Америкалык режиссёр Дэвид Молинонун «Өлүү бойдон ойгонуу» («Waking up dead») аттуу тасмасы Канн фестивалына жана Торонто шаарында өтө турган улуттар аралык кинофестивалга май айында көрсөтүлмөкчү. Кубанычтуусу, тасманын көп жеринде Атай Огомбаевдин «Эсимде» чыгармасы жаңырат. Кыргыз классикасын америкалыктарга жеткирген музыкант биздин Германияда жашаган мекендешибиз, Ырыскелди Осмонкуловдун бир тууганы Вера Осмонкулова экенин сыймык менен айтсак болот. «Тасмада «Эсимде» музыкасын скрипкада колумбия-германиялык музыкант Глория Марчелло жана фортепианодо мен ойнойм. Негизи, мен бул музыканы бир нече классикалык аспаптарга ылайыктап жазгам» деп кошумчалай кетти Вера айым. Маалымат катары айта кетсек, мекендешибиз Германияда жашаганына 12 жыл болгон. Учурда Берлиндеги симфониялык оркестрдин артисти.