АЯЛДАР ҮЙГӨ ЭРКЕКТЕРГЕ ТЕҢ ЭЭЛИК КЫЛАТ...

  • Өлкөдө 107 миңге чукул окуучусу бар 122 ГИМНАЗИЯ жана 33 миңдей окуучу билим алган 68 ЛИЦЕЙ бар.
  • «КОРРУПЦИЯ», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча айыбы бар чиновниктерди кайсы убакыт болбосун жазалоого мүмкүнчүлүк бере турган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 22-апрель күнү кол койду.
  • «Асыр» бейөкмөттүк уюмунун лидери К.Сиренов «чет өлкөлүккө турмушка чыккан кыздарды КЫРГЫЗ ЖАРАНДЫГЫНАН ажыратуу керек» деп эсептейт.
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов «ДОРДОЙ» базарында иштеп келген бардык 18 салык кызматкерин милдетин аткаруудан четтетти.
  • Кыргызстандын 55 жогорку окуу жайында 223 МИҢДЕЙ СТУДЕНТ билим алат, анын 85 пайыздан көбүрөөгү контракттык негизде окугандар болуп саналат.
  • Ички иштер министри Абдылда Суранчиев: «СОЙКУЛУК менен шугулданган 948 аял учётто турат, бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, алардын саны 5 миңге жетет»,- деди.
  • Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун тушунда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген Шайырбек Маматокторов «ОшТВ» телеканалынын директору болуп дайындалды.
  • 22-апрелге карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 1 МИҢ 350 АРДАГЕР бар.
  • «Жалал-Абад» минералдык суусун чыгарган «Келечек» ААКсынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаттары Токтогул Туманов менен Кубанычбек Тумановдун бир тууганы Келдибек Туманов «ШОРО» компаниясынын 20 пайызга чукул акциясын сатып алды.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жыл боюнча КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ эркектердин 60 пайызы, аялдардын 40 пайызы ээлик кыларын маалымдады. Көп кабаттуу имараттагы үйлөр көбүнесе аялдарга, ал эми жер үйлөр эркектерге катталары да белгилүү болду.
  • 24-апрелге караган түнү коомдук ишмер ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ кайтыш болду. Ал дипломатиялык кызматтарда иштегендиги, кыргыз-япон алакасын бекемдөөгө катышкан элчи катары таанымал эле.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
missnelya
2014-04-28 13:41:32
чет олколуко турмушка чыкан деген жакты, чын эле кыргыз жарандыгынан ажыратыш керек, же болбосо кытайлар бизди такыр эле басып алышат.
0
Barpy11
2014-04-29 17:50:29
Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар деле кыргызстанда кайра поспорт алып жатышат экен.ушул туралуу маалымат берип койсонуздар супер инфо рахмат
0
admin_portal
2014-04-29 18:18:55
Barpy11, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
lolo
2014-05-01 04:43:40
4et olkogo turmuwka 4ikkan kizdardi Kygyz jarandygynan ajyratusu kerek dep eseptegeni emnesi? alar ansyzda ajyraitda max 5 jylda, dongoloktor oturguzup ele ozun 4oidurup koiso bulardi ((
0
lolo
2014-05-01 04:48:05
Soikuluk menen wuguldandary jaman eken akmaktardyn!!!
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан