реклама
Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Съездбек Искеналиев:«КИЙИМ ҮЧҮН 20 СУУРДУ КУРМАНДЫККА ЧАЛГАМ»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


Кыргыз эстрадасына аралашып, ордун таап кетүү өтө мүшкүл иш. Көпчүлүктүн көлөкөсүндө калып калбаш үчүн айрымдар продюсер жалдашат, айрымдар болсо өздөрү эмгек кылышат. Съездбек Искеналиев өзү аракет кылгандардын катарына кирет. Бул мырзанын сахнага кадам таштаганы өзгөчө болгон. Жаагына чейин түшкөн узун чачтары, териден тигилген кийимдери... Бүгүн биз Съездбек деген ысымдын сахнага кантип келип, кантип атактуулукту багындырганын баяндайбыз.

«АПАМ ӨТҮККӨ БЕРГЕН АКЧАГА ЫР ЖАЗДЫРГАМ»
-Мен бала кезден ыр-бийге жакын өсүп, «чоңойгондо популярдуу ырчы болом» дечүмүн. Мектепте кароо-сынактардан калбай, 7-классымда «Максат» деген ансамблде солист болуп ырдадым. 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыл кыяк факультетине тапшыргам. Бирок кесибиме көп көңүлдөнбөй, жакшы окуган жокмун. Алгачкы «Өмүр» деген ырымды байкем демөөрчүлүк кылып жаздыргам. Ал ырым көпкө күттүрүп, акыры радиолордон жаңыра баштады.
Бир ыр жаздырып алгандан кийин аны улантыш керек болду. Студентмин, акчам өзүмө араң жетчү. Бир жолу апам «кышкыга бут кийим ал» деп акча берди. Аны алдым да, «Эсимде» деген ырымды жаздырып салдым. Көп өтпөй апам менен чогуу базарга барып калдык. Ал күнү кар бурганактап жаап турган. Менин өтүгүм жыртык, аябай үшүп, чыдабай кеттим. Апама «үшүп кеттим» десем, «акча бербедим беле, аны эмне кылдың?» деп жатпайбы. «Ыр жаздырдым» деп ачыгын айтууга туура келди. Апам байкуш мага боору ооруп, кайра баштан-аяк кийим сатып берген.
Кийин кафеде ырчы болуп жүрдүм. Бир күнү үйгө келсем эки байкем, апам үй-бүлөлүк кеңеш кылып отурушуптур. «Пайдасы жок кесипти эмне кыласың?» деп мени аябай урушушту. Мен болсо көгөрүп, «эмне кылсаңар ошол кылгыла, мен баары бир ырчы болом» деп туруп алдым. Аларды коркутуп башка бөлмөгө чыгып алып өңгүрөп ыйлайм да, ортодо эмнени сүйлөшүп жатышат болду экен деп акырын тыңшап коём. Эртеси байкем келди да, «аппарат канча турат?» деди. Мынча деп баасын айтсам, акчаны санап колума карматып койду. Апам болсо 10 кой берип, ошондо аппаратура сатып алгам.
Менин кыргыз эстрадасына алынышыма аранжировкачы Жолдош Апасовдун салымы чоң. Ал аранжировка жасаган «Эсимде», «Селки» деген ырлар мени популярдуу кылды. Мага суроо-талап күч болуп турган чакта, 2005-жылы күзүндө жеке концертимди бердик. Ошондо кишинин келгенин сураба. Кийимимди да өзгөчө кылалы деп, 20 суурдун терисин таап костюм тиктиргем. Тери кургабай калган экен, ал сасып, ырдап бүткөнчө жүрөгүм айланып араң чыдагам. Концерттен кийин барганда батирибиздеги ваннанын ичи гүлгө толуп калган.

«ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТКӨН МУРАТ»
-Бир кездерде Неля менен кафеде ырчы болуп иштеп жүргөм. Күндөрдүн биринде кафебизге Тынчтык (ред. Тынчтыкбек Кожобеков) менен Эрнест байке (ред. Эрнест Абдыжапаров) келип, көпкө мени акмалап карап отурушту. Эмне эле карап жатат деп коём. Көрсө, мени «Боз салкын» тасмасындагы Мураттын ролуна карап жатышкан экен. Кийинки күнү Эрнест байкенин чакыруусу менен «Кыргызфильмге» барып, кастингден өтүп кеттим. Мураттын ролу менин жашоомду өзгөртүп, атактуулугумду арттырды.
Тасмадан кийин үйлөнүп, күйөрмандарым азая түшкөнүн да сезбептирмин. Ал бир себеп болуп, кошумча өлкөбүздө митингдер башталып, Ош, Жалал-Абаддагы концертиме саналуу гана көрүүчү келди. Бишкектеги концертте митингдер бүтүп, «маньяк чыгыптыр» деген кеп тарап эл дүрбөлөң түшүп жаткан. Ошонун айынан борбордогу концертиме да киши келбей, банкрот болдук. Мындай ийгиликсиз концертимден кийин көңүлүм сынып, «ырчылыкты таштайм» деп чыктым. Ошондо Кылыч байке (ред. Кылычбек Султанов, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү) өзүнө чакырып, «Бул эмне кылганың? Бир концерт болбой калса эле токтотуп коёсуңбу? Кааласаң мен жардам берейин» деп маанайымды көтөрүп койду. Андан кийин Рысбек Жабиров да «сен ырчылыкты таштабашың керек, мен концерт уюштуруп берем» деп калды. Мага ошол сөздөр чоң күч-дем болду. «Эр эмгегин жер жебейт» демекчи, декабрдан баштап кайра кече, тойлорго чакыруулар көп болуп, бардык карыздарымдан кутулдум. Көрсө, мага ошондо чоң сыноо болгон экен.
Ырчылыкты жолго койгон соң «Аманат», «Карт бойдок», «5000 сом» тасмаларына продюсерлик кылдым. Жакында гана мени «Продюсерлер уюмунун» жетекчиси кылып дайындашты. Мындай сыйга бир чети сыймыктанып, бир чети жоопкерчиликтен чочулап турам.
Кыргыз эстрадасына аралашкан 15 жыл ичинде мени көрө албагандар, бут тоскондор, акчама карап дос болгондор, атактуулугумду пайдалангысы келгендер көп болуптур. Мен аларга теңелбей, саламым түз болуп, жеңип келем. Азыр эстеп көрсөм, популярдуу болуп турган чакта үйлөнүп алып күйөрманды жоготом деп деле ойлогон эмес экем. Ошол кезде күйөрман жоготуу деген түшүнүк боло электе үйлөнүп алганым жакшы болуптур.

Кубанычбек Балбаев, агасы:«СЪЕЗДБЕКТИ АРТИСТ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСПИЗ»
-Биздин атабыз эрте каза болгондуктан, апабыздын сөзүнөн чыкпай, катуу сыйлачубуз. Апамдын сөзү биз үчүн мыйзам эле. Баарыбыздан да апам Съездбекке аябай ишенчү. Иним кафеде иштеп жүргөн кез эле. Бир күнү үйүнө барсам отурат. «Ырдайм деп киришкен соң ырдабайсыңбы» десем, «Ямаханы» ижарага алган элек, ээсине бердик» дейт. Ушул кезге чейин «Ямаханы» ижарага алып жүргөнүн билген эмес экенмин. Ошондо апам мал, мен акча берип аппарат сатып бергенбиз.
Чынында, Съезддин ырчы болушуна көп эле каршы болдук. Аны артист болот деп такыр ойлогон эмеспиз. Өнөр дегенди токтотуп болбойт экен. Каршы болсок да, бизди укчудай эмес. Максатына жетмейинче жаны тынбаган өжөрлүгү бар. Ошентип жүрүп биринчи жолу Нарында тушоо кесүү концертин бергенде ушундай сүйүндүк. Бир туугандар баарыбыз күбө болдук. Апам ыраматылык мага «сен улуусуң, сен баарына жооп бересиң. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу болгула» деп айтчу. Инимдин ар бир ийгилигине апам сыймыктанып, толкунданып турчу.

Жаркынай Искеналиева, жубайы:«ЖИНИ КЕЛСЕ ӨЗҮНЧӨ СҮЙЛӨНӨ БЕРЕТ»
-Съезд менен 2005-жылы жайында таанышкам. Бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Жолдошум ак көңүл, маанайы жок болсо өзү менен өзү бушайман болуп сүйлөнүп жүрө берет. Өжөрлүгү бар, кылам деген нерсесин сөзсүз аткарат. Популярдуу болуп турган чакта айрымдар мурдун өйдө көтөрүп калышат го, Съезд андай кылган жок. «Мен дайыма артымды ойлошум керек» деп бир калыпта жүрдү. Анын дарегине ар кандай сындар айтылды. Кандай жаман сын же негатив кеп болбосун, биз чындыкты билебиз. Ошондуктан андай нерселерге көңүл бурбайбыз. Съезддин жөнөкөйлүгүнөнбү, аны баары жакшы көрүшөт.

2008-жылы Съездбек Искеналиев менен Замир Арыкбаевдин «Даткайым» клиби «Жылдын супер клиби» наамын алган.

«Күйөрман жоготуу деген түшүнүк боло электе үйлөнүп алганым жакшы болуптур».

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:«МУРАТТЫ САБАЙБЫЗ ДЕГЕНДЕР БОЛУПТУР»
-«Боз салкын» тасмасындагы Мураттын ролуна мурун бир жигитти тандаган элек. Тартарда актёрубуз толуп кеткендиктен, башка жигитке алмаштырууга мажбур болдук. 2006-жылы мен радиого, Тынчтыкбек Кожобековго баргам. Мураттын образына кастинг жүрүп жатат деп радиодон жарыялаган элем. Берүү бүткөн соң Тынчтык Съездбектин клибин көрсөтүп, сунуштап калды. Видеопробага келгенде тапшырманы жакшы аткарып бергенинен башканы издебей, дароо эле ага токтолдук.
Анан бир кызык жагдайды айта кетейин. Мурат ат чапканды жана машина айдаганды жакшы билиш керек эле. Съездден сурасам «айдаганды билем, ат чабам» деди. Киного тартылганга келгенде экөөнү тең билбейт экен. Көрсө, киного тартылгысы келип мени алдап коюптур. Тасмага тартып жаткан кезде Съездбектин популярдуу экенин билчү эмесмин. Тасмада терс каармандын образын жаратат эмеспи. Образын жакшы аткаргандыктан болсо керек, кийин тойлордо ырдап жатса ичип алгандар сабайбыз деп да чыгышкан экен. Демек, ролунун таасири күчтүү болуптур.

Тынчтыкбек Кожобеков, досу:«СЪЕЗДДИ «ЖҮРӨККӨ ЖҮРӨК» ДЕП АТАП АЛЫШКАН»
-2000-жылдары мен радиодо иштечүмүн. Ал кезде бизде музыкалык базада ырлар өтө эле аз болчу. Көбүнесе кассетадан тараган ырлар эле. Мухтар Атаналиев, Кубик Калыков, Динара Акулова, Расул Маматкулов, «Кыз-Бурак» тобу популярдуу болчу. Баарынын ырдоо манерасы бирдей эле. Алардын арасында Съезддики башкача стилде жазылып, сөздөрү да татаал болчу. Мага стили дагы, ырдаганы дагы жаккан. Эфирде отурсак ал өзү чалып, бизге ыраазычылык билдирип калды. Дароо эле тил табышып кеттик. Кийин жолугушуп, Съезддин чыгармачылыгына кызыгып кеттим.
Анын ырдоо диапазону бийик болбогону менен, абдан терең диапазондуу обондорду жаратат. Достошуп калып, 11 жигит «Оймо» деген уюмду түздүк. Баарыбыз биригип колдоо катары Съезддин чыгармачылыгын алып, биринчилерден болуп «Эсимде» деген клибинин бет ачарын жасадык. Концертти да өзгөчө кылалы деп бир нече шарды өзүбүз үйлөп, отургучтарга байлап, атайын «Селки» деген баштыктарды жасадык. Чынында ал учурда Съездге чейинки ырчылардын концерти «атылып» кетчү. Мындайча айтканда, эл бирдей концерттерден тажап, кирбей калышкан. Эсимде, ошондо афишаларга «жаш ырчылардын доору келди» деп жазганбыз. «Селки» деген ырын эл жакшы кабыл алып, жадакалса Съездди «Жүрөккө жүрөк» деп атап алышкан.

Жолдошбек Апасов, аранжировкачы:«ЭСИМДЕНИН» ХИТ БОЛОРУН БИЛГЕН ЭМЕСПИЗ»
-Мурун Казакстандын Түндүк Казакстан облусунда Сабит Муканов атындагы музыкалык драма театрында үн режиссёру болуп иштечүмүн. Анан жаңы гана Бишкекке келип, чакан студия ачкам. 2005-жылы болуш керек, Съезд мага келип «Менин чыгармачылыкта жүргөнүмө 5 жыл болду, дагы деле катардагы ырчы болуп келе жатам. Канча ыр жаздым, бири да элге жетпей койду. Сиз тууралуу угуп келдим. Мага жаңы идея менен бир нерсе жаратып берерсиз» деп калды. «Эсимде» деген ырын угуп көрсөм, ыргактары жакшы экен. Анда бул ыр хит болот деп деле ойлогон жокмун, өзүбүздүн кызыкчылык үчүн эле жаздык.
2005-жылы өлкөбүздө революция болбодубу. Аны менен катар ырлардын аранжировкасында да революция болду демекмин. Атабеков, Иманбековдор менен бирге Съездбектин «Эсимде» деген ыры жаңычылдык киргизди. Ыр бат эле эл оозуна алынып, биз жакшы жараткан экенбиз деп сүйүнүп калдык. Съездбек азыр деле «Сизден кийин канча ыр жаздырдым. Тойлорго барганда «балам, баягы «Жүрөккө жүрөк» менен «Эсимдени» эле ырдап койчу» деп айтышат» деп калат. Чынында, анын атагын чыгарган ушул ырлар болду. Азыр ал кино тармагына өтүп кетпедиби. Акыркы үч киносуна саундтректи да мен жазып бердим.

Замирбек Илипов, сүрөтчү:«АЛГАЧ КАРЫШКЫРДЫН ТЕРИСИН КИЙМЕК»
-Съездди сахнага чыгарарда элге дүң болгудай кылып кантип чыгарсак экен деп аябай ойлондук. Биринчи анын келбетин карап көрдүк. Чынында, ал өтө деле «красавчик» эмес да. Ага харизма керек болду. Интернеттен чет өлкөлүк ырчылардын кийимдерин карадык. Изденип отуруп акыры карышкырдын териси менен чыгармай болгонбуз. Байкап көрсөк, карышкырдын териси өтө эле барпайган, жүндүү экен. Болбойт деп суурга токтолдук. Жалпысынан бир формасына 20 суурдун териси сарпталып, аны Съездбектин тери менен бизнес кылган Кубаныч байкеси таап берген. Калган эскизин мен түзүп, эки жума устаканамда ачытып, карындашым колго тигип чыкты. Ал форма биринчи концерти болуп жаткан учурда жаңы бүтүп, сахнага чыкканда араң жеткирип барганбыз. Жыйынтык биз күткөндөй болду. Кийинчерээк эл «Съездбек» десе тааныбай, «тери кийген ырчы» десе дароо таанып калышты.

«Боз салкын» тасмасындагы Мураттын ролунан кийин ырчыны жаман көргөндөр болгон.

«Өзгөчө болуп чыгайын деп чачымды да өстүрүп көргөм».

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg



“Ырчы болбой каламбы деп ыйлагам” дейт Съездбек Искеналиев

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(42)
Super TV
26.04.2014. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
160
Катталган:
19-07-2011
Соӊку аракети:
07-06-2018 08:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗСТАН
+2
Апаныздын айткан насаат созу жакты.Жубайыныз менен бактылуу болуп, коптогон ийгиликтерге жетиниз!!!
Super TV
26.04.2014. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
20-11-2018 12:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
+2
актер катары да аябай таланттуу деп эсептейм.
Super TV
27.04.2014. 01:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
24-07-2013
Соӊку аракети:
22-12-2017 12:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы татынакай экен. Айгеримге кичине окшошуп кетет окшойт,
ийгилик. Уй булоолук бакыт.
Super TV
28.04.2014. 03:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
15-09-2017 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй Булон
Super TV
28.04.2014. 03:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
15-09-2017 01:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булон менен аман бол , коп коп чыгармаларды жарата бер!!!!!!!
28.04.2014. 09:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
10-02-2014
Соӊку аракети:
27-02-2015 10:53
Жынысы:
Белгисиз
-6
ураааа !!!! биринчи жаздым....
28.04.2014. 09:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 17:45
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kara_kyrgyz,
Куттуктайбыз! Бирок макала боюнча жазганга аракет кылсаңыз.
28.04.2014. 09:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
18-10-2016 23:41
Жынысы:
Белгисиз
0
уйбулолук бакыт каалайм!
28.04.2014. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
16-06-2012
Соӊку аракети:
15-05-2018 11:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сахалин
+2
Съездбектин ырлары мазмундуу жана обону кучтуу. "Эсимдесин" бир укканда эле абдан жактыргам.
28.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2016 08:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
элина абай кызы жонундо маалымат бериниздерчи, аябай жагат
28.04.2014. 11:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
22-04-2014
Соӊку аракети:
11-03-2015 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апаныздын насааты жакты
28.04.2014. 13:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
01-04-2014
Соӊку аракети:
19-12-2015 04:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Elina Abay kyzy emne menen alek bolup jurot boldu eken, jazbay kaldynar
28.04.2014. 13:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 17:45
Жынысы:
Белгисиз
0
myshka406, tebessum,
Саламатсыздарбы!
Төмөндөгү шилтема аркылуу өтсөңөр Элина Абай кызы тууралуу маалымат, кабарлар бар:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Элина+Абай+кызы&x=0&y=0&media_search=1
28.04.2014. 14:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
10-02-2014
Соӊку аракети:
27-02-2015 10:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
броконьер турбайсынбы
28.04.2014. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
06-08-2012
Соӊку аракети:
03-01-2018 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага ушул ырчы жигит жагат. Ырлары маанилуу жана бири биринен айрымаланып турат. Обону да жакшы. Чыгармачылык ийгилик сизге.
28.04.2014. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
11-07-2011
Соӊку аракети:
31-07-2018 04:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жубайы Расул кызы Айгеримге аябай окшошго шумдууук
28.04.2014. 20:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
27-07-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
Ооба Айгеримге окшош экен жубайы
28.04.2014. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
27-07-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
Расса окшошко Айгеримге
28.04.2014. 21:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
29-04-2014 17:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай баалайм ушул байкени! уй-булонуз менен бар болунуз!
28.04.2014. 23:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
22-07-2014 23:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Сочи
0
Суурдун терисин кийип алып, конулу айланганы жакты да, апамын эн жакшы коргон ырчысы эле, кийин Боз салкындан кийин жаман коруп калган.
29.04.2014. 00:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
10-12-2014 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
шоу бизнесте негизи ушул байке гана аялы менен жакшы жашап анан эч кандай ушаксыз бактылуу жашап келе жатышат .эмне дейбиз бар болунуз бактылуу болунуз анан дагы бай болунуз!
29.04.2014. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 17:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
0
Чыгармачылык ийгилик жана уй булолук бакыт каалайм
29.04.2014. 10:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
11-11-2011
Соӊку аракети:
16-06-2016 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
новосибирск
0
саламатсыздарбы супер инфо суйом дечи фильминдеги башкы ролду ойногон кыз туралуу маалымат берип койсонуздар жакшы болмок ....алдын ала рахмат
29.04.2014. 11:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 17:45
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot_kyrgyzstan, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
29.04.2014. 17:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
24-10-2010
Соӊку аракети:
29-12-2014 20:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Расул кызы Айгеримдин эжеси болуш керек е?)) келинчеги!!!
29.04.2014. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
04-06-2017 18:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Сьездбектин ырлары мага жагат,чыгырмачылык ийгилик!
30.04.2014. 02:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
18-01-2015 10:28
Жынысы:
Белгисиз
0
уялбай мактанганын карачы, 20 суур деп, убалы уратко! эмне сени тон кийсин деп 20 суур өлүш керекпи?!
30.04.2014. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
0
20 суурду кийгем дениз )))
Super TV
30.04.2014. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
20-06-2017 01:54
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу ырчы .маек жакшы болуптур.келинчеги аябай сулуу экен
Super TV
30.04.2014. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
16-11-2013
Соӊку аракети:
17-11-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец байке.Бактылуу болгула!!!
01.05.2014. 04:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
06-10-2010
Соӊку аракети:
01-09-2015 08:24
Жынысы:
Белгисиз
0
ketsinizm: jagasin eeeen tuura aitkansyn, baalaim sendei tuwunuktuu adamdardy!!! bul ychy jaw kezinde ХХХ okwow bolchu heheheee
Модератор admin_portal түзөттү 01.05.2014 09:22
01.05.2014. 09:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 17:45
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo - 5 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
22.07.2014. 18:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
22-04-2014
Соӊку аракети:
31-01-2015 20:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат иним катары келинчеги да балдары да кудай бере турган адамдар ото жонокой уй було Бактылуу болгула Особенно кичинекй крсавица кызы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: