– Жолдошум менен баш кошконума 5 жылдын жүзү болду. Эки балам бар. Ушул жылдар ичинде күйөөмдү көп алдадым, көп уруш чыгардым. Абысындарым менен да чатакташкан күндөрүм болду. Кайненеме тилим тийди. Ушулардын баары жыйналып келип күйөөмдү күйгүздү окшойт, «ажырашам» деп жатат. Эмне кылып үй-бүлөмдү сактап калам?
Нураида, 29 жашта, Каракол
– Эмне кылмак элең, кайненеңдин бутуна жыгыл, ыйла, төгүл. Уятты жыйыштыр. Кызматын кылып, мончого алып барып жуунтуп, белек берип көңүлүн тап. Абысындарыңдан да, күйөөңдөн да кечирим сура, намаз оку. Ошондо алардын жүрөгү жибип, кечиришер.
«СӨЗ УКПАГАН АЯЛДЫ УРУУ КЕРЕКПИ?»
– Жакында биз жакка дааватка келгендердин биринен «аялды урса болобу?» деп сурасам, ал «болот, тиш щётка же ошондой салмактагы буюм, же кийген чапаныңдын жеңи менен уруу керек» деди. Анын жообун баланын сөзүндөй көрүп койдум же чын айттыбы?
Марат, 35 жашта, Кадамжай
– Шариятта аялды да, эркекти да уруу – күнөө. Эгер аял күйөөсүнө баш ийбей, тоготпой, үй-бүлө бузула тургандай абал түзүлсө, алгач түшүндүрүп айтуу керек. Ага болбосо бир бөлмөдө эле төшөктөрүн бөлүп жатсын. Бул да жаза түрү. Анда да болбосо «ушу менен токто, тарбияга кел» дегенди туюнтуп, аялды чапандын жеңи менен урса болот. Башкача айтканда, символикалык эле түрдө уруп коёт. Аял мында да болбосо, туугандар чакырылып, ортого салынат.
«АПАМДЫ КАНТИП АЖЫРАШТЫРАБЫЗ?»
– Апам 45 жашта. Атам экөө мурун эле ажырашып кетишкен. Эми мындан 5 ай мурун апам күйөөгө тийип алды. Агам бар, ал 25 жашта. Агам экөөбүз тең апамдын күйөөгө тиерине каршы болгонбуз, азыр деле каршыбыз. Ал агамдын баласын багып үйдө отуруш керек эле... Эми апамды ажыраштыра албай убарабыз. Динде балдарын таштап күйөөгө тийген аял жазаланабы?
Зульфия, 18 жашта, Жалал-Абад
– Апаңар дале жапжаш экен. Балаңарды багып отургудай эмне, анын деле өз жашоосу бар да. Агаңдын аялы бар экен, сен деле күйөөгө тиесиң, анан апаңар жалгыз калат. Бала да, кыз да апага күйөө болуп бербейт. Ажыраштырабыз дебей, өзүңөрдү тыйгыла.
«МАГНИТКЕ ДУБА ОКУТУП ИЛҮҮ ТУУРАБЫ?»
– «Соодам жакшы болсун» деп айрымдар магнитке дуба окутуп, дүкөнүнө илип коюшат. Күнөөбү?
Сейит, 37 жашта, Бишкек
– Алда бир тууганым, а-ай! Магниттин сооданы жүргүзгөнгө кудурети жок. «Ушинтсем акчам көп болот» деп ишенүүнүн өзү күнөө. Кудайдан гана сурап дуба кылуу кажет.
«МАЛДЫН КАНЫНАН БЫЖЫ ЖАСАП ЖЕСЕ КҮНӨӨБҮ?»
– Союлган малдын эмнелерин жегенге болбойт жана эмне үчүн? Аккан канынан быжы жасап жешет. Бул шариятка туура келеби?
Сапар, 32 жашта, Талас
– Кан – арам. Малдын туягын, жыныстык мүчөлөрүн жана жумурткалыгын (эн бези), омуртка ортосундагы чучугун, сыйрылган терисин, өтүн (бирок аргасыз дарылык максатта колдонсо уруксат), табарсыгын, бездерин жегенге болбойт, макүрөө. Айрымдар күчтөнөбүз деп кочкордун жумурткалыгын жешет экен, бул күнөө. Быжы жегиси келсе, боорду туурап же эзип кошушсун, сонун эле болот. Омуртка чучугу омкорулуп алынгандыктан, макүрөө. Ал эми жилик сөөктөрүнүн чучугун жегенге уруксат, анткени ал чагылып желет.
«СКАЙП АРКЫЛУУ НИКЕ КЫЙДЫРСА МҮМКҮНБҮ?»
– Мен учурда Москвада иштеп, жашайм. Сүйлөшкөн кызым болсо Бишкекте. Эми ал мага келип, экөөбүз жашамак болуп жатабыз, ата-энелерибиз макул. Мен Бишкекке барып убара болбой, скайптан нике кыйдырсак деп ойлоп жатам.
Юсуп, 26 жашта, Москва
– Сен антип жок жорукту кылба. Сага мындай жолду үйрөтүп берем. Нике кыйылуучу жерге, мисалы, мечитке же үйгө сүйлөшкөн кызың барат. Сенин ордуңа өкүл катары Бишкекте жашаган агаң (иниң же таякең) барат. Ал үчүн агаңа алдын ала телефондон айтып коюшуң керек. Анан молдо нике кыят, никеде сенин айтчу сөздөрүңдү агаң сенин атыңдан айтып турат. Нике кыйылганда күбө катары эки эркектин же бир эркек менен эки аялдын болушу шарт. Бирок никенин кыйылгандыгын туугандарга жарыя кылуу зарыл. Болду, кызың сага барып, жашай бересиңер.
«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМ ТАЗА ЧЫККАН ЖОК...»
– Үйлөнөбүз деп сүйлөшүп жүргөн кызым менен жаткам. Бирок анын кыздык абийири жок экен. Эми аны албай койсом күнөөкөр болбоймбу?
Мурат, 27 жашта, Ош
– Муну кара, күнөө иш кылып коёт да, «албай койсом болобу?» дейт. Алганда да токтоосуз алышың керек! Мүмкүн, ал кыздын кыздык чел кабыгы чоюлчаак болуп, кыздыгы бүтүн бойдон калды! Андайлардын кыздыгы төрөгөндө бузулат. Балким, айып сендедир. Өзү периште болуп кеткенсип албайм деп чыкканын!
«ЧАПМА НИКЕ ДЕГЕН БАРБЫ?»
– Азыр чапма нике модада имиш. Үй-бүлөсүнөн алыс жакта жашаган эркектер каалаганы менен убактылуу никеге туруп, каалаган учурда талак берип басып кетет экен. Ал тургай сойкуканаларда да 1 түнгө, 2 түнгө дегендей чапма никени ишке ашырып жатышыптыр. Ушундай нике туурабы?
Зейне, 40 жашта, Бишкек
– Жок, бул туура эмес. Бул сойкулук. Мейли 10 күнгө, мейли 1000 күнгө же 50 жылга десе да нике убактылуу болуп эсептелет жана сойкулукка жатат. Анткени убактысы чектелип кыйылган нике шариятка туура келбейт. Андай нике кыйылбагандай эле болот.
Сиздердин сурооңуздарга дин аалымы Чубак Жалилов жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, диний кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду 0312 32 33 28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg