Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» боюнча мыйзам долбоор сунуштап жатат. Ага ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, «Центерра» «Кумтөрдүн» иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Депутаттын айтымында, «Кумтөр» токтобой иштеши керек. Кен казып алуу иштерин токтоткон тараптын жетекчиси 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы. «Жашырганда эмне, бул мыйзам «Кумтөр» үчүн гана жазылды. Алтын кенинде иштеп жаткандар «ишкана 24 саат бою иштеши керек, аны токтоткондор – кыргыздын душманы» деп айтышууда. Кыргызстанда туруп өзүбүздүн укугубуздан пайдаланышыбыз керек. Учурда «Центерра» ар кайсы маалымат булактарынан «Кумтөрдү» токтотуп кетип калабыз, Кыргызстан өзү иштете албайт» деп коркутууда. Буга жол берилбеши зарыл»,- деп билдирди Ө.Текебаев.
Андан ары «Ата Мекен» фракциясынын лидери бул мыйзам долбоорго профсоюз уюму каршы чыгып жатканын айтты. «Профсоюз көчө шыпыргычтардын айлыгы аз деп бир жолу болсо да иш таштоо уюштурдубу? Жок. «Кумтөр» маселесине келгенде гана иш таштоону эстеп калыптыр. Медайымдардын айлыгы кандай аз экенин билебиз, профсоюз уюму эмне үчүн алардын укугу боюнча маселе көтөрбөйт? Жылына ондогон адам көмүр казуу учурунда кырсыктап жердин алдында калууда. Алар эмне үчүн шахтёрлордун укугун коргоо боюнча иш таштоо уюштурушпайт?»- деди Ө.Текебаев. Жыйынтыгында мыйзам долбоору Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде 1-окууда кабыл алынды.
Эльвира Караева
politika@super.kg