«XXI-кылым компьютердин, техниканын өнүккөн заманы» деп төш какканыбыз менен өлкөбүздөгү көптөгөн мектептерге компьютер жабдууларынын жетишсиздиги кашкайган чындык. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, республика боюнча 2200 мектепте 1,2 миллионго чукул окуучу билим алса, 59 окуучуга 1ден компьютер туура келип, мектептердин 4 пайызы гана интернет менен камсыз болгон. Өлкөбүздүн келечеги болгон окуучулардын заманбап шартта билим алуусу үчүн MegaCom компаниясы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Mega Билим» долбоорун жүзөгө ашырган эле.
САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА – 143 КАДАМ АЛДЫГА
«Mega Билим» долбоору өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы орто мектептерди заманбап компьютердик жабдуулар менен камсыздоого жана интернет түйүнүнө кошууга багытталган. 2011-жылы башталган жогорудагы долбоордун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 143 орто мектеп MegaCom компаниясынан жардам алышты. Эки жыл ичинде уюлдук оператор тарабынан тандалып алынган мектептерде информатика класстары ачылып, алардын ар бири Linux операциялык тутуму менен жабдылган ак түстөгү 7 компьютерден, атайын эмеректен, 1 USB-модемден, «Ыкчам интернет» тарифтик планы менен Sim-картадан турган топтомдор менен жабдылды. «Mega Билим» долбооруна катышкан мектептердин информатика мугалимдери үчүн уюлдук оператордун адистери тарабынан алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында 3 күндүк окутуу курстары өткөрүлгөн. Мындан тышкары MegaCom компаниясы Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте 7-9-класстардын окуучулары үчүн атайын усулдук окуу колдонмолору иштелип чыккан. Аны менен катар «Мобилдик сабаттуулук сабактары» даярдалып, долбоорго катышкан мектеп мугалимдерине таратылып берилген.
ДОЛБООРДУН ҮЗҮРҮН ТАСТЫКТАГАН ФОРУМ
MegaCom компаниясы үстүбүздөгү жылдын 17-апрель күнү Бишкек шаарында «Mega Билим» долбоорунун жыйынтыгы катары журналисттердин, мектеп мүдүрлөрүнүн жана информатика мугалимдеринин, илимдин профессор, докторлорунун жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда «Маалымат-коммуникациялык технологияларын жана инновацияларды Кыргызстандын билим берүү тармагына жайылтуу» аттуу форум өткөрдү. Форумдун жүрүшүндө сөз кезегин алган Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева компаниянын ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, билим берүү тармагына чоң салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, уюлдук оператордун башкы директоруна министрдин атынан ыраазычылык катын тапшырды.
«MEGA БИЛИМ» ДОЛБООРУ ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАСЫ ҮЧҮН ИШЕНИМДҮҮ САЛЫМ»
Билим берүү сапаты өлкөнүн өнүгүүсүнүн ишенимдүү жана негизги көрсөткүчү экендигин баса белгилеген MegaCom компаниясынын башкы директору АЗАТ БАЗАРКУЛОВ форумдун алкагында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
– Компаниябыз уюлдук байланыш тармагында лидер, телекоммуникация чөйрөсүндө жаңычыл тенденциялардын жол баштоочусу катары коомчулукка таанымал. Бүгүнкү күндө компания мекенибиздин билим берүү тармагын көз жаздымда калтырбай келет. Бул багыттагы реформалар 2013-2017-жылдардагы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында каралган. «Mega Билим» долбоору улуттук уюлдук оператордун билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон үлүшү болсо, ал эми өлкө экономикасы үчүн эң ишенимдүү салым десек болот.
«МОБИЛДИК САБАТТУУЛУКТУН САБАКТАРЫ» – МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМЧЫ
Жыйынтыктоочу бул форумда Чүй облусунун долбоорго катышкан мугалимдери үчүн «Информатика жана маалымат-коммуникациялык технологиялар» деп аталган усулдук китеп жана дискке жаздырылган «Мобилдик сабаттуулук сабактары» тартууланды. Аталган долбоорлордун пайдалуу жактары тууралуу MegaCom компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси ЖУМГАЛБЕК ӨМҮРКАНОВ буларды айтып өттү:
– Долбоорго катышкан мектеп мугалимдери үчүн даярдалган усулдук китепти ар бир облуста атайын жыйындарды өткөрүп сунуштаганбыз. Мындан тышкары информатика мугалимдери үчүн ачык сабактарды өткөрүүдө кызыктуу болуусу үчүн «Мобилдик сабаттуулуктун сабактарын» даярдап чыкканбыз. Ал сүрөт менен коштолуп, окуучуларга уюлдук байланыш деген эмне экендигин, уюлдук байланышты колдонуу эрежеси, уюлдук телефонду пайдалануу этикасын үйрөтөт. Дискке көчүрүлгөн электрондук сабакты мугалимдер өз ишмердүүлүгүндө колдоно алышат. Азыркы учурда «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорунун алкагында балдарга жеткиликтүү болуусу үчүн «Телекоммуникация дүйнөсүнө саякат» деген аталыштагы мультфильм даярдалууда. Мультфильмдеги каарманыбыз кичинекей көрүүчүлөргө уюлдук телефонду колдонуу эрежелерин жана башка көптөгөн кызыктуу маалыматтарды үйрөтөт.
«MEGACOM КОМПАНИЯСЫНА ТЕРЕҢ ЫРААЗЫБЫЗ»
«Mega Билим» долбооруна катышып, компьютердик класска ээ болгон мектеп окуучулары компьютердик жаңы технологияларды колдонуу аркылуу билим сапаттарын өнүктүрүп, республикалык ар кандай сынактарда, олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишип жаткандыгын, долбоордун эң негизги күтүлгөн натыйжаларынын бири экендигин баса белгилеп кетпесек болбос. MegaCom компаниясынан жардам алган 143 мектептин бири, Чүй облусуна караштуу Москва районунун Чоң-Арык айылындагы Тилекмат атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы БУРУЛБҮБҮ МУРАТАЛИЕВАны кепке тарттык:
– 2012-2013-окуу жылы жаңы башталганда «Mega Билим» долбоорунан биздин райондон 2-3 мектеп компьютердик класска ээ болгонун угуп калдым. Ал кезде убактылуу мектеп директору болуп иштеп жүргөн элем. Мурда биздин мектептин окуучулары эски компьютер колдонгондуктан, дароо эле MegaCom компаниясына жардам сурап кайрылдык. Болгон жумушубуз ошол болду. Башка эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. 2-3 күндөн кийин компаниянын адистери биз менен байланышып, өздөрү ак түстөгү 7 компьютерди жабдуулары менен кошо алып келип орнотуп беришти. Мындан тышкары «окуучулар ыкчам интернет колдонсун» деп модем белек кылышты. Жаңы компьютерлер келгенде окуучулар өздөрүнүн үйүнө белек алгандай аябай сүйүнүштү. Ушундай жардам көрсөткөн MegaCom компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул долбоор аркылуу окуучуларыбыздын билим деңгээли бир топ эле жогорулайт деп ишенем. Мындан ары да ушундай элге керектүү жакшы долбоорлорду ишке ашырышына тилектешмин.
Ошондой эле форумга Электроника жана телекоммуникациялар институтунун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Билим инновациялар борборунун өкүлдөрү катышып, мугалимдерге эң керектүү долбоорлорду сунуштап, алар менен тааныштырды. Атап айтсак, «Мектептерди бириктиребиз – жамааттарды топтойбуз» долбоору, "Мектепти башкаруу маалымат системинин мониторинг жана отчёт түзүү программаларын иштеп чыгуу" окуу бөлүмүнүн башчыларына окуу жайдагы иштин жүрүшүн көзөмөлдөөнүн электрондук варианты сунушталып, форумдун катышуучулары аны пайдалуу экендигин белгилешти. Ошондой эле окуучунун мектептеги жетишкендиги туурасында ата-энелер уюлдук телефону аркылуу маалымат алып туруу мүмкүнчүлүгүн берген «Электрондук күндөлүк» долбоору мугалимдерге сунушталды. Мугалимдерге жана окуучуларга эң керектүү, ичине 15 миң терминди камтыган "Кыргызстандын көп тармактуу илимий электрондук энциклопедиясы" программасы менен аны иштеп чыккан «Манас» университетинин ага окутуучулары тааныштырды.
Асхат Субанбеков
Марлис Эсенакунов