жер таппай, энтигип тез-тез тамеки тартып жатты.
– Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлерине ыраазыбыз. Бирок балдардын денесинде дале алына элек бытырандылар көп. Ошондуктан аларды Бишкектеги ооруканага жиберсе жакшы болмок.
Мен өзүм Баткен согушунун катышуучусумун. Зардалыда башталгыч мектеп курулганда жубайым Айнура Нажимидинова экөөбүз тең чоң атабыз Нажимидин Сүйүновдун ысымындагы мектепте иштей баштаганбыз. Атабыздын урматындагы мектеп мугалимсиз калбасын дегенбиз... Эми биз чоң атабыздын мектебине кантип барабыз, кантип сабак өтөбүз, билбейм (жубайлар аза күтүп Чет-Кызыл айылында болушкандыктан мектепте окуу токтоп калган). Барсак да ал мектепте эми менин окуучуларым жок... Менин уулум жок. Бир эмес, эки уулум каргашага кабылды. Нойгутбегим 5 жашта эле, жерге бердик... Оор жаракат алган Түгөлбайым ооруканада. Жубайым өзүн бир билсе, бир билбей үйдө жатат. Батага келгендерден «Нойгутбек кайда?» деп тынбай сурай бергенде аны да ооруканада деп жатышыптыр. Бирок баары бир жүрөгү сезип жатат, билсе эмне болот, билбейм...
Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Тургунбай Айжигитов «балдардын ден соолугу дале оор. Дагы бир аз дарылаган соң республикалык ооруканага жөнөтөбүз» деп билдирди.
«АЙЫЛДЫН ЭЛИ КОРКУП ЖАТЫШАТ»
Кара-Бак айылынын жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Кудайберди Камилов «бул каргаша Баткен согушунан кийин аймакта калып калган жардыруучу куралдарды тазалоо жеткиликтүү жүргүзүлбөгөндүгүнөн болду» дейт:
– Мындай граната, мина жана башка куралдар дагы бир жерлерде жатышы мүмкүн, аймакты тазалап чыгуу керек. Элде да, Зардалыдагы калган башка балдарда да коркунуч сезимдери пайда болгондугу талашсыз. Негизи эле азыркы техника өнүккөн доордо Зардалыда эски заман өкүм сүрүп турганы өкүнүчтүү. Жок дегенде генератор коюлуп, жарык берилсе болмок, балдар сыналгы көрүп алаксып калышмак.
КАЗА БОЛГОНДОР:
2007-жылы туулган Бекболот Умаров, 2000-жылы туулган Касымалы уулу Нойгутбек.
ЖАРАКАТ АЛГАНДАР:
2001-жылы туулган Жолдошбай уулу Алмаз, 2001-жылы туулган Касымалы уулу Түгөлбай, 2008-жылы туулган Үсөн уулу Илимидин, 2000-жылы туулган Топчубай уулу Санжар жана 2007-жылы туулган Байел Ысаков.
Чек ара кызматы Баткен облусунун жана Оштун Чоң-Алай районунун тургундарын этият болууга чакырып, шектүү буюмдар табылган учурда күч органдарына билдирүүнү суранды. ИИМ да мыйзамсыз сакталып турган курал-жарактарды өз эрки менен өткөргөндөр кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын, аларга акчалай сыйлыктар берилерин дагы эскертип, «Жарандар курал-жарак жана ок-дарыны этиятсыз колдонуу өтө коркунучтуу экендигин эске тутушу зарыл. Чоңдордун шалаакылыгынан улам балдар жабыркап калышы мүмкүн»,- деп билдирди.
Нурбек Абдыкадыров,
Адилбек Батыров
koom@super.kg