«Алайда мектептин астынан топ жыландар чыкты» деп өлкөдө чуу болуп эле жатып калды. Окуя болгон жерге сапар алып, таксиде баратып жүргүнчүлөр Алайга жеткенче баштарынан өткөн жылан туурасындагы окуяларды айтып барышты. Мага коркунучтуу көрүнгөн жыландар менен жергиликтүү эл оролушуп эле жашап келишкендей туюлуп жатты.
«УУСУ ЖОК ЖЫЛАНДАР АЧУУЛАНСА ТИШТЕП КОЮШУ МҮМКҮН»
Алай районунун Корул айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылындагы Жээналы Орозов атындагы орто мектептин түбүнөн сабак жүрүп жаткан учурда 40-50гө жакын жылан чыккан. Ага байланыштуу райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан аталган мектепте окуу токтотулуп, «ал жерде канча жылан бар, түрү канча, алар коркунуч алып келеби же жокпу?» деген суроонун чоо-жайын билүү үчүн Улуттук академиядан атайын адистер келип, текшерүүгө алышты.
Алардын биринчи күндөгү изилдөөсүнө биз да күбө болдук. Күн суук болуп, жылуулук 13 градустан ашпай койгондуктан адистер 4 жыланды гана кармашты. «Эгер аба 20 градус жылыганда жыландардын көбү сыртка чыкмак» дейт КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу Институтунун Зоология лабораториясынын илимий кызматкери Дмитрий Анатольевич Милько. Ал кармаган 4 жылан тең уусуз, суу жыландар болуп чыкты. «Бул жыландардын зыяндуулугу жок, тийишсе тиштеп алат, бирок адамга залал келтирүүчү уусу жок. Адамдар тийишпесе эч нерсе кылбайт» деди ал.
Мектептин артында 200 метрге жакын алыстыкта суу агат, Дмитрий Мильконун айтуусунда, жыландардын уюгу ошол жерде түзүлгөн. Кыш мезгилинде мектептин түбүнө келип жайгашышат. Жазында кайра суунун жээгине кетишет. Адис минтип жыландар элге коркунуч жарата берсе, аларга айылдан сырткары жерге шарт түзүп берип, ошол жакка көчүрүп койсо болорун кошумчалады. «Жыландардын көпчүлүгү 5-6 жылдык, демек, бул жерде жыландын уюгу бир канча жыл мурун пайда болгон» дейт ал.
«ҮЙҮБҮЗГӨ ЧЕЙИН КИРИП КЕЛИШЕТ, АЙДАП ЧЫГАРЫП КОЁБУЗ»
Бул кептен улам мектептин жанындагы үйдө жашаган ИБАДАТ ҮСӨНОВАНЫ кепке тарттык: -Бул үйдө 30 жылдан бери жашайбыз, 8 балам бар. Жай мезгилинде корообузду кара узун жана чаар жыландар кадимки үй жаныбарындай эле каптап кетишет. Балдарымды чагып алабы деп корком. Үйгө чейин кирип, жатып алышат, ал учурда сегиз балам сегиз жерде катып калат. Ак чачып үйдөн чыгарып салабыз. Жыландарды ыйык, аябай кекчил дешет, ошол себептен аларга зыян келтире албайбыз. Бир да жолу өлтүргөн эмеспиз.
«ЛАГМАНДЫН КАМЫРЫНДАЙ БЫЖЫРАШАТ»
РЫСБЕК АРЗИЕВ, мектептин кароолчусу: -Мындан 2 күн мурун сабак жүрүп жатканда ызы-чуу чыгып калды. Барсам окуучулар четки класстын терезесинен жабыла сыртты карап жатышыптыр. Карасам сыртта үйүлгөн жыландар жатат. Лагмандын камырын уучтап алып табакка салып койгондой быжырашат. Бир-экиден уюгуна кирип-кирип тарап кетишти. Мектептин түбүнө, алар чыккан оюкчаларга ак сээп, бүтөп салдык. Эртеси класстын ичинен чыгып алышыптыр. Райондук билим берүү башкармалыгына кабар берип, мектепти убактылуу жаптык.
Негизи, бул жерде жыландар мурда эле бар болчу. Жайкысын мектептин айланасындагы чөптөрдү оруп жатканда, кашааларды оңдоп жатканда көп эле көрчүмүн. Бирок мынчалык көп деп ойлогон эмесмин. Анан да жаш, кичинекей жыландар болчу, эми чоңоюп калышыптыр. Күнүнө 20-30дай жылан чыгып, кайра кирип кетишет.
Айыл тургундары «жылан бар жерде алтын болуусу мүмкүн» деп ойлоп жатышыптыр. Адистер текшерип жүрсө «этияттагыла, текшеримиш болуп алтын издеп жатышат» деп тамашалашып да жатышты. Жыландан корккон эл «адистер текшеребиз деп жыландарды ачуулантып коюшса, кийин бизден өч алышпас бекен?..» деп чочулап жатышты.
«АЙЫЛЫБЫЗДА МУРУНТАН ЭЛЕ ЖЫЛАНДЫН УЮКТАРЫ БОЛГОН»
ЭРКИН САМИЕВ, айыл тургуну:-Бишкектен адистер келип, текшерип жатышат. Алар өздөрүнө керектүү маалыматты алып, билип кетишет да, жыландар менен кайра эле биз калабыз. Эртеден кечке чейин балдар мектепте окушат, мугалимдердин жумушу да ушул жерде. Жаш балдарыбыз бар, тийбей эле коюшса болмок. Коркунучтуу болуп жатат. Себеби биз жаш кезибизде ушул айылда бир окуя болгон экен. Бир апа тамак жасап жатса очогунун жанындагы оюктан жылан чыгат. Жаш балдары болгондуктан, аларга зыян келтирбесин деп чайнекте кайнап жаткан сууну жыланга куюп жиберип өлтүрүп койгон экен. Кечинде үйдү онго жакын жыландар тегеректеп, ырымдап ак чачса да кетпей, бешиктеги кызын чагып, анан кетишиптир.
1982-83-жылдары каналдын башында жыландын уюктары көп эле. Бензин ташыган бир орус улутундагы киши жыландардын үстүнө бензин куюп өрттөп жиберген. Ал жактагы жыландар жок болуп, бул жерден чыга башташты. Баары бул жакка агылып келген го. Демек, уюктарын айылдан сырткары жакка жылдырса болсо керек.
Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгына караганда, мектептин астында эки түрдөгү жыландар – узундугу 35-90 сантиметр болгон кызыл боор суу жылан жана наардуу жыландар уялашкан. Баарын эмес, бирок бир топ жыландарды кармап, элдер кызыл боор суу жыланды сууга, наардуу жыланды айылдан алысыраак адырга ташташты. Ошол окуядан кийин 3 күн өткөн соң мектептин мугалимдерине байланышсам, «учурда мектепте окуу жүрүп жатат, азырынча жыландардан эч кандай кабар жок» деп билдиришти.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg