Үйгө сыйлуу коноктор келишсе, кыргыздар сырттагы очокко эт асып же аш басабыз. Мындай учурда аба ырайы бузулуп, жамгыр же кар жаап жатса, очоккана көздөн учат эмеспи. Мына ушундан улам коногу үзүлбөгөн кыргызга очоккана сөзсүз керек десек жаңылбайбыз. Төмөнкү макалада ыӊгайлуу очоккана тууралуу сөз кылмакчыбыз.
АЛГАЧ ОЧОККАНАНЫ КУРУУДАН БАШТАЙЛЫ
Очоккананын аянты узуну 3 метр, туурасы 2,5 метр болсо жетиштүү. Ал эми буга канча каражат кетет, эсептейли.
Пайдубал: Узуну – 3,5, туурасы – 3 метр жана бийиктиги – 0,7 метр (жерден үстүнкү бөлүгү – 0,5 метр жана жер алдындагы бөлүгү – 0,2 метр). Буга 3 метр3 бетон керектелет (560 килограмм цемент, 2 тонна кум жана 3 тонна шагыл).
Дубал: Дубалдын жалпы көлөмү – 30,2 чарчы метр. Ошондо 2600 даана кыш, кыш коюуга 0,692 метр3 аралашма (400 килограмм цемент жана 1,6 тонна кум).
Чатыр: 14 даана устун, 12 рейка жана 20 даана шифер.
Эшик, терезе: 1 даанадан.
Пол: Жалпы аянты – 7,5 чарчы метр. Ал эми очок жайгаша турган жердин аянтын кемитсек, анда 4,5 чарчы метр аянт калат. Бул аянтты цементтен аралашма жасап, 0,05 метр калыңдыктагы пол төшөйбүз. Ага 0,22 метр3 аралашма керектелет (112 килограмм цемент жана 337 килограмм кум).
ЭМИ ОЧОКТУ КУРУУГА ӨТСӨК
Очоккана даяр болгон соң очокту курууга киришели. Мында чоң, орто жана кичине казанга ылайыктуу үч көздүү очокту алып эсептөө жүргүзөлү:
Очок: Узуну – 2,5 метр, туурасы – 1,3 метр, бийиктиги – 0,8 метр.
Буга жалпысынан 600 даана кыш, мештин 3 даана чоң, 3 даана кичине эшиктери жана бир даана мештин үстүнкү плитасы керек. Мындан сырткары мордун чатырдын үстүнкү бөлүгүнө 1 метрден кем эмес 1 даана асбест түтүк зарыл.
КУРУУ ИШТЕРИ
МОР ЧЫГАРУУ
Үч очоктун морун бириктирип бир жерден чыгарууда көңүл буруучу жагдайлар:
1. Очоктордун ар биринен чыккан өткөөлдөр ортодогу морго 45 градус жантайыңкы абалда келип туташышы керек.
2. Морго келип туташкан туштагы өткөөлдөрдүн бири экинчисинен өйдө болуусу шарт.
3. Мордун ичинин узуну 50 сантиметр, туурасы 30 сантиметр болушу абзел. Ал эми бийиктиги шыптын бийиктигине жараша болот. Ошондой эле морду көөлөгөндө түшкөн көөнү чыгаруу үчүн ылдый тарабына чакан эшик жасалат.
Кошумча:
Очоккана жана очокту куруу боюнча өзүнүн кеп-кеңеши менен бөлүшкөн 38 жылдык курулуш тармагында тажрыйбасы бар Артыкбек Бабаназаровго ыраазычылык билдиребиз.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg