КОЙ (21.03-20.04)
Апта лидерлик жөндөмүңүздү ачууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Чоң иш-чараны жетектеп, керектүү адамдар менен таанышууга жетишесиз. Бирок жеке жашоо менен иштин ортосунда балансты сактоо кажет. Антпесе жакындарыңызга көңүл бөлө албай каласыз. Алдап кетиши мүмкүн деп шекшинбей, жаңы таанышка ишеним артып көрүңүз. Салмакты калыпка келтирүүгө да көңүл буруңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чоң иштерди бүткөрүүгө ыңгайлуу кырдаалдар чыгат. Натыйжасынан күмөн санабай, билек түрө киришиңиз. Айланадагы окуяларга баам салып, керектүү маалыматты алып калуу зарыл. Сүйүктүүңүзгө келечек пландарыңызды айтып, анын оюн угуңуз. Активдүү эс алууга да убакыт бөлүп, нервдик чыңалуудан арылууга жетишиңиз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Максатыңызга жетем десеңиз керектүү адамдарга жакын болуп, жагымсыз сөз сүйлөөдөн карманыңыз. Пландарды кайра карап чыгып, эскилерин жаңыртуу керек. Жетекчиликке иш боюнча отчёт берерден мурда ката кетпегенин текшериңиз. Жактырып жүргөн адамыңыз менен мамилеңиз романтикага өсүп жетпесе да, кубандырарлык болот.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын башында тоскоолдуктарды жеңүү үчүн көп күч талап кылынат. Көтөрүмдүү болсоңуз, баарын оңой жеңесиз. Бейшембиден тартып жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылат. Чечим кабыл алууда чечкиндүү болуп, ийгиликти кармап калыңыз. Апта акырында жаман окуяга чалдыкпоо үчүн көңүл ачууда чектен чыкпоо кажет.
АРСТАН (23.07-23.08)
Окуялар сиз каалагандай өнүкпөйт. Антсе да өзүңүздү бош таштап койбой, өз ишенимиңизге бекем туруңуз. Шектүү ишке аралашпай, жүрүм-турумуңузду көзөмөлдөңүз. Баалаган адамыңызга талапты катуу коём деп узакка көрүшпөй калууңуз ыктымал. Аптада белектүү болуп калууңуз мүмкүн. Ден соолукка кам көрүп, текшерүүдөн өтүү ашыкча болбойт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийиктиктерди багынтуу үчүн өзүңүзгө талапты катуу коюуңуз керектелет. Кызыктуу идеялар жаралса, ишке ашырууга жетишиңиз. Бул жетекчиликке таасир этип, сыйлыкка илинүүңүз мүмкүн. Жеке жашоого келсек, жакын адамыңыздын жакшылап кам көрүүсүнө жетишүүңүз зарыл. Апта ичинде досуңуздун жакшылыгына күбө болууңуз күтүлүүдө.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Иш жана жакындарыңыз үчүн чуркай берип чарчадыңызбы? Өзүңүзгө кам көрүп, жакшылап эс алууга убакыт бөлүңүз. Иште интригаларга аралашпаңыз, болбосо ак экениңизди далилдей албай каласыз. Каржы жагы жакшырып, гардероб жаңыртасыз. Жашооңузда сиз ага жагууга аракет кылчу адам пайда болот.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Маселелерди чечүү үчүн болгон күч, ыкманы колдонуудан карманыңыз. Бирөөлөр ушак таратышы мүмкүн. Баалаган адамыңыздын жакшы сапаттары байкалып чыга келет. Шейшембиде жол кырсыгы күтүлөт, сак болуңуз. Жума күнү жакшы таанышыңыз каржылык жактан жардам берет. Апта акырында каржы маселеси чыгат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кээ бирөөлөрдү мурунку иштеген жерине кайра ишке чакыруулары мүмкүн. Ойлонуп көрүңүз. Аптада уюштуруучулук жөндөмүңүз менен айланаңыздагы адамдарды таң калтырууга жетишесиз. Акчаңызга акча кошулат, чоң нерсе алууга топтосоңуз болот. Оңтойсуз абалга калбоо үчүн чала тааныштар чакырган жерге барбаңыз. Дем алышта жагымдуу жаңылык угасыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күжүрмөн иштин арты менен карьера алдыга жылчу убак. Ал эми соодада иштегендердин пайда табуусу өнөктөштөр менен канчалык так иштөөсүнө жараша болот. Аптанын башында таанышыңыздын бири жоругу менен иренжитет. Апта ортосунда туугандардын чөйрөсүндө болууңуз мүмкүн. Жума күнү юридикалык маселелер убактыңызды алат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде узак сапарга чыгууңуз ыктымал. Дүйшөмбүдө документ иштерин бирөөгө тапшырбай, өзүңүз бүтүрүңүз. Шейшембиде аткарган эмгегиңиздин акыбети кайтып, акчалуу болосуз. Шаршембиде жакындарыңыз менен пикир келишпестик болушу мүмкүн. Апта аягында азгырык сезимдер жаралат. Артын ойлоп иш кылуу керек.
Балык (20.02-20.03)
Аптада ынтызарлык менен тактык ийгилик жана пайда алып келерин эске алыңыз. Мүнөзүңүздү анализдеп, жаман адаттардан арылууга киришүүңүз оң. Кээ бирлерге көбүрөөк айлыгы бар иш сунушталышы мүмкүн. Шаршембиде көп ишти аркалап, чарчайсыз. Жума күнү эски достор кайсы бир ишин бүткөрүү үчүн сизди ортого салышат.