Жаз менен кошо айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо мезгили келди. Салтка айланып калгандай эле бул жылы да чыгармачыл адамдардын катышуусу менен «Ата-Түрк» сейил багында жайгашкан «Супер-Инфонун» «Достук» багында ишембилик өткөрдүк. Ишембиликке кол кабыш кылганы «Кеңеш» тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов, «Жебе» тобунун жигиттери, Айгерим Расул кызы, Гүлнур Асанова, Асел Кадырбекова, Бегимай Бекбоева, Нурлан Насип, Самат Эркинбек уулу, Жоодарбешим жана «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевалар келишти. Ишембилик күлкү- шаң менен коштолуп, пайдалуу иштер менен бүттү.
Ишембилик саат экиге белгиленип, күн ысык болгонгобу, жумуш учурунда көп ырчылар ысыкка чыдабай, көлөкөгө качып жатышты. Ырчылар тигилген бактардын түбүн жумшартып, чириген жалбырактарды тарап, таштандыларды чогултуп, айтор, шайы оогончо иштешти. Тыныгуу учурунда тамашалашып, чогуу сүрөткө түшүшүп, бири-бирин зериктиришкен жок. Учурдан пайдаланып кызуу иштеп жаткан Айгеримге төмөнкүдөй суроолорубузду узаттык.
– Айгерим, үйүңдө деле ишембиликте жасаган жумуштарды кыласыңбы? – Ооба, мындай жумуштарды кылгандан качпайм. Учурда жер там салып жаткан кезибиз. Ошол жакка барып, бая күнү толтура арча отургузуп келдик. Мени көп эле жерге ишембиликке чакырышат. Алар мени кара жумуш кылдыртып, кыйнап иштеттиргиси келбесе керек, жөн гана эл көзүнө көрүнгөн адамдардын кылган иши башкаларга үлгү болсун деген максатта чакырышат.
– Ал эми «Супер-Инфо» уюштурган ишембилик эмнеси менен өзгөчөлөндү? – Биз барган «Достук» багы таза эле экен, ошентсе да таштандыларды чогултуп, чириген жалбырактарды тарап, бактардын түбүн жумшартып койдук. Мурунку тигилген көчөттөр чоңоюп калыптыр. Сейил бакка эс алып келгендерге деле жакшы да, тегерек чети таза болсо. Мага жакканы, ырчылар баарыбыз жапа тырмак иш кылып, шаңдуу маанайда жумуш кылганыбыз болду. Жоодарбешим, курбум үчөөбүз болуп селкинчекке түшүп келгенге да жетиштик. Кыскасы, эс алуу менен жумушту айкалыштырган сонун ишембилик болду.
– Ишембиликке келген ырчы кыздар баарыңар жасанып келгендей туюлду мага? – Көпчүлүгүбүз эле спорт кийимчен келдик го, мен чачымды үйдө деле жайып жүрөм. Тескерисинче, мен ишембиликке боёнбой келдим (күлүп).
«Ак кол дебегиле, биз айылда эле кара жумуш жасап чоңойгон балдарбыз» деген «Жебе» тобунун жигиттери бирден тырмоо алып жумуш кылууга жөнөштү.
Мүзүр менен Жоодарбешим бактардын түбүн жумшартып жатып эле кызуу бир нерсени талкуулап кетишти. Иштеп жатканын унутуп, талкууга берилип кеткенине караганда, сыягы чыгармачылык жөнүндө окшойт.
«Мырзалар биз үчүн бүтүрүп коёт» деген ишенимде Айгерим курбусу менен попкорн жеп, иштеп жаткандардын көзүн кызартты.
Гүлнур таштанды чогултуп жүргөндө конфет таап алып, жаш балача сүйүндү.
«Тазаланган эмес, таштанды төгүлбөгөн жер таза» деп Гүлнур менен Бегимай колдоруна пакет алып, таштандыларды терип баштаган чагы.
«Супер сулуу» Орункүл бүт жумуштарды кылганга жетишип жатты. Гүлнур экөө сейил бактагы кичинекей күчүктөрдү көрө калып, алардын да курсагын тойгузушту.
Ишембилик бүтөйүн деп калганда Нурлан Насип менен Самат Эркинбек уулу келип, «Кечиккенибиз үчүн кечирим
сурайбыз, эмкиде кеңсеңиздердин алдын шыпырып беребиз» деп тамашалап кутулушту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
KGZ.KG.9695
2014-04-29 01:35:48
суроттор зор экен +5 эми мен акыркы жаздымго
0
antiwithin14
2014-04-29 01:45:37
Орункул жакты.
0
rushana85
2014-04-29 09:39:27
оой ушул Айгерим ушул жерде да Алар мени кара жумуш кылдыртып, кыйнап иштеттиргиси келбесе керек, жөн гана эл көзүнө көрүнгөн адамдардын кылган иши башкаларга үлгү болсун деген максатта чакырышат.иш деле кылбай журотко анын эмнеси улгу болсун
0
ZANIA-92
2014-04-29 12:27:44
Айгеримдин жанындагы курбусу эмес эле синдиси Айпериго,мен ал кызды коп эле корчум 7-микирайондон. Айгерим канча бир тууган?маалымат берип коесуздарбы
чачы жайылган кыздарды коруп аябай жудоп кеттим, экранга колумду салып байлап салгым келип кетти. Оздору деле ойлонушса болмок. Супер инфо вы молодцы. уважаю!
+2
kg86
2014-04-29 15:14:58
чачы жайылган кыздарды коруп аябай жудоп кеттим, экранга колумду салып байлап салгым келип кетти. Оздору деле ойлонушса болмок. Супер инфо вы молодцы. уважаю!
0
kg86
2014-04-29 15:16:08
Гулнур азамат, чындап эле ишембилик кылам деп даярданып келиптир. Ишембилике ушинтип эле кийинип, чачты апсайтпай орот. Азамат.
+2
aida2013
2014-04-30 14:28:53
ушундай иш чараларды коп колдонуп бишкектин башка жерлерин тазалатып койсонор жакшы болот эле.тазалык бар жерде жакшылыктын нуру чачырап турат го дейм.
0
Gulichka.milichka
2014-04-30 23:03:33
форумчулар деле барганда жакшы болмок.
0
rnurzida
2014-05-01 00:28:58
Мен да баргым келди. Мынтип иштебегениме 2жыл болуп кетиптир. Буйруса Бишкекке барганда ушул достук багына барам.
0
alik1602
2014-05-01 09:59:28
жакшы жакшы азаматтар,ошенткиле гастролдорунар жок болсо шаардын баардык жерлерин тазалагыла,калган ырчылар каякта
0
sparkle
2014-05-02 15:23:54
Тиги биринчи суротто Жоодарбешимдин тушкону кантет перчатки кийип озун жылдыз сезип фотосессия болуп аткансып тушуптурго )))
0
naaazka
2014-05-02 15:26:00
bul kyzdar iwtegeni emes ele figuralaryn korgozgonu kelgenbi kiyingenderi kantet chachtaryn sapsaityp jaiyp. asel djinsy kiyip alyptyr toova kantip iw kylmak ele terdegende makiyajdary dele agyp ketse kerek. gulnur eje siz azamatsyz
0
Gulshan_kf
2014-05-05 21:21:41
азаматсынар!
0
Gulshan_kf
2014-05-05 21:22:44
форумчулар чогулбайлыбы бизда
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.