Бойдоктор бурчу
Бул жигит “Күндөр жаңырат” деген ырды жакшы көрүп угат. “Ата-энесин сыйлаган кыз мени, жакындарымды да сыйлай билет” деп ишенет. Таанышып алыңыз, бойдоктор бурчунда Мирбек Атабеков.
– Мирбек, эгер достук менен сүйүүнүн ортосунда тандоо керек болсо, кимисин тандаар элең?
– Досторум менин сүйүүмдү сыйлашат. “Мен же сүйүктүүң” деп шарт коё турган адамды дос деп айтып болобу? Эгер сүйүктүү адамым кан досум менен мамилемдин бузулушуна алып келсе, демек, ал чыныгы сүйүү эмес. Ачыгын айтсам, чыныгы сүйүүм кайсы да, чыныгы досум ким деп сынап көрө элекмин.
– Кыздарды сен таштайсыңбы же кыздар сениби?
– Кыздарды таштаган да, өзүм жетпей калган да учурлар болгон. Бирок жаштарда “экс-жигитим”, “мурунку сүйлөшкөн кызым” деген түшүнүк болбосо дейм.
– Адамдагы кандай сапаттар кыжырыңды кайнатат?
– Анчалык деле ачуулуу адам эмесмин. Ар бир адамда ар кандай кемчиликтер бар. Аларга нервди кетирип, өзүңдү кыйнай бергенден эмне пайда? Нерв клеткалары кайра жаралбайт, кичине аларды аяп коюш керек.
– Биринчи өбүшүү сага кандай таасир калтырган?
– Ал качан болду эле?.. Чынын айтсам, өзүм деле түшүнбөй калганмын. Ойдо жок учурда болуп кеткен эле, кандай таасир калтырганын азыр эстей албайм.
– Сени сахнадан тышкары кайсы жерлерден жолуктурууга болот?
– Көпчүлүк убактым студияда, сахнада өтөт. Бошой калган учурларда көбүнчөсү кинотеатрларды көздөй жөнөп калам.
– Бул суроону бербей кетүүгө болбостур, кандай кыздар жагат?
– Ата-энесин сыйлаган кыздар жагат. Аларды сыйлаган кыз, демек, күйөөсүн да, кайын-журтун да сыйлайт болушу керек деп ойлойм. Тышкы көрүнүшү боюнча айтсам, муздак сулуу эмес, жылдыздуу кыздар жагат. Алардын жүзүнө бир карасаң анчалык сулуу деле көрүнбөйт. Бирок сүйлөшө келгенде кайсы бир жоруктары, жылмайганы, кашын серпкени же кирпигин ирмегениби, айтор, бир учурда жагымдуу, сулуу болуп чыга келишет. Кыскасын айтканда, алардын жүзү табышмактуу. Ошол табышмактын жандырмагын тапкың келип, кызга тартыласың.
– А кандай кыздар жакпайт?
– “Вульгарный” кыздар жакпайт.
– Клиптериңдеги кыздар менен жакын мамиле түзөсүңбү?
– Айрымдары менен дос болуп кетебиз, кээ бир кыздарды ошол тартуу аянтында коштошкон боюнча көрбөй деле калам.
– Эротикалык мүнөздө жаңы клип тарттырдың. Анда ким көбүрөөк сүрдөдү, сенби же кызбы?
– Башында өзүм сүрдөп кеттим. Батышка ыктаганыбыз менен, баары бир кыргызбыз да. Айланада камера, он чакты адам тегеректеп турса, өзүңө тааныш эмес кызды чын дилден кучактап, өбүү оңой болгон жок.
– Өзүңдүн кайсы ырыңды укканда жыргайсың?
– “Күндөр жаңырат” деген ырым менен уктап, ошону менен ойгоном. Маанай чөксө да, кубанычым коюнума батпай жыргап турсам да ошол ырды угам.
Мирбектин сүрөтүн жазданып уктап, түшүндө көрүүнү миң ирет тилеген кыздардын көптүгүн кайталап айтуунун деле кажети жоктур. Андыктан таанышууну кааласаңыз, m_atabekov@mail.ru дарегине кат жөнөтүңүз.
Шаиста Шатманова
star@super.kg