Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 17-апрель күнү Талас облусуна болгон иш сапарында сүйлөгөн сөзү өлкөгө, учурда болуп жаткан маселелерге чын дилинен күйгөн адамдын кеби болду. Атамбаев өзү да «мен айтпаганда ким айтат, бардык облустарга барып ушундай ачуу чындыкты айтайын деп чечтим» деди. Бул сөздөр коомчулуктун көңүл чордонун ээлеп, кызуу талкуу жаратты.
«МЕН БОЛГОНУН БОЛГОНДОЙ АЙТАМ»
– Мени билесиңер, болгонун болгондой айтам. Бир тилегим бар, татынакай мамлекет куруп алсак, Кыргызстанды сактап калсак. Мына, Кудай буюрса, Кара-Буура районунда эки чоң канал салсак деп жатам. Сарымсак каналы менен Бакты-Ногой каналы. Ал эки каналга 11 миллион долларга жакын каражат керек болот. Жолдорду оңдоп-түзөгөнгө канча каражат керек болорун билесиңер. Таласка чейин Бишкектен, Төө-Ашуудан алып келген жолго канча миллиарддаган акчалар кетти. Ошол эле убакта Кыргызстан азыр чек арасын бекемдеп, куралдуу күчтөрүн бутка тургузушу керек. Рахмат Орусияга, быйыл курал-жарак берип баштады, бирок бул да туура эмес. Эмнеге ар бир мамлекет курал-жарагын өзү сатып алат, чек арасын өзү бекемдейт? Бизде президент көрүнгөн жерде кайырчыдай болуп сурап жүрөт. Аны да жактырбай азыр кыйкырып жатышат, «президент узурпатор болду, кийин бүт бийликти парламентке бериши керек» деп. Бирок карасам, кыргыздын элитасынын бышпастыгы дагы деле бар. Кээ бирде президент да «ай-кой» деп турбаса болбойт. Акыркы өкмөт түзүлгөндө бир топ адам мени күнөөлөдү, «тиги министр туура эмес болуп калды, бул министр туура эмес болуп калды» деп. Үч фракция чогулуп туруп өкмөттү үчкө бөлүп, министрлерди тандап жатат. Президент киришип жатып, «ай-кой» деп жатып... Болбосо мындан да жаманыраак болмок.
Бир эле мисал келтирейин, өткөн жылы салык инспекциясына элүүдөн ашык депутаттардын жардамчылары барып иштеп баштаган. Элүүдөн ашык. Ал эми быйыл жылдын башынан үч айдын ичинде салыктардын планы 1 миллиард 200 миллион сомго аткарылбай калды. Эмнеге аткарылбай калды? Элүү шылуун барды.
«ТАЛАСТЫН БЕРГЕНИНЕН АЛГАНЫ 3-4 ЭСЕГЕ КӨП»
– Жакында Таластын Бакай-Ата районунда бир кенди иштетпейбиз деп эл чыкты. Ага жеткирбей эле Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик менен жергиликтүү бийлик чечип койсо болмок. Эки-үч жылдан бери Таласта «эч бир кенди иштетпейбиз, 50 жылдан кийин урпактар иштетсин» деген сөз жүрүп жатат. Кээ бир маалыматтарды окуп берейин. Ойлонуп көргүлө.
Салыктардын чогулушу боюнча маалыматты Каржы министрлигинен алдым. 2012-жылы Талас облусунда республикалык жана жергиликтүү бюджет үчүн
435 миллион сом чогулган. 2012-жылы Таластын чыгашаларына Бишкектен, борбордук бюджеттен 1 миллиард 877 миллион сом берилген. 2013-жылы Таластан 525 миллион сом салык чогулган, Таласка 1 миллиард 969 миллион сом бөлүнгөн. 2014-жылы план боюнча 543 миллион сом чогулат деп жатышат, Таласка
2 миллиард 43 миллион сом берилгени турат. Дагы маалыматтарды окуп берейин. Социалдык фонддун расмий справкаларынан. Таластан 2012-жылы пенсия үчүн 462,7 миллион сомдук камсыздандыруу төгүмү чогулган, пенсияга 1 миллиард 91 миллион сом берилген. 2013-жылы 495 миллион сом чогулса, пенсияга 1 миллиард 208 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 535 миллион сом чогулат деп пландаштырыптыр, пенсияга 1 миллиард 388 миллион сом берилгени турат. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 23 жыл болот, ар бир жылын алсак, Таластын бергенинен алганы үч-төрт эсеге көп. Бир облустун кыргыз элинин мойнуна минтип отуруп алганы туура эмес, таарынбагыла. Мен айтпасам, эч ким айтпайт.
Чоң кендерди, «Кумтөр» болобу, «Жер-Үй» болобу, минтип иштетпей отурсак, элүү жылдан кийин Кыргызстан бар болобу, ким билет?
Ош шаарынын жаңы мэри жакында келип мага «урматтуу президент, ойлонбой көпүрө салып баштаптырбыз, эми бүтүргөнгө акча керек» деп айтат. Ош шаарынын мурунку чоңдору да көнгөн. Акыркы төрт жылда 14 миллиард сом берилип, кандай эркелик кылса да Бишкектен акча келип, 200 миллион сом жалаң гана эстеликтерге кеткен. Эмнеге кээ бир облустар керек болсо уранды, көмүрдү, алтынды иштетет, кээ бир облустар болсо башкалардын мойнунда отурушу керек? Бул уят.
«ТАЛАСТЫК БИР ЖИГИТ 400ДӨЙ ОБЪЕКТТИ ИТ БЕКЕРГЕ САТКАН»
– Эки жарым жыл мурун президенттик шайлоодо бир жигит мени менен теледебатка чыккан. «Иштейсиңби?» десем, «үч-төрт жылдан бери иштебейм, эки-үч балам бар» дейт. Бирок президент болом дейт да. Өзүңдүн жаныңды бага албасаң, үй-бүлөңдү бага албасаң, азыр ушундай мителер көбөйүп кетти. Элди да бузуп, башка бир жакка жетелөөдө. Мына, кыйкырып чыккандардын башында таластык бир жигит турат. Убагында 300-400 объектти ит бекерге саткан. Ошол эле «Кумтөрдүн» 67 пайыздык үлүшүн 33 пайыз кылгандар бакылдап жатат. Уят да. Элге рахмат, эл колдобой жатат. Бирок баарыбыз ойлонуп көрүп, ар бир жерде ушундай окуяларды токтотпосок, уят.
«КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН КОҢШУЛАРДЫН КӨЗҮН КАРАЙБЫЗ?»
– Мисалы, «Атамбаев «Кыргызгазды» 1 долларга берип койду» деп кыйкырып жатат. Мына, өзбектер түштүктө газды өчүрүп койду, «Газпром» келсин» деп. «Газпром» барат, түштүккө кайра газ алат, бирок эстеп көрсөңөр, жыйырма жылдан бери кыш келген сайын биздин чоңдун баары тең Ташкентте жүрүшчү да. Ошол эле «Газпром»
40 миллион доллар «Кыргызгаздын» карызын жабат, ошол эле «Газпром»
600 миллион доллар инвестиция алып келип, Кудай буюрса, түштүктөн көгүлтүр от таап берип, болбой баратса, Алексей Миллер (ред. «Газпром» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы) мага «түндүктөн түштүккө куур тартып беребиз» деди, коңшуларга кор болбогондой кылып. Биз качанкыга чейин коңшулардын көзүн карап жүрүшүбүз керек? Кыш келерде 1-январды газ менен тособузбу же газ өчүп калабы деп дайыма жалдырап отурабызбы? Мындан кийин андай болбошу керек.
«ОРУСИЯ «МАНАС» АЭРОПОРТУНА КЕЛСЕ, КЕРОСИН АРЗАНДАМАК»
– Дагы кыйкырып чыгышты. «Атамбаев «Манас» аэропортунун 51 пайыздык акциясын орустарга берип жатат» деп. Мага аэропорттун президенти келип «Игорь Сечин (ред. «Роснефть» компаниясынын президенти) Москвага чакырды, мен барып келдим» дейт. Сечин ага «Биз бара электе кыргыздар чуу салып жатса, алар бизди иштетпейт. 51 пайызыңардын да, 50 пайызыңардын да кереги жок, өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла» деп айтыптыр. Арзан керосин менен эки жылдан бери учактын билеттери арзандап жатпайбы. Ошко учкандар билишет, кээде билет 5 миң сомго жетчү, азыр миң сомдук билеттер бар. Же «Бажы союзуна кирбейбиз, кирсек, баалар көтөрүлөт» деп жатышат. Макул, кирбейли, эртең бензиндин баасы эки эсе кымбаттаса, баалар ордунда турабы ошондо? Же бат эле унутуп койдуңарбы, 2010-жылы бензинди кичине эле кысып койгондо кандай болгонун? Мекендештерим, Кудайдан коркуп, Кудайга шүгүр деп, көзүбүздү ачып жүрсөк. Мен бирдеме кылып жатсам, ойлонуп кылып жатам. Ошол эле «Манаска» «Роснефтинин» келишин суранганбыз, 51 болобу, 50бү же 49 пайыздык акция болобу, эптеп келип бер деп. «Роснефть» келсе, «Манаста» керосин арзан болмок. Алматы, Ташкент менен учкан учактар Бишкекке конуп, Бишкектен учуп калмак. «Манас» аэропортунун келечеги болмок. Макул, «Роснефть» келбейм деди, туура кылды, сыйлабагандарга барбайм деди, арзан керосинди эмне Америкадан алып келеби?
Бизде бензин Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга салыштырмалуу канча арзан экенин билесиңер. Керек болсо Орусияныкынан да арзан.
Кайгырганым ушул, эмдиги жылы кимдер алдаар экен парламенттик шайлоодо, үч жарым жылдан кийин президенттик шайлоодо жанагындайы келип алдаса, кайран элим кайра алданып кетеби деп. Кайда барат Кыргызстан? Бар болобу же жок болобу?
Чек ара деп кыйкыргандар митинг өткөрүп, элүү чакты киши «автомат тараткыла, өзбекке, тажикке көрсөтөбүз» деп келиптир. Андай кыйын болсоң, эмне көчүп келдиң, чек араны таштап коюп Бишкекке? Эмнеге кайтарып отурбайсың? Же Кыргызстан президентке эле керекпи? Анан душманды бир жактан издейбиз, Орусиядан, тияк-бияктан. Урууну ойлобой, улутту ойлосок. Коктуну ойлобой, коомду ойлосок.
Акыркы митингге Сузактан 300 жаш жигит келиптир же Сузактын ата-апалары кой деп койбойт. Эптеп эле Кыргызстанды баш аламан кылуу керек. Бийликке жулунгандарга «эмдиги жылы парламенттик шайлоону таза өткөрүп беребиз, үч жылдан кийин президенттик шайлоо болот» деп айтып келем. Көздү ачып, ким болду экен, эмне кылды экен деп, азыртан башкача карабасаңар, жаман болгону турат.
«КИМИСИ КЫЗМАТКА КЕЛСЕ ЭЛЕ КОЛУН САЛЫП КИРЕТ»
– Күйгөнүм үчүн быйыл аймактарга барганда ачуу сөздөрдү айтайын деп чечтим. Аны Таластан баштайын дедим. Коррупцияны жоё албай жатабыз, ачык эле айтайын, уурулук өтө эле сиңип кеткен. Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинде 3 министрдин үстүнөн кылмыш козголду. Кимиси барса эле колун салып кирет. Бирок акырындан натыйжасы чыгып баштады. Ошол эле фасоль сатуудагы ортомчулукту жоготтук. Азыр фасолдун баасы жакшы эле көтөрүлүп калды. Жаманбы-жакшыбы, карызга алсак да, жолдун баарын салалы деп жатабыз.
«Газпромдун» келгени эмнеге жакшы? Газ жок жерлерге Миллер көгүлтүр отту алып барып берем деди. Элибиз жок дегенде үйдү жылытууда газга өтсө, электр энергиясын, сууну үнөмдөп калабыз. ГЭСтер быйыл курулуп башталат. Нарын каскады өткөн жылы эле башталган. Камбар-Ата-1ди деле мөөнөтүм бүткөнчө баштатып кетем. Аскер реформасы жүрүүдө. Бюджеттин 20 пайызы балдарга, окууга кетип жатат. Бирок жалгыздын иши жалгыз. Кыргызстандын эли биригип, жапа тырмак болуп жардам бербесе кыйын болот. Коңшу казактардан эле арттабыз, Казакстан уран, көмүр, нефть болобу, баарын дүрүлдөтүп иштетип жатат. Биз казак бир туугандарыбызга жетишибиз керек. Ал үчүн иштөө зарыл. Башка бир жол жок. Асмандан бирөө келип чачып жибербейт. Балдар үчүн башка бир Кыргызстанды калтыралы. Кээде мага деле дубалды сүзгүлөп жаткандай сезилет. Бирок Кыргызстан бутка туруп кетет деп ишенем.
Эльвира Караева
politika@super.kg