Элибиздин сыймыктуу уулу, «Замандаш» партиясынын түптөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновдун жубайы, актриса Айжан Акылбекова учурда хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып, 3 уулун тарбиялап, өзүн теледен сынап келет. Бүгүн биз ажарлуу актриса менен үй-бүлө, балдарга тарбия берүүдөгү өзгөчөлүк жана чыгармачылык тууралуу баарлаштык.
– Cаламатсызбы, Айжан, учурда кандай иштер менен алек болуп жатасыз?
– Кандайсыздар, быйыл кышы менен жеке иштеримден колум бошобой, коомдук иштер менен алектенгенге такыр убакыт болгон жок. Учурда тележурналистмин, ушул тапта коомдо чоң орду бар долбоорду даярдап жатабыз. Жайы менен иштеп чыксак, буюрса, күз айларында даяр болуп калат. Мындан тышкары хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып келем. Ар бир мусулман адам колунан келген жакшы нерселерди кылуусу керек. Апаларга, эжелериме, сиңдилериме коомдо өзүн татыктуу алып жүрчү кийимди тандоого жардам берүү колумдан келет экен, ошону аткарып жатам.
– Азыр жаш кыздар байларга экинчи, үчүнчү жубай болуп турмушка чыккандарын көрүп эле жүрөбүз, ушундай түгөйлөрдүн ортосунда сүйүү болушу мүмкүнбү же жөн эле бай жашоонун далалатыбы?
– Чындыкка тике карай турган болсок, тээ атам замандан бери кыргыздын бай-манаптары «байбиче», «токол» дешип, бир нечеден аял алып келишкен. Андыктан сиз айтып жаткан маселе кыргыз элине жат көрүнүш эмес. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, бирөөгө кеңеш берүүдөн алысмын. Анткени бул нерсени ар ким өз дүйнө таанымына, илим-билиминин деңгээлине жараша кабылдайт. Менимче, сезим болбогон жерде үй-бүлө көпкө кармалбайт. Эгер кыз байлыкка чөмүлгөндөй жашоону максат кылса, анда ал максатына жетет, анткени баарын камсыз кылып, жаш кызды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн үйдө отургузуп койгон эркектер толтура. Андай эркектер аялын элге алып чыкпайт, шарият талап кылгандай «аялым» деп ачык көргөзбөйт. Бирөөнүн экинчи же үчүнчү аялы болосуңбу, эң башкысы эл сени ошол адамдын аялы катары таануусу керек.
– Жеке жашооңуз тууралуу сурасак. Кайын журтуңуз менен мамилеңиз кандай?
– Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, жээн-бөлөлөрүм менен бир туугандай болуп катышам. Башка түшкөн чоң кайгы адамдарды жакындатып же алыстатып коёт экен. Мухтарга турмушка чыккандан кийин мен үч агалуу болгом. Алар Мухтардын ага-инилери. Мурун бир иш жасасам Мухтарды ойлочумун, азыр Мухтардын бир туугандарын ойлоп калдым, «Эмил байкем, кайнилерим кандай кабыл алат» деп. Мен аларга толугу менен ишенем.
– Жаш туруп башыңыздан көп кайгы өткөрдүңүз, жолдошуңуздун көз жумганына 3 жыл болду, көөдөнүңүздөгү күйүт басаңдадыбы?
– Башыма келген ар бир сыноону Алланын ырайымы деп түшүнөм. Албетте, сыртыңдан билдирбегенге аракет кыласың, бирок бул нерсе мени менен өмүр бою жүрө турган оору. Өтүп кетпейт, унутулуп калбайт, бул ушундай бир азап. Муну менимче баласын жоготкон энелер гана түшүнөт. Жашоо бардай, ошол эле убакта жоктой.
– Артыңызда жашооңузга үмүт берген балдарыңыз турат эмеспи?
– Ооба, азыр балдарым үчүн жашагым келет. Бирок Мухтардын көзү өткөндөн кийин күнүмдү санап жашайм. Себеби ошол окуядан кийин гана өлүм менин башыма да келерине ынандым.
– Уулдарыңыздын ичинде атасынын жолун жолдоп, саясатка ыктачулар барбы?
– Билесизби, мен балдарымды башка нукта, саясаттан алысыраак тарбиялаганга аракет кылам. Билбейм, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болушу мүмкүн. Бирок Мухтардын көзү тирүү кезинде көп татаал кырдаалдарга туш болгонбуз. Саясат эмне экенин өзүмдүн жон терим менен сезгем. Бийликтеги адам дегеле адамга жакпайт, андыктан балдарымдын чөйрөсүнүн чектелишин каалабайм. Бул нерсе мага абдан оор, анткени Мухтардын жасай албай калган иштери үчүн ичим ачышат.
– Балдарыңыз кимге окшош?
– Кичүү уулум Адам адамдар менен бат тил табышат, анан ким эмне сураса бере коюп, кайра колунда эч нерсеси жок келип калат. Жеп жаткан нерсесин да жарымын тиштеп, жарымын сураган адамга берет. Ошол жагы атасын тарткан. Ал эми экинчи уулум Атахан мага окшош, жалгыздыкты жакшы көрөт. Өзү каалаганда гана байланышка чыгат. Бир таарынса беш-алты күн үн катпай жүрөт. Улуу балам Бакай Мухтар экөөбүздү тең тарткан, дипломатиялык байланыш түзгөндү мыкты билет. Менден бирдеме сурагысы келсе кагазга жазып туруп, бөлмөмө коюп коёт. Мухтар өзү кичүүбүз Адамды өзгөчө жакшы көрчү. «Бул баламды өзүм төрөгөм» деп да тамашалап калчу. Эртең менен жумушка бара жатканда өзү тамак берип, Адам атасынын бутун кучактап, «кетпе» деп ыйлаган боюнча калар эле.
– Сиз азыр жашсыз, жылдар өтөт, «убакыт баарын дарылайт» дегендей, келечекте жаңы турмуш курушуңуз мүмкүнбү?
– Бул мен үчүн жабык тема. Жараат айыкпайт, ал жөн гана өтүшүп кеткен дартка айланат, орду толбойт. Мурункудай курч болбосо да басаңдашы мүмкүн, бирок жүрөгүңдө дайыма ал адам жашайт.
– Өткөн күндөрдөн өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?
– Эл көзүндөгү адам болгондон кийин сөзсүз ызаланууга, акыйкатсыздыкка туш болосуң. Жеке жашоомдо болуп өткөн окуялар мени абдан чыңалтты, бышырды. Азыр мени сөз менен кемсинтип, ыйлатуу дээрлик мүмкүн эмес. «Эгерде» деген шайтандын сөзү бар эмеспи. Анын сыңары, эгерде мен Мухтар Кубага кетип жатканда аны акыркы жолу көрүп жатканымды билгенимде, көп нерсени айтып алмакмын. Азыр мага бул шаарда жашоо өтө оор, себеби анын ар бир бурчу Мухтарды эстетет. Мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөдөгү мусулман мамлекеттеринин биринде жашагым келет.
– Мухтар байке сизге кандай белектерди берчү эле?
– Мухтар менен жашаган алты жылда менин вазам гүлсүз, бош турчу эмес.
– Маегиңизге чоң рахмат!
КЫСКА СУРОО-ЖООП:
– Мухтар байкенин биринчи жубайы менен мамилеңиз начар деп угуп калабыз?
– Ал киши менен мамилебиз жаман да, жакшы да эмес. Эгер биз сүйлөшпөсөк, кантип жаман же жакшы болушу мүмкүн.– Балдарыңызды жолдошуңуздун биринчи никесиндеги балдары менен катыштырасызбы?
– Ооба, бир туугандар абдан жакшы мамиледе.– Түндө көбүнчө эмнени ойлоносуз?
– Жатар маалда «эртең менен ойгономбу же ойгонбоймбу» деп ойлоном.– Эгерде сизге дагы бир өмүр берилсе, эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Жоолукту өз убагында, бойго жеткенде эле салынмакмын.– Учурда бактылуусузбу?
– Бактылуумун же бактысызмын дебейм. Баарына шүгүр кылып жашайм.– Үйдө болсоңуз деле жакшынакай жасанып жүрөт экенсиз?
– Ооба, мен үчүн Мухтардын элеси кымбат, андыктан үйдө жүрсөм дайыма таранып, боёнуп жүрөм.
Лунара Бекиева
star@super.kg