ОШ ШААРЫНДА ГАЗ, СУУ, АЙРЫМ РАЙОНДОРДО ЖАРЫК ЖОК

Ош шаарынын тургундарынын нааразычылыгы күндөн-күнгө күчөп жатат. Биринчиден, 14-апрелден тартып Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ берүүнү токтотуп койгондугу үчүн оштуктар көгүлтүр отсуз отурушат. Жаратылыш газынын качан кайра берилери да белгисиз бойдон калууда. Кийинчерээк «Ошсууканал» муниципалдык ишканасы шаарда 23-25-апрель күндөр аралыгында таза суу өчүрүлө турганын айтты. «Жаман кабар жалгыз келбейт» дегендей, ушул күндөрү шаар ичинде айрым райондордо пландык оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу электр жарыгы да дамамат өчүрүлүп жатат.
Ош мэриясынын басма сөз кызматына кайрылсак: «Газ, суу, жарык берүү маселелери боюнча нааразычылыгын билдирип чалган жарандар болгон жок»,- деп жооп беришти.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
tebessum
2014-04-28 15:01:04
Ozbekistan gazdy Melis ketti dep toktotup saldyby! Je murda plandyk ondoo ishteri jurguzulchu emes bele. Oilonup jazgylachy degi
+4
Momun-jigit
2014-04-28 16:02:22
Азыркы мэр кичине уялса болот да эми, кыйратам эле кыйратам деп келди элего. Иштей албайт бул Айтмамат .Мелисти барибир эл жакшы корот.
0
baibai71
2014-04-28 16:53:14
Биздин окумот да Озбекстанга сууну бербей"сатбай" жаап коюш керек.
+2
samat-91
2014-04-28 19:50:45
газы жок жашасанар болот да.озбекистандын эли газы жок эле жашашат экен газы болсо деле а биздикилер жок болсо деле сатып келип бергиле дешет.
-2
Asman...
2014-04-28 22:22:24
samat-91, домдо газ жок кантип жашайсыз? Же свет дайыма очпой турса бир жон. Свет очкон куну ачка калбайбызбы.
0
altinim
2014-04-28 23:25:52
samat-91, кызык экенсин
-1
abaychik
2014-04-28 23:53:35
samat-91, сен каерде жашайсын озу,коп кабаттуу уйго очок куруп алышсынбы анан.
0
samat-91
2014-04-29 09:28:33
abaychik, коп кабаттуу уйдо жашайм.электроэнергия жетет мага.
-1
Baaasyz07
2014-05-03 12:37:23
samat-91, bat, bat ele svet ochup jatat go, svet ochkondo kantesin, sveti bolso dele plitkalarda tamak byshpay tok az, oshtun baary svet ishtetip, je chaiyn jakshy tez kaynabayt, meyman kelse andan besh beter ayabay ele kyinalyp jatabyz.
0
bakaika
2014-05-02 08:33:11
samat-91, Эл газды бекер албай акчага сатып алып атканын эсинизден чыгарбаныз.
0
nurgiza03
2014-04-28 23:18:47
Мелис Мырзакматовду кайрадан койгула,копуро салганы акча да жетип ,свет очпой,жашоо жакшына болуп аткан эле,иш билерман адам деп Мелисти айтса болот!!!!!!!!!!!!
0
nurgiza03
2014-04-28 23:18:47
Мелис Мырзакматовду кайрадан койгула,копуро салганы акча да жетип ,свет очпой,жашоо жакшына болуп аткан эле,иш билерман адам деп Мелисти айтса болот!!!!!!!!!!!!
0
Eli75
2014-04-29 18:02:29
Мэрияга газ,свет,суу очурулду деп арыз тушкон жок-деп жазылыптыр.Мына газдын очконуно 15 кун болуптур,эл бир нерсе кылып оз жанын багып,кунун откоруп журот.Бул маселени чече турган ким бар мэрияда. Жоопкерчилик деген жоголуп баратат.
+1
Abdi81
2014-04-30 00:34:18
Салам КЫРГЫЗСТАН !!! Биз ОШ шаарынын Толойкон м-р 7 домдо жашайбыз газ свет суу да жок бул эмне деген жашоо болду мерияда иштегендер эч ким нааразычылыгын билдирген жок деп айткандан уялса болмок !!! администрацияда олтуруп алышып эле элдин ордуна суйлоп коюшат да уяты жоктор , жашоо кайда баратат деп ойлонуп калам !!!
+2
Baaasyz07
2014-05-03 12:41:05
Abdi81, ooba tuura aytasyn biz da osh rayondo turabyz, kup ele kyinalup jatabyz, meriyaga kop ele jalob tashtadyk go kantip jok dep aytyshat. Kancha jolu bardyk go
0
akul87
2014-04-30 12:13:09
Туштукто топтолгон акча казнага жетпей Атамбаев мелисти жок кылды оштун акчасы озун озу ондогонго жетет болчу мелис агабыз дагы иштегенде ош гул болчу аны да акча менен майлап Оозун басты озунун адамын алып келип отургузду депутаттарды акчага сатып алып шайлоону кылды элди кор деп ойлойт го
0
akul87
2014-04-30 12:15:27
Эми газпромду кутобуз качан документ иштери бутуп уланышын ишке ашаар бекен
0
aida2013
2014-04-30 14:36:41
жаман корунуш го мелис ага барда мындай окуялар жуз Берген эмес жаны мер тез арада чечип берет деген умуттобуз
0
Dolbooruwka
2014-04-30 15:05:00
Ой убакыт берели жаны мер буюрса мелис аканардан да соонун иштеп берет!
0
nazikerbol
2014-05-02 00:38:08
Элдиле курута турган болуштуда кыскасы,жаш балалуу уй-булоолорго кыйын эле болуптурда свет,суу,газ жок болсо шаарда жашоонун токтогону ошол да 15кун дегени неси,кудай корсотот кудайга салып кое бергиле.
+1
myshka406
2014-05-02 14:07:00
мэрияга кайрылганда чече тургандай суйлошуптур го, мен билгенден оштун маселесин мамлекеттик денгээлде да чече албай, озбекстанга жазган каттарына жооп ала албай отурушат го.......
0
saysat
2014-05-03 13:37:33
Озбектер эптеп эле бизди ызы чуу кылып ТС га киргизбей койгондун айласын кылып жатышат. Биз экинчи ушундай коз карандылыкка кабылбаш учун газпром менен жакшылап иштеп алышыбыз керек. Кыргыгазды сатты дегендерге тан калам Кыргызстандан газ чыкса сатабы, газ жок да кыргызстанда? Кыргызгаз болсо газ алып келуучу ишкана болчу, эми анын ролун газпром кыргызгаздын колу менен аткарат мындайда так болот жана газдан кур калбайбыз.
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан