«БАЛАҢАРДЫ ТИРҮҮ КӨРӨМ ДЕСЕҢЕР, 70 МИҢ СОМ БЕРГИЛЕ»

13-апрелде Октябрь РИИБине 20 жаштагы Нурлан (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жаранды уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуяга күбө болгондордон аны белгисиз адамдар автоунаага салып кеткендиги билинген. Көп өтпөй Нурланды уурдап кетти деп шектелген 25-27 жаштардагы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 5 тургуну колго түшүрүлгөн. Бирок алар тез эле эркиндикке чыгып кетишкен. Жабырлануучу Нурлан редакциябызга келип, окуяны баяндап, алардын эркиндикте жүрүшүнүн себептерин айтып берди.

«БАШЫМА КУРТКА ОРОП, АВТОУНААГА САЛЫП КЕТИШТИ»
– 13-апрелде унаа базарына барып, айдап жүргөн машинамды саткам. Ошол күнү кечинде сүйлөшкөн кызым менен чогуу Донецк жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сулуулук салонуна чачымды тегиздеткени бардым. Ал жакта отурсам Руслан аттуу кошуна жигит телефон чалып, «кайдасың, учурашайын дедим эле» деди. Салондун дарегин берсем, тез эле келип калды. Эшикке чыксам колумду кармаган боюнча «жүрү» деп бир машинага алып жөнөдү. Ичинде дагы 4 бала бар экен. «Сырттан эле айта берчи, жайчылыкпы?» десем, «жай эле, отурсаң» деп тартып машинага отургузуп, дароо эле башыма курткасын ороду да, басып алышты. Улам «дем алып жатасыңбы?» деп сурап коюшат.

«АКЧА КАРЫЗМЫН» ДЕП ТИЛ КАТ ЖАЗ...»
– Жарым сааттай жол жүргөн соң бир батирге алып барып, колумду байлап жерге жаткызышты. Бир убакта акча талап кылып сабап киришти. «Сенде акча бар, биз билебиз» деп кезектешип улам бири чарчаганда бири келип сабайт. Андан кийин бирөөлөр менен сүйлөшүштү дагы, башка батирге алып жөнөштү. Ал жакка алып барган соң «мен акча карызмын, кайтарып берем» деген тил кат жазып бер» дей башташты. Макул болбой койдум, анткени карыз эмес элем. Колумду байлап, көмкөрөмөн жаткырышып, баклажкага суу куюп алып ошону менен сабай башташты. 1 сааттай тепкилешти го, мен ал учурда эсимди жоготуп коюптурмун. Канча убакыттан кийин экенин билбейм, бетиме суу чачып эсиме келтиришти. Бир маалда бирөө электрошокер алып келип, ошону менен кыйнай баштады. Кайра эсимди жоготтум...
Ойлоруна укмуш нерселер келгенине таң калдым. Арасынан Бауржар дегени шприцти алып чыкты да мага көрсөтүп, «ушуга бензинди сордурабыз дагы, кан тамырыңа саябыз. Тымызын клеткаларыңды жей берсин» деди. Бирок бактыга жараша ал ойлорун ишке ашырышкан жок.
Бауржар акыры макул болбосума ынанды окшойт, бирөөгө чалып, «чуңкур казып даярдай бергиле, биз бара жатабыз» деди да, мени башка жерге алып жөнөштү. Аны укканда булардан тирүү кутулбасымды билдим. Түнкү саат 2 чамасында апама чалдым. Тигилер телефонду менден алышты дагы «балаңарды тирүү көрөм десеңер, 70 миң сом бергиле» дешти. Апам ыйлап-сыктап акча жок экенин айтып кала берди окшойт. Оюма таякем келди. Ага чалсам, менин жоголуп кеткенимди угушкандан бери эле милиция кызматкерлери менен бирге экен. Менин таякем болуп оперкызматкердин бирөө сүйлөштү. «Жарым саат убакыт бергиле. Ойлонуп, кайра чалабыз» дептир. Бир сааттан кийин чалды окшойт, баягы таякем болуп чалып жаткан оперкызматкер «жолугушчу жерди айткыла, барам» дептир.

«КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮДӨН УЛАМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕМ»
– Балдар жолугууга макул болбой коюшту. «Бир банкоматтык номер берем, ошого 70 миңди которгула» дешти. Таякем макул болбой койду окшойт, тигилер «которбосоңор жөн койгула, балаңарды тирүү көрбөйсүңөр» деп туруп өчүрүп салды. Бир сааттан кийин «Жибек Жолу көчөсү менен Тоголок Молдонун кесилишине келгиле» деп таякеме чалышты. Ал жерге таякем оперкызматкерлер менен чогуу келген экен.
Аларды кармап алып кеткендин эртеси балдардын туугандары, ата-энелери келип, «жакындарыңды бүт тааныйбыз. Эгер жазган арызыңды албасаң, бир тууганыңды да кармап кетип «ким көрдү» кылып коёбуз» деп коркутушту. Бир тууганымды ойлогондо тосмо арыз жазып берип салдым. Ошентип, мени уурдап кетип кордогондор эркиндикке чыгып кетишти.

«АЛАР МЕНИ АҢДЫП ЖҮРҮШКӨН»
– Эми азыр бошотулгандарына рахмат айтышпай, мени кемсинтип, «Сенин колуңан эмне келди? Биз акча менен эле бардык маселени чечип алабыз» деп текебердик кыла башташты. Мен эми кайра ойлонуп, Октябрь райондук сотунун төрагасына, Октябрь
РИИБине жана ушул эле райондун прокуратурасына кайрадан арыз жаздым. Күнөөлүүлөр өз жазасын алышат деген ишеничтемин.
Алар менен саламыбыз түз болгону эле болбосо, аласа-бересем жок болчу. Менин 3 жумадан бери базарга чыгып, машинамды сата албай жүргөнүмдү, ошол күнү машинам сатылып кеткенин аңдып жүрүшүптүр.
Учурда ден соолугум начар. Эки бөйрөгүм ылдый түшүп кетти. Доктурлар боор жабыркаганын айтып, «ооруканага жатып дарылан» деп жатышат. Азыр турган жеримен эле жыгылып калмай адат болуп калды.

«ТЕРГӨӨ УЛАНЫП ЖАТАТ»
«Окуя тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү ЭРНИС ОСМОНБАЕВ:
– Бизге маалым болгондой, уурдалган адамды 10 сааттан ашык ар кайсы жакка алып барып кыйнап, денесине жаракат келтиришкен. Түзүлгөн план боюнча талап кылган 70 миң сомду алуу үчүн кылмышка шектүүлөр болжогон жерге келишмек да, опертоп аларды кармап алышмак. Иштелип чыккан план ишке ашып, шектүүлөр жабырлануучуну салып алып Хонда Торнео жана БМВ Х-5 үлгүсүндөгү 2 унаа менен келишкен. Ошол жерден кызматкерлер аларды колго түшүрүштү.
Кылмышка шектүү 5 жарандын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кандайдыр бир себептерден улам алар боштондукка чыгып кетишкен. Ошентсе да учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө тиешелүү унаалар Октябрь РИИБинин короосуна токтотулган.

Кылмышка шектүүлөргө тиешелүү унаалар учурда Октябрь РИИБинин короосунда.

ИИМдин жообунда кылмышка шектүү жарандардын эркиндикке коё берилиш себептери белгисиз экендиги айтылат. Ал эми жабырлануучу мунун себебин «коркутуп-үркүтүүдөн улам мен тараптан жазылган тосмо арыздын негизинде бошотулду» деп түшүндүрдү. Же окуянын түйүнү башка жактабы? Толук маалымат болгондо бул темага дагы кайрылмакчыбыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"70 миң сом бер, болбосо өлтүрөбүз дешти"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
beken
2014-04-28 22:48:18
кулкулу болуп калды мен учун бул жагы тим эле.Кандай дыр бир себептерден алар боштондукта журот дейт,силер ал арамдардын арам акчасын жебесенер алар боштондукта журбойт болчу ИИМДИН кызматкерлери
0
altinim
2014-04-28 23:18:38
коррупцияга каршы курош деп оппозициянын артын андып жата бербестен, ушундай карапайым калкка деле конул бурушса болмок
0
Sharipa-asia
2014-04-28 23:48:46
Ушундайлар жаман кобойду, жазасын алсын, булар эркиндикте жургондун себеби да коррупция да, менимче крыша бар го
0
Ergeshev.77
2014-04-29 00:03:07
Шумдук Кыргызстан да Америка киносунан уйронуптур да.Бирок кинодо го акыры жакшы бутот а бизде алар камакта да эмес боштондукта журот ме сага кыргыздын милициясы.
+1
infiniti
2014-04-29 07:25:03
Даа. ИИМге ишенич болбой калды. Ушундай акмактар,мите курттай элге залакасын тийгизип,жеп жатат. Буларды,элден эле активисттер топтолуп,жазалаш керек. Соттордун баары сатылган.
0
ayzharkyn
2014-04-29 08:32:50
Ушундай окуяларды окусам журогум ооруйт. Акчанын кулу болуп баратабызго.
0
kaktus92
2014-04-29 17:23:05
урматтуу Нурлан чындыкты айтсаныз туура болмок.чындап карыз экенинизди неге жашырасыз???
качандыр бир кезде жаман иш кылганыныздын жазасын алгандырсыз мумкун...калпты азыраак айтып азыраак коркомдошунуз керек болчу!!!
0
aizi85
2014-04-30 11:30:21
kaktus92 башынды иштетип суйлосончу. Ал какшап суйлоп жатса керек. Карзы болсо ага зарилби газетага чыгарып чындыкты айтып жатат ал бечара же сен да ошолдун шеригисинби ойлонуп суйлогун.
+1
mi-li-na
2014-04-30 11:53:00
Кыргызга соттун кереги деле жок болуп калды,бизге озубуздун эле илгерки аксакалдар соту керек окшойт,илгери аксакалдар,жалпы элдин козунчо кылмышкерлерди, М:уурусу болобу,кескисиби,каракчысыбы,балакети болсо да ошол куноокорду элдин алдында уяткарып,маскарасын чыгарып жер баскыс кылышкан.Ошондой сот керек окшойт Кыргызга.Азыр эмне,кобуроок акча беришсе ишти жабышат да.Сотко элдин ишеними кетти.Азыр сот деген соз азезил дегендей эле болуп калды го...
0
kamchy_0119
2014-04-30 16:13:46
Оной жол менен акча таап уйронуп калышкан д Аллах жазасын берсин.
0
sezishka92
2014-04-30 18:17:51
Кудай жазаласын шумшукторду, жакшылык корбой калышсын
0
Asanaka2
2014-05-02 14:03:11
Эмне коп азыр курал жарак саткан адам коп.Трамватика ал да бироо жарымын майып кыла ат коз позго.Алсыз экенинди билип алды дооруп басым откоро беришет окмоттон жарытылуу эч нерсе чыкпаган сон.Оздоруно жараша бол ушундай болбой жатса нары же бери кылып сал бироо жарымын анан камалсан камалып кете бер кыз зордободун уурулук кылбадын сокподун башка кылбадын оздоруно жараша кылган болосун.
0
elif
2014-05-02 15:12:43
al adam kachirgan adamdardi jana alardin kilmishin korboston kelip boshotkon İİMde ishtegenderdi jazalash kerek
Alar keche ani kachirsa ertege bursugunu seni meni kachirip biznes kilip alat,alar oshol menen kun korot,kanday adam bul kilmishterdi kormoston ukbastan kelet tushunboym!Mina saga korrupsiya!
0
kizburak.81
2014-05-03 10:11:33
ЭЭ кудай кандай заман болуп атат.Адамдарды коркутуп акча тапкандан коро оздор мээнет кылып тапса болмок акмактар.
0
admin_superstan
2014-07-06 01:31:33
emirlan81, провокацияга жол жок. Комментарийиңиз өчүрүлдү.
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан