«Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусунун аймагында социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн бир нече өнүктүрүү программалары иштеп келет. Бул долбоорлордун алкагында эл үчүн керектүү болгон объекттерди куруу, оңдоп-түзөө, жаңыдан ишмердүүлүк менен алектенип жаткандарга жардамдар бар. 2013-жылы мындай демөөрчүлүк жардамдардын эсеби 800 миллиондон ашуун сомду түзгөн.
БАЛЫКЧЫ ШААРЫ
БАЛДАР БИЛИМ БОРБОРУНУН БИЙ ЗАЛЫНА ЭКИНЧИ ӨМҮР БЕРИЛДИ
Балыкчы шаарындагы Балдар билим борборунун бий залында «Кумтөр» компаниясынын каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Буга жалпысынан 290 миң сом бөлүнгөн.
Аталган борбордун директору МАХАБАТ БЕЙШЕЕВА «Кумтөргө» болгон ыраазычылыгын биз менен бөлүшө кетти:
– Башында биздин борбор шаардын бала бакчасынын имаратында жайгашкан эле. 2013-жылдын күз айларында ушул мекемеге көчкөнбүз. Ал кезде борборубуздун бий залы мышык ыйлагандай абалда болчу. Оңдоп-түзөө иштери керек болгондуктан атайын долбоор жазганбыз. Жыйынтыгында «Кумтөр» компаниясы бизге жардам көрсөтүп, 1 айдын ичинде бий залыбызды оңдоп беришти. Шыпка пластик коюлду, жаңы пластик терезелер салынды жана ламинаттан пол төшөлдү. Ошондой эле күзгүлөрүбүз да жаңыртылды. Мындан тышкары куурчак ийримибизди өнүктүрүү үчүн 30 миң сом бөлүнүп берилди. Азыркы убакта биздин борбордо кичи топто 55, ал эми чоң топто 60 окуучу бий үйрөнүшөт. Эми бул заманбап бий залы биздин ийгиликке жетишибизге зор түрткү болот деп ишенем.
ТОӉ РАЙОНУ, КАЖЫ-САЙ АЙЫЛЫ
«ХАДИЧА» БАЛДАР ҮЙҮ ОҢДОЛДУ
Дагы бир кубаныч, Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдарды тарбиялоо үйүнүн ашканасын толугу менен оңдоп-түзөө иштери бүтүп, имараттын полу толугу менен алмаштырылып, жаңы терезелер салынды. Ошондой эле меш салынып, жаңы мор коюлду. Имараттын оңдолушуна жалпы 400 миң сом коротулду.
«Бизде 7 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр тарбияланат. Бул балдар үйү демөөрчүлөрдүн эсебинен гана жашап келет. Алардын арасынан эң ишеничтүүсү – «Кумтөр» компаниясы. Коммуналдык төлөмдөрүбүздүн каражатын да бул компания өз мойнуна алып, мурдагы жылы 45 миң сом төлөшкөн. Ошондой эле майрамдарда биздин балдарга белек-бечкектерди берип, аларды кубантып турушат»,- деп балдар үйүнүн тарбиячысы Бактыгүл Шабданбекова ыраазычылыгын айта кетти.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, БАЛТАБАЙ АЙЫЛЫ
АЙЫЛДА ЗАМАНБАП СПОРТ ЗАЛЫ АЧЫЛДЫ
Балтабай айылында машыгуу үчүн жаңы заманбап спорт залы курулду. Бул спорт залды курууга инвестор компания 300 миң сом бөлүп берген. Аталган айылдын жаштар уюмунун төрагасы КАЗЫБЕК УУЛУ АЛМАЗдын айтуусу боюнча жаштардын спортко болгон кызыгуусу күчөөдө:
– Биз айылдын спорт залын курууга жардам сурап «Кумтөргө» кайрылуу жөнөткөнбүз. Себеби буга чейин айылда спорт зал болбогондуктан, жаштарыбыз спорт менен достошчу эмес. Аталган компания жана Ысык-Көл өнүктүрүү фонду менен биргеликте айылыбызга ушул спорт залды куруп берип, январь айында ишке киришти. Балдарыбыз облустук мелдештерде ийгиликтерди көрсөтө башташты. Эми 2 айдан кийин райондук турнир өткөрүп, ошондо спорт залдын расмий ачылышын өткөрөбүз. Биздин айыл үчүн бул спорт зал чоң мааниге ээ. Ушул жерден келечектеги чемпиондор чыгып, Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде желбиретет деп ишенем.
Элбек, айыл тургуну:
– Спорт зал ачылгандан бери бул жакка келип, грек-рим күрөшү менен машыгып баштадым. Мурда спорт залыбыз жок болгондуктан, убактыбызды текке кетирчү элек. Азыркы маалда бош убактыбыз болсо эле спорт залга жөнөйбүз. Спорт менен машыксаң ден-соолугун чың болуп, көп оорубайсың. Спортто мыкты деңгээлге жетип, келечекте Олимпиада чемпиону болсом дейм.
ТОӉ РАЙОНУ, КАЖЫ-САЙ АЙЫЛЫ
БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ АЯНТЧА
Кажы-Сай айылында кен казуучу компаниянын жардамы менен балдар аянтчасы ачылды. Буга чейин айылдын кичинекей тургундары ойноочу атайын жай болбогондуктан ар кайсы жерде ойношчу. Жаңы аянтча курулгандан бери жаш бөбөктөр балдар аянтчасында ойноп, чер жазып калышкан.
Аталган айылдын жаштар комитетинин төрагасы РУСТАМ ӨМҮРОВ буларды айтып берди:
– Биздин айылдын кичинекей балдары ойногонго жер таппай кыйналышчу. Коңшу-колоңдор кеңешип, бөбөктөргө атайын аянтча куруп берели деп чечтик. Өзүбүз 20 миң сомдой чогултуп, каралбай калган жерге аянтчаны салууга кириштик. Курулуш материалдарына каражат жагынан муктаждык болуп, компания жардам катары бизге 150 миң сом бөлүп берди. Калган жасалгалоо иштерин өзүбүз бүтүрүп, ушул жылдын март айында ачтык. Аянтчабызда селкинчектер, каруселдер жана волейбол аянтчасы да бар. Эми бул аянтчаны жашылдандыруу үчүн туя жана балатыларды тигебиз. Буга Кыргызстандын эң ири ишканабыздын жетекчилери демөөрчүлүк катары 70 миң сом бөлүп берди.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, АҢ-ӨСТӨН АЙЫЛЫ
МАДАНИЯТ ҮЙҮ ЖАҢЫЛАНДЫ
Жети-Өгүз районундагы Аң-Өстөн айылынын маданият үйүнө капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, жаңы эмеректер жана музыкалык аппаратуралар сатылып алынды. Бул иш-чарага жалпы 2 миллион сом короп, анын 800 миң сомун канадалык инвестор каржылады.
«Мен бул маданият үйүндө 5 жылдан бери эмгектенем. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери жакында гана бүтүп, быйыл 19-мартта ачылды. Маданият үйүбүз 195 орунга ылайыкташкан. Бардык майрам, салтанаттар жана чогулуштар ушул жерде өтөт»,- деди өз сөзүндө маданият үйүнүн башчысы Орозбек Дүйшеев.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛЫ
МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ ПАРТАЛАР САТЫЛЫП АЛЫНДЫ
Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектепке жаңы парталар сатылып алынды. Мектеп директору Татьяна Дыптандын айтымында мектептеги парта, отургучтар эскирип жараксыз болуп калган. Мектепке «Кумтөр» компаниясы жардам берип, демөөрчүлүк катары 70 парта, 140 отургуч жана 8 доска сатып берген.
КАМБАРБЕК ТОКТОГОНОВ, «Жети-Өгүз Чебер» ЖЧКсынын директору:
«Биздин ишкана 2001-жылдан тарта иштеп келет. Парта, отургуч жана башка эмеректерди жасайбыз. Биз ачылгандан тарта кен казуучу компания Жети-Өгүз районунун мектептерине 2 миллион сомдон ашуун каражатка мектеп эмеректерин алып берген. Аталган компания менен келишим түзүлүп, биздин ишкана ушул жылдан тарта аларды эмеректер менен жабдыйбыз».
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУ, БАРСКООН АЙЫЛЫ
ӨНДҮРҮШ КАЛДЫКТАРЫ КАЙРАДАН ИШТЕЛҮҮДӨ
«Барскоон сервис» ЖЧКсы алтын казуучу компаниянын керектен чыккан материалдарын кайра иштетет. Аларды айылдагы керектүү жерлерге жаңы тосмолорду салууга пайдаланышат.
ЖЫРГАЛБЕК АБДЫЛДАЕВ, аталган ишкананын директору:
«Биздин фирма жакында гана ачылды. Керектен чыккан материалдарды кен казуучу компания алып келет. Биз аларды кайра иштетип, мектептин, музейдин тосмолорун салууга жумшап жатабыз. Айылда жаңы иш орундары ачылды. Келечекте ишкананы өнүктүрүп, өзүбүздүн гана эмес, коңшу айылдардагы жумуштарды да жасайбыз».
Адилет Керимбек уулу,
Влад Ушаков