Мурдагы премьер-министр, «Республика» саясий партиясынын лидери Борбордук Азиядагы Токмок университетинин студенттери менен жолугушуп, алар менен чыныгы лидер болуу, өз өмүрүн арнаган иште ийгиликти багынтуу багытында маектешип, суроолоруна жооп берди.
– Өмүрбек Токтогулович, биздин студенттик топ лидерликти иликтеп жатабыз. Биз сизди өлкөдөгү ийгиликтерди багындырган лидер катары билебиз. Ошондуктан ушул темада сиз менен маектешүүнү туура көрдүк. Биринчи сурообуз мындай, лидер деген түшүнүктү кандай аныктайсыз?
– Биринчиден, лидер команданы өзүнүн артынан ээрчите ала турган адам болушу керек. Аларды ээрчите турган жолду көрсөтүп тим болбой, өз идеяларын ишке ашыра алган, ошондой эле жыйынтык чыгара билген адам болушу кажет. Ал – лидерлиги мезгил менен далилденген адам. Биз түркүн тармактарда тиешелүү деңгээлде күчтүү жана чыгаан болуп көрүнгөн, кайсы бир учурда лидер деген наамга умтулуп жүргөн бир топ адамдарды билебиз. Бирок саналуу гана адамдар ошол чыккан бийиктигинде кармалып, андан ары өнүгө алышты. Ошол кармалып калган саналуу адамдар лидер болуп эсептелет. Менимче, команда үчүн ийгилик алып келе алган адамдар – лидерлер.
– Эл оозунда «сойлоо үчүн төрөлгөндөр уча албайт» деген кеп бар. Кандай ойлойсуз, лидер болуп төрөлүшөбү же жүрө-жүрө болушабы?
– Мен лидер болушат деп ойлойм. «Сойлоо үчүн төрөлгөндөр уча алышпайт» же «баткактан тактыга» деп, адатта анча-мынча ийгиликке жетип, бирок анысын жөндөй албаган, андан ары өнүгө албаган адамдар тууралуу айтышат. Айрымдар акчасын чачып, унаа, үй сатып алып, айтор, маңызсыз кымбат нерселерге каражатын корото башташат. Кээ бирөөлөр кредитке баш-оту менен кирип, анан анысын төлөй албай калышат. Андайлардын аягы жакшы бүтпөйт.
Эч ким лидер болуп төрөлбөйт. Бирок адамга ата-энелери же коом түзүп берген шарттарды да унутууга болбойт. Балада жашоодо бир нерсеге жетишүүгө болгон умтулуунун пайда болуусу өтө маанилүү. Байкасаңар, ири ишкерлердин, саясий лидерлердин да 90-92 пайызы элеттиктер. Эмнеге? Анткени айыл жеринде адамдар оор шарттарда жашайт. Алар үйүндө, чарбагында, талаада да иштешет. Ал эми шаардыктар болсо күнөсканадагыдай шарттарда турушат. Айылдан келген балдар, кыздар эптеп күн көрүш үчүн мүмкүнчүлүгү кенен шаардыктар менен атаандаштыкка түшөт. Дал ошол нерсе мүнөздү калыптандырат. Бардар адамдардын балдары адатта мындай күрөшкө жараксыз болушат. Ооба, алар акылдуу, эстүү, жакшы тарбияланган болушат. Бирок көбүнесе аларга күрөшүүчүлүк сапат, өз алдынчалуулук жетишпейт.
Лидер болуп төрөлбөйт, лидерлик сапаттар – анын үй бүлөсү жана адамдын өзү тарабынан тарбияланат.
Атамдын үй-бүлөсү согуш убагында өтө кедей жашаган экен. Чоң атам согуштан кайтпай калып, чоң апам ошол кезде он жаштагы менин атам менен анын инисин кучактап, жалгыз калат. Атам өтө эрте иштеп баштаптыр. Өтүкчү да, сүрөтчү да болуптур, кийинчерээк Караколдогу Айыл чарба техникумун бүтүрүп, андан кийин Кызыл-Кыядагы шахтага иштегени кетет. Иштеген иши менен көрүнүп, мен төрөлгөн 1970-жылы Талас облусунда совхозду башкарып калат. Андан кийин 20 жыл бою республикадагы ири «Россия» колхозун жетектеп келди.
Талаа-түздү кыдырып чыкканда атам мени жанына алып алчу. Биз айылга кайткан убакта алдыбыздан дайыма мас болуп жүргөн бир адам чыга турган. Атам минтип айтар эле: «Бизде жей турган тамагыбыз жок, жок дегенде бир тоюп алайын деп талаада машак терип жүргөнүмдө, бул киши түшкө чейин уктачу. Айыл өкмөтүнүн башчысынын баласы болчу, эч нерседен кем болбой чоңойгон. Жыйынтыгы мына: мен колхоздун төрагасымын, а бул ичкич болуп кетти».
Бизди эмгекке үйрөтүү максатында, эрте жазда үй-бүлөлүк подрядга 2 гектар жер алчубуз. Мен, апам, карындаштарым болуп тамеки экчүбүз. Бул чыныгы тозоктун иши. Эсимде, бир күнү атамдын досу келди, ал белгилүү жазуучу. Биз тамеки тизип жатканбыз. Бизди көрүп алып, атама «Үй-бүлөңдү эмне кууратып жатасың? Сага эмне жетишпейт?» деп сураган. Атам жайбаракат: «Биринчиден, акчаны кантип иштеп табышарын билишсин. Экинчиден, эгер колхоздогулардын бардыгы менин үй-бүлөмдүн иштеп жатышканын билишсе, баары иштеп башташат»,-деп жооп берген. Атам бизге бардык нерсеге эмгек менен жетүү керек деген мүнөздү ошондо эле сиңире алган. Айтмакчы, мен өз балдарымды да ушундай тарбиялап жатам. Жайкысын айылга барып, айылдагы балдар менен кой кайтарышат, башка жумуштарды аткарышат. Алар үчүн жубайым экөөбүз камсыз кылып берген жашоо менен чыныгы жашоонун ортосунда чоң айырма бар экенин түшүнүшү керек.
– Белгилүү лидерлердин кимиси сиз үчүн үлгү болуп саналат, бирөөнү өз кумирим деп атай аласызбы?
– Мен кумирим деп Ли Куан Юну атайм, бул адам Сингапурду, башында жадакалса ичүүчү суусу жок мамлекетти кайрадан жараткан. Бүгүн бул мамлекет дүйнөнүн эң өнүккөн жана коопсуз мамлекеттеринин бири. Ушул эле учурда аны демократиялык деп атаганга болбойт. Мисалы, ал жакта басма сөздүн баары мамлекеттик. Ал жакта бардык жарандар, Ли Куан Юнун үй-бүлөсү дагы бирдей укукка ээ. Анын мындай сөздөрү бар: «Демократия бул – адамзат ойлоп таба тургандардын эң начары. Диктатура – мыйзамдын диктатурасы болушу керек, ал эми мыйзамдуу нерсенин баары бул – тартип». Ал жакта мыйзам өтө катуу, эгер көчөдө баратып сагызды ыргытсаң, айып 500 доллар, баңгизаттар үчүн атуу каралган. Сингапурлуктар биринчи болуп америкалык адамды мыйзамды бузгандыгы үчүн атууга кетиришкен. Ал жакта коррупция дээрлик жок. Ли Куан Ю аны менен катуу күрөшкөн. Мыйзамды бузган болсо, өз досторун да отургузуп, атуудан корккон эмес. Бүгүн болсо ал жакта чиновниктер дүйнө жүзүндөгү эң чоң маяна алышат.
Мен үчүн дайыма натыйжа маанилүү. Ли Куан Ю натыйжага жетише алган. Сингапур – бүгүнкү күнү баары барууга умтулган өлкө. Швейцариядан кийин эле бул ири каржылык борбор. Бардыгы ал жакка акчаларын которушат, анткени аларда коопсуздукка кепилдик берилерин жакшы билишет. Ли Куан Юну ХХ кылымдын адамы деп аташкан.
Эгер бизнесмендер тууралуу айтсак, мага Рокфеллер көбүрөөк жагат. Анын турмушунан бир окуя: Рокфеллер гольф ойногонду жакшы көрчү. Бир жолу анын тобу көлмөгө түшүп кетет. Ал шымын түрүп сууга кирип топту алып чыгат. Ал эми жанында башка жигит да ойноп жаткан. Анын тобу да сууга түшүп кетет, бирок ал башка топ алып, оюнун улантат. Ошондо Рокфеллер өзүнүн жанындагыларга бул жаш оюнчу тууралуу минтип айтыптыр: «Бул абдан бай адам болсо керек...» Бул окуя Рокфеллердин сараңдыгын билдирбейт, тескерисинче, Кудай берген нерсеге аярдык менен мамиле кыл дегенди түшүндүрөт.
– Сиз «Республика» партиясынын лидери болуп саналасыз да, ошондуктан команданын башында болушуңуз керек. Кандай ойлойсуз, сиз көбүрөөк лидерсизби же менеджерсизби?
– Акыркы мезгилдерде адамдарды анча жакшы түшүнбөйт окшойм деген пикирге келе баштадым. Көптөгөн депутаттар партиядан чыгып, өз топторун түзүп кетишти. Мен аларды күнөөлөй албайм. Эгер дайыма башкалардын көйгөйлөрүнүн себептерин издей берсең, аны чече албайсың. Мен адамдарды туура тандай алган эмес окшойм, демек, көз караштарыбыз дал келбей калды. Бул мага айрым бир жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берди, мен алга гана жыла бермекчимин.
Мен лидерминби же менеджерминби?.. Лидер деп өзүңдү өзүң атабай, башкалар тааныш керек. Муну убакыт көргөзөт.
– Устаттарыңыз барбы?
– Менин бир устатым болгон, ал – атам.
– Адамдарга оңой эле ишенесизби жана адамдардын ишенимине кантип жетише аласыз?
– Жалпысынан, адамдарга ишенем. Ал эми алар мага ишенеби, билбейм... Мүмкүн, ишенишет, анткени партия бар. Ишенимсиз жашоого мүмкүн эмес. Мисалы, сенин компанияңды башкарган менеджерлер чечимдерди кабыл алат, сенин активдериңди башкарышат. Аларга кантип ишенбей коёсуң? Биринчиден, бардыгын көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес, экинчиден, эгер ишенбесең, толугу менен ыйгарымдарды бере албайсың. Эгер адамдарга ыйгарым бербесең, анда баары бюрократташып кетет, ага жараша маселелер чечилбейт. Демек, сен компаниянын өсүү темпин жоготосуң.
– Ийгиликтүү бизнесменсиз, саясаттын эмне кереги бар?
– Мага бул суроону көп беришет. Демек, бизде жүрүш ушундай, адамдар саясатка акча табуу үчүн барышат. Менин милдеттерим таптакыр башка. Мен мамлекетти жакшы жакка өзгөрткүм келет. Өз кыялымдагы мамлекетти кургум келет, ар бир жаран президенттин баласыбы, министрдикиби же кадимки жумушчунун баласыбы, андан көз карандысыз мамлекет тарабынан корголуп турса дейм. Соттору чыныгы көз карандысыз мамлекет кылгым келет. Талаштар, иштиктүү чырлар чоңдордун коңгуроосу менен эмес, акыйкат чечилсе... Мен андан олуттуу кылмыштарды айтканым жок. Ар бирибиз кайтаруучусуз чыгып, сейилдей алсак, ЖОЖдордо пара алышпаса, ал эми параны берүү бала бакчадан башталып жатат. Менин кыялым – биздин мамлекет ар бир адамга эсептегенде кирешеси жагынан эң бай беш өлкөнүн катарына кирсе дейм. Эгер бүгүн киреше бир адамга $1 миң 200гө жетсе, анда $40 миңге жетиши керек. Биздин мамлекетте бүгүнкү болуп жаткан баш аламандык эмес, тең укуктуулук болсо дейм. Биздин мамлекет баарынан кооз мамлекет болушун каалайм. Баарынан тарбиялуу, маданияттуу эл кыргызстандыктар болушун каалайм, миллиондогон мигранттар чет өлкөдө эмес, өз өлкөсүндө жашаса дейм. Менин өлкөмдүн интернационалдуу болушун каалайм. Бүт дүйнө менин мамлекетиме умтулуп, бүт дүйнө менин мамлекетиме суктанса дейм. Ал технологиялуу болсо. Бул учурда экономикалык ийгиликтерге бир гана тоо өнөр жайынын эсебинен жетпешибиз керек, биз табияттын кооздугун эч нерсе менен алмаштыра албастыгыбызды унутпашыбыз керек.
Бизде туризм, каржы, билим берүү, медициналык секторлордун, технологиялык сектордун өнүгүшүн каалайм. Бизде либералдык мыйзамдар болсо дейм, биз бардыгына бир гана адам укугуна кепилдик бербестен, мамлекеттик дагы, жеке менчикке да кепилдик беришибиз керек.
Биз өзүбүздүн үрп-адатыбызды, салтыбызды, улууларга, ата-энебизге болгон сыйыбызды сактап калышыбыз өтө маанилүү. Аялдар аялга, эркектер эркекке окшошуп турса...
– Сизге көптөгөн адамдар менен баарлашууга туура келет. Канчалык деңгээлде эмоционалдуу адамсыз? Стресстерди кантип жеңесиз? Эмоцияны кантип карманасыз?
– Мен кадимки эле адаммын. Өз сезимдериңди билдире турган жакын адамдарың болот. Ал сезимдерди түшүнбөй турган бөтөн адамдар да болот. Жаман эмоциялардан кутулуунун жакшы жолу – спорт. Мен футбол ойнойм, сууда сүзөм. Бул бир гана стресстен кутулууга жардам бербестен, андан ары иштөөгө күч берет, жаңы кубат, жаңы ойлор, акыл пайда болот. Спортко тартылуу бул – убакытты жөн гана коротуу эмес, бир гана ден соолукту чыңдоо эмес, акылыңды өстүрүүгө да жардам берет. Эгер эмоциялар туурасында айтсак, баарынан мурда мен саткынчылыктан көп капаланам. Бул мага өтө оор. Саясатта жасаган нерселеримдин баарын өзүм үчүн эмес, өз элим үчүн жасайм, анткени мен «эгер мен болбосом, анда ким?» деген принципти карманам. Жоопкерчиликти моюнга алып, алга жылуу керек. Сен качан саясатка коомдук ишке жасагандай мамиле кылсаң, ал эми сени алдап жатышса, бул албетте, оор тиет. Бизнесте баары оңой, алдадыбы – төлөйт, ал жакта алдоо азыраак, бардыгы так жазылган, алдын ала эсептеп аласың.
– «Саясат көңүл калууну көп алып келет» дедиңиз. Аларды кантип жеңип чыгасыз?
– Сизге бир анекдот айтып берейин. Бир падышанын жардамчысы болуптур, эмне болсо да ал ага минтип айтчу экен: «Улуу урматтуум, бул дагы жакшы». Бир жолу падыша мергенге чыкмай болот. Жардамчысы мылтыгын октоп берет. Ал бугуну мээлеп, атат. Бул убакта мылтык ыргып кетип, падышанын манжасын жулуп кетет. Баары качат, падыша жардамчысын урушат. Жардамчысы минтип коёт дейт: «Улуу урматтуум, бул дагы жакшы». Падыша ага мындай жооп айтат: «Сен эмне, атайын менин манжамды үзүп кетсин деп жаман ок салып койдуң беле? Муну зынданга таштагыла». Бир нече ай өтөт. Падыша дагы бир жолу мергенге чыкмай болот, ал жактан аларды аборигендер кармап алышат. Алар казан асышып, туткундардын ичинен оорукчаны бар бекен, карап көрүүнү чечишет. Карашса, падышанын бир манжасы жок. Демек, оорукчаны ушул деп аны жебей калышат. Падыша өз жерине эптеп жетип, зынданга барат. Жардамчысы чынжырга байлануу, ачка, өлгөнү калган болот. Падыша ага мындай дейт: «Мени кечирип кой. Мен туура эмес кылыптырмын. Сен менин өмүрүмдү сактап калдың». Жардамчысы жооп айтат дейт: «Улуу урматтуум, бул да жакшы». Анда падыша: «Эмнеси жакшы? Сен алты ай зынданда отурдуң. Сен эмне, жинди болдуңбу?» Жардамчысы болсо жооп берет: «Жок, бул да жакшы. Эгер мен сиз менен жүрсөм, анда мени жеп салышмак».
Ошондуктан андай көңүл калуулар да керек. Аларга көнүп, сабак алыш кажет. Ошондуктан бул да жакшы болсо керек.
– Өзүндө лидерди тарбиялагысы келгендерге кандай кеңеш бере аласыз?
– Теорияны абдан мыкты өздөштүрүп, көп нерсени билип жана көп нерсени пландаштырууга болот, бирок бир нерсе жасоону чечсеңиз, анда отурган жериңизден туруп, аны жасап баштоо керек. Эч нерсени эртеңкиге калтырбастан, жакшыраак мезгилди күтүп жүрө бербестен... Башында сизге кыйын болот, жаман болот, баары эле оңунан чыга бербейт. Бирок бир нерсени кайра карап чыгып, алга жылуу керек. Лидер болуу – максаттын өзү эмес. Жашоодо маанилүү, керектүү, жасаган ишиңден өзүң ырахат ала турган ишти аткаруу максатың болушу керек. Бул милдеттүү түрдө чоң бизнес же саясий карьера эмес. Мисалы, акылдуу жана ийгиликтүү балдарды тарбиялоо да максат боло алат. Бирок конкреттүү түрдө бизнес туурасында айтсак, анда эң башкысы, өз ишиңди ачышың керек.
Эң мыкты бизнес – сен өзүңө иштеген бизнес.
Жалпысынан, мен силерге мындай кеңеш бергим келет. Студент кезимде атам мага англис тилин үйрөнүү зарылдыгы туурасында айткан. Мен Москвада окудум, мага бош убакыт керек болчу, ошондуктан билгениме карабай, орус тил курсуна жазылдым. Орус тилдүү мектепти бүттүм. Ошентип, өзүмө бош убакыт таап алдым. Ооба. Математиканы, адистиктер боюнча сабактарды окудум, бирок чет тилин үйрөнүүгө бекер убактымды короттум. Ар бир адамдын жашоосунда кандайдыр бир этаптар болот, ошол кезде бир нерсеге жетишип алуу керек. Мектептеги курак бар, андан кийин студенттик мезгил келет. Анан үй-бүлөлүк жашоо башталат, акыры пенсияга чыгасың. Ар бир этап эффективдүү болушу керек. Бирок бул учурда жашоо кубанычтарынан баш тартуу керек эмес. Ким менен дос болгуңар келсе, ошол адамдар менен достошкула, керектүүлөр менен эмес. Силерге кубаныч алып келген адамдар менен достошкула, сиз окшошкуңуз келген адамдар менен достошкула. Бирок бул учурда убакытты баалоо керек экенин унутпагыла. Бир сөз менен айтканда, баары силердин колуңарда. Бардыгы жалгыз гана өзүңөрдөн көз каранды. Эгер силер мына ушуну түшүнүп, өз жашооңорду көзөмөлдөөнү үйрөнсөңөр, баары силер каалагандай болот!
Ибрагим Жусуев