НУРЛАН СУЛАЙМАНОВГО ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

23-апрель күнү Башкы прокуратура мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулаймановго сыртынан айып тагып, ушул эле күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту камоо чечимин чыгаруу менен издөө жарыялады. Н.Сулайманов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча, тагыраагы, 2007-2008-жылдары министр болуп турган чакта мыйзам бузуу иштерине барып, мамлекетке 41 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирген деп айыпталууда.
Эске салсак, быйылкы жылдын 31-январында Боршайком Нурлан Сулаймановду парламенттин 30дан ашуун сессиясына катышпаганына байланыштуу мандатынан ажыраткан болчу. «Ата журтчу» экс-депутат 2012-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен (Чек ара кызматынын маалыматы боюнча), ошондон бери ал мекенине кайтып келе элек. Н.Сулаймановдун жардамчысы экс-депутаттын жүрөгүнө операция жасалганын айткан.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Alga.kg90
2014-04-28 11:29:13
Эптеп операция,псих больной деген сыяктуу отмазкаларды таба беришет колундагы кучуктору акча учун.Кудай жалгап,алып жуткан нерселерини,Фемиданын служительдери жазалай албаса жараткан озу чыгарып алышына ишенемин!Закондун алдында бардыгыбыз бирдей болбогонубуз аябай окундурот!
+1
kama_future_millioner
2014-04-29 09:45:58
Alga.kg90, туура айтасын
0
kamal777
2014-05-02 12:42:58
оз элине душман.
0
nurik..asem
2014-05-04 15:33:16
Озунун капчыгын толтурду качтыда биздин атка минерлер ошондой эле экс президэнттер озунун уй булоосу кыйналбай жашай турган даражага жеткиче жеп качып кеткенди адатка айландырып алыштыго
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан