АСАН, ҮСӨН БЕРДИБАЕВДЕР АФЕРИСТПИ?

Асан, Үсөн Бердибаев деген ага-инилер кыргыз мода дүйнөсүндө 2-3 жылдан бери аралашып келатышат.  Асан андрогин модель катары таанылса, Үсөнү дизайнер, сулуулар сынагын уюштуруучу катары активдүү эмгектенишүүдө. Активдүү дегенибиз, алар жылына кеминде 2-3 жолу сулуулар сынагын уюштурушат.
Март айында өздөрүн «Idol Fashion Management» моделдик агенттиги атаган ага-инилер «Kyrgyzstan's next top model»  («Кыргызстандын кезектеги топ модели») аттуу сынак жарыялашкан. «Атың чыкпаса жер өрттө» болуп булардын сынагынан да өздөрүнүн аты укмуш чыкты. Көрсө, моделдерди ага-инилер реалити-шоу кылып тандайбыз дешкен экен. Реалити-шоусунун азабын эми сынактын катышуучулары тартып отурушат.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Көлдө өтмөкчү болгон шоу болбой эле, катышуучулар жөн гана жүрүшкөн. Жыйынтыгында уюштуруучулар моделдеринин баскан-турганына төлөй албай, аларды «уктатып» кетишиптир. Болгондо да 3 катышуучунун паспортун күрөөгө коюп, «коёндун сүрөтүн тартышыптыр». Бердибаевдерден кайсы бир чоң медиакомпания да жапа тартканын, аларга ага-инилер болжол менен 1300 доллар карыз экенин айтып маалымат булактарынын бирине даттанышкан. Бул окуя боюнча уюштуруучуларга чалып да, кат жазып да суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.
Баса, былтыр Үсөн Бердибаев менен «Супер сулуу» сынагында биз да иштешип, кызык окуяга тушукканбыз. Катышуучу кыздардын бут кийимдерин, акчасын бербей, Үсөндү күнү-түнү аңдып калган күндөрүбүз болгон. Акыры укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, араң алган элек. «Укмуштуунун төөсү жорго» деген ушул тура.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
suyom_seni
2014-04-28 15:00:02
Анннаа сагаа шумдугун кургурлаааааар десе....
0
Ayselim
2014-04-28 15:25:39
Kyzga okwowgo ekooten
0
Desmond
2014-04-28 16:00:03
Кыргыздарбы?
0
RIO.
2014-04-28 18:21:39
Desmond, жок! улуттары корей.
0
admin_portal
2014-04-29 11:02:56
Desmond, Саламатсызбы!
Ал боюнча толук маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=19423
0
leilek85
2014-04-28 18:00:49
мына сага
0
Kara-kulzha
2014-04-28 18:44:06
Жалганчылар экенго!
0
aida2013
2014-04-29 00:30:30
эми эмне болот негизи адамдарга акыркы кундору ишениш кыйын болуп калды.бул нерсе мени аябай окундурот .......
0
kama_future_millioner
2014-04-29 09:33:21
Мына сага.
0
mi-li-na
2014-04-30 11:41:19
Андрогиндер третий пол деп оздорун атап менен журушкондору менен чындыгында андай эмес, атайын кызыгып инеттен карап кордум,озун андрогинбиз деп эсептеген 6 адамдын баары текшеруудон отушкон сон баары таза натуралдар экен,бул жон гана европалыктардын психический оорусу.Эми ошондой ооруга чалдыккан адамдан эмнени кутууго болот ;)
0
MaRmeLaDka
2014-04-30 14:14:01
Асан менен Үсөн ушул конкурска болуш керек. Кыз-балдарын пансионатка алпарам деп бир шофер байкеге да акча бербей качып жүрүшүптүр. Байке кармап алсам аман койбойм деп жүрөт деп уктум. Абайлагыла, мальчики)
0
gulperi.kg
2014-04-30 20:17:04
Тигинин чачи кантет
0
Supataev.Salamat
2014-05-01 03:56:01
Бул экоо кыргыздын атын жамынып алып бизди уйат кылып атат
0
Tendik
2014-05-01 22:45:17
Мало того что выглядят не традиционно еще и творят мошенничество
0
admin_portal
2014-05-02 10:27:02
Alitet - 5 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына, намысына шек келтире турган сөздөрдү жазуугы жол берилбейт.
0
mixi_94
2014-05-03 19:50:39
Сары чач өзүнүкүбү кокуй. Мен тамашалап эле коюп койгон экен десе
0
zoiy_asad2014
2014-05-12 14:12:58
эмне гейби
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан