Алмазбек Раимкулов:«АССОЛЬ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА БАЛА БОЛБОГОНУНА СҮЙҮНӨМ»

Мындан эки жыл мурун белгилүү дизайнер, шоувумен Ассоль Молдокматова менен мушкер Алмазбек Раимкуловдун сүйүүсү, андан кийин баш кошуусу элди дүң кылган. Бир жарым жылдан соң «алар ажырашып кетишиптир» деген кеп тарап, бирок түгөйлөр ал сөздү жокко чыгарган. Акыркы күндөрү ошол тема кайра козголуп, элдин аңдыганы эле экөө болуп калышкан эле. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билгиче эле Алмазбек Раимкуловдун Голливуд тасмасында башкы ролду жаратып жатканын угуп калдык. Мушкер жашоосундагы акыркы жаңылыктарын жашырбай, ачыгын айтып берди.
– Саламатсызбы, Алмаз мырза? Сизди «Голливуд тасмасында башкы ролго тартылып жатат» деп уктук. Кубанычтуу кабарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?..
– Саламатчылык. Ооба, учурда Голливуддун жаш режиссёру Давиде Молино тарткан мелодрама жанрындагы тасмада башкы ролду жаратып жатам. Тасма реалдуу турмуштан алынган. Каарманымдын тагдыры да меникине окшош. Андыктан дароо эле бул идеяны жактырып, макулдугумду бердим. Спорт жаатында эле жүрө бербей, актёрдук шыгымды ачканга неге болбосун? Өзүм деле «Голливуд актёру» деген атка конгум келет.
Мен жашоодо көп нерсеге туш болдум. Эң биринчи эле алыста жүргөндүктөн мекениме болгон кусалык дайым менде жашап келерин айтайын. Андан сырткары спорт жаатындагы жараткан ийгиликтерим, утуштарым көп болду. Кубаныч-кайгы, сүйүү сезимдери, катачылык, ажырашууну башымдан өткөрдүм дегендей...
– «Ажырашуу» дегениңизден улам бул суроону бербесем болбос. Көптөн бери эл арасында Ассоль айым экөөңүздөрдү «ажырашып кетиптир» деген кеп жүрөт. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Бул сөз чындык. Жашырганда эмне, Ассоль менен чогуу жашабай калганыбызга бир нече ай болду. Экөөбүз расмий түрдө ажырашканбыз.
– Сыр болбосо, айтсаңыз, ажырашууңуздарга эмне себеп болду?
– Биздин ажырашуубузга мен эч кимибизди күнөөлөбөйм. Чогуу жашап жүргөндө биз ушунчалык таттуу, бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ага күйөрмандар да, жалпы эл да күбө. Кээде бакыт түбөлүктүү болбой калат экен. Ассоль менен бирге кечирген күндөрдү, албетте, унутпайм. Кыргызда «Маңдайга жазгандан качып кутула албайсың» деген кеп бар эмеспи. Ассоль экөөбүздүн турмушубуз ошондой болуп калды. Маңдайыбызга чогуу болуу жазылбаган экен, тагдырга моюн сундук. Ассоль да, мен да өйдө-ылдыйды түшүнгөн адамбыз. Ошондуктан айрымдардай болуп урушуп-талашпай эле акылдашып, ушул чечимге келгенбиз.
– Адатта, эки ажырымга түшкөндөр бет карашпай калышат эле. Сиздерде кандай бул жагдай?
– Азыр экөөбүздүн тең интернеттеги жеке баракчаларыбыздагы сүрөттөрүбүздү карап көрсөңүздөр, бирибиз да депрессияга батып, капаланып калган жокпуз. Экөөбүз тең жаңы дем менен жаңы жашоону баштаганыбыз билинип турат. Биз келечекте бир болбосок да, дос катары кала беребиз деп ойлойм. Бирок достуктан жакын нерсе болушу мүмкүн эмес. Экөөбүз тең жашпыз, келечекте сөзсүз өзүбүздүн чыныгы сүйүүбүзгө кезигерибизге ишенем.
Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин, ортобузда наристе боло элек эле. Эгер бала болуп калса, анда ортодо күнөөсүз наристебиз жабыр тартып калмак.
– Бизге берген мурунку маегиңизде «Ассолго жаш кезде эле жетем деп максат койгом» деген элеңиз. Орундалган кыялыңыз көпкө узабай калганына өкүнгөн жоксузбу?
– Адам баласы жашоодо көп нерсеге туш болот экен. Мен жашоодо жакшы аялдар менен турмуш курдум. Ортобузда болгон бактылуу күндөр, таттуу сезимдерди жүрөгүмө сактап келем. Өткөн ишке өкүнбөш керек. Өкүнүч алдыга кадам таштоого тоскоолдук гана кылат.
– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Алмаз Раимкулов менен Ассоль Молдокматова 2012-жылы 25-март күнү Лас-Вегаста үйлөнүшкөн.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (93)
Birin4i ayaldyn mazzasin, ekin4isi sazaiyn bersin degen uwul da, Almazbektin 1 kelin4egi menin podrujkamdyn ejesi bol4u, alar Amerikada jawait ele go, emi 1 nen baldary bar, alardyn ubalyna kalbai kairylyp barsyn!!!
Тез алоолонгон от чок болбойт,чок болсо да от болбойт.
Баарынар ич куйдулук кылып коммент жазыпсынар, бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт болуп, озу боло албайт, болгондорду коро албайт дегендей... Ар бир адам бактылуу болууга умтулат жана бактылуу болууга татыктуу. Аранардан канчалаган кыз кыздык намысынан эрте айрылып, канчалаган эркектин тошогундо болуп анан эрге тийип жатат, канчалаган эркек уйлонуп деле ала жипти аттап кыз-келиндер менен кумарга батып зынакорлук иштоодо. Эмнеге озунор улгулуу боло албайсынар башка бироону сындоодон мурун!.
2 жаш турмуш оту куйушпой ажырашыптыр, мунун эмнеси куноо, никесиз жашабады го, парк, сауна, гостиницанын жолун жакшы билген башкалары сымал! Мурунку аялы Алмазды тушуно билбеген, кругозору ото тар аял болуучу, негизи эле адам аялы менен бактылуу боло албаса, бирбирин кыйнап силер сымал эл козуно жашагандан коро ажырашып, оз бактысын издеген туура эмеспи, Алмаз 37, Ассоль 33ко чыгыптыр, эл ортосуна эми келишти, коп нерсе али алдыда, мен буларга ийгилик жана чыныгы бакыт каалайм!!!
Revolyutsioner, Мен билбептирмин Ассоль 33 экенин билбептирмин мен аны бир 40 га жакындап калган экен десе.
Revolyutsioner, Assol 33 to emes.1975-jylky.Prosto 1980-jylky bolup jasharyp alyptyr.super infonun eski sandarynda bar 5 jyl murunku
Бул 2 инсан айрым коро албастардан айырмаланып Кыргызстандын желегин дуйного желбиретип, атын чыгарып келет, экоо тен жаман жоруктары менен элдин эсинде калган эмес, ал эми ажырашуу азыр ар 2-уй-булодо кездешет, бул тагдырдын сыноосу, ошону туура тушунуп, оз жашоолорун кайра жаныча куруу ар биринердин колунардан келе бербейт, булардын ордунда болгон башкасы мункуроп, тагдырына наалат айтып сынып калмак... Озунордун чыгаан уул-кыздарынарды баалаюбайсынар да жеп-жутарларды сагалайсынар, уят
Revolyutsioner, чындыктан качып кутулбайт. Чындыкты жазып коюшту да, ар ким озунун пикирин.
Эч ким ушуга чейин тагдырга жазылгандан качып кутула элек,эми сабырдуу болуп турмуштун ушул сабагынан туура тыянак чыгарса жакшы болот. Анан мен сыяктуу коммент.ээлеринин создорун эрикпей 13-15 адам жактырбаптыр,жалпыга жарыя кылынган ишке, ар кимде ой-пикир жаралат. Бироонун сын-пикирин жактырбаса эркек башы менен ажырашканын жарыя кылбашы керек эле. Жарыя кылдынбы,ачуу чындыкка да туруштук берип коюу керек. Бул менин жеке оюм.
Revolyutsioner молодчик!, жакшы жазыптырсын. Негизи сын айтканга баарбызы кыйынбыз ээ. Атан гору тим эле устукандап жиберебиз го. Мейли эми экоо ажырашса оздорунун чечими болду да. Окуруп бакырып ал жаман болчу, минтчу, тигинтчу дебей кулуп жайнап эле дос бойдон калалы деген турбайбы. Ассоль айым жаш, фигура 5 дагы далай жолу эркекти кызыктырып, далай жолу канат. Алмаз деле кучундо болуп турган убагы, далай кызды жалдыратып далайга жарайт. Эн башкысы эмкисинде адашпай тугойлорун таап алса болду.
Tao, сразу эле интимный байланышты чагылдыра салыптырсыз!
Ажырашса ажырашыптыр эми бул алардын жеке жашоосу.Ассоль негизи Супер айым канчалаган ийгиликтерди жаратып келатат.Кыргыздын корунуктуу шоувумени.
Ат айланып казыгын табат, эр айланып уйуно кайтат. Келинчеги баары бир кечирет го Алмаз агабызды.
mi-li-na,emi bis biroonun jashoosna akybys jok kijrigishkenge!1-ajalyna baraby jopku Almas baike osu chechet!Almas baike menen Assol eje osdorunun jashoolorun kandai kylyshty bisden surashpait!Emnesi bolso dagy kyrgysdyn jelegin alysky jaktarda kancha jolu jelbiretip elibisdin atyn chygaryshkanyna abdan yraasymyn ekoono ten!40ka chyksa ele boldu emi kartaidyn emi jashoon bolboit baryp asynyp ol desh kerekpi40 chygyp alyp jashmyn deit degenderge aitaarym:ar bir adam osunun tagdyryn korot!!!
Ассоль айымынар мага такыр жакпайт ону тусун карагылачы ииий накта сулуулукка эмне жетсин!
Dolbooruwka, onu tusu chyn ele plastikalyk operzija jasalgany korunup ele turat! Oshondoi bolso dagy Assol Moldokmatova kyrgys eline kysmaty otkon jana otup jatkan adam! Oshon uchun men any syilaim!
Бул экоо Галливуд жылдыздарындай болобуз дегенго.Эркек адам бир адашат экинчи жолу адашканда эркектин аялдардай женил ойлуу экенин билдирет.Мурунку аялын жамандаган эркектен Ассоль эмнени кутту экен.
nura27, Erkek adam emne adam emes beken! Kudaym osu ele kemtiksis bolboso bis jonokoi ele adambys. Erkek dagy ajyrashkaga ukugu bar! Emne Assol menin ekinchi ajalym dep jashooloru bolboi biri biri menen mamile tuso albai kalsa dagy bashyn bailap alyp omur boj osun jep otush kerek bele! Jashoonu ele onoi olton koro beret okshoisus! 1-nikesindegi adam menen tushunushup omur boju kol karmahsyp ketken adamdar baktyluu adamdar! Al bakyt eldin baarynda ele bolboit eken!
Мурдагы жубайы Алмазды олуп бара жатса да кечирбейт болуш керек менимче..баса Алмаз чыныгы эркек болсо мурдагы аялы мин жаман болсо да ушактап балжырабайт эле.. ал жаман болсо да балдарынын апасы болчу...унчукпаса жарашмак..анан кандай эле Алмаздыкы гана туура башкалардыкы ката...деги эле Ассол деле периште эмес, аны менен суйуу мамилесин курган эркектердин бири да аны менен бактылуу болушкан эмес..анан кантип Алмазды бактылуу кылмак эле..бул деген миф...Кудай сактасын ушундай куйоодон
bayana1987, Jigit joo jurso ushul jon jurboi koidu dep el jeerijt! Jigit too minse tobosun kokko jetkisip maktap jaktap janynda koshomat aityp jurushot degendei ele kep da jasganynys! Biroonu synagandan koro osubus ajyrashpai 1-nikebis menen baktyluu bololu dep baktybysdyx Kudaidan tileili!!!
Ассоль жагат мага аябай. Эми бешене да. Башкаларга окшоп ажырашкандан кийин бирин бири жамандабай, дос катары саламы туз болуп кетсе ен жакшыго.
Ийгилик
мудурбос туяк.
Жанылбас жааак болбойт.
Жазат десе жаза бербегилечи.Алмаз алыста журсо да,утушка жетсе мекеним Кыргызстан деп кыргыз желегин котруп чыгат.Ассоль болсо улуттук кийимдерди дуйного таанытып жатат.Кана киминер мекен учун эмне кылдынар.Коро албастык ичи тардыктан качан айрылабыз.Биронун жеке жашоосун сынаганча,озубуздун жашообуздан жакшылык тилейли.