«Дем» театрынын актёру, Урмат Усеновдун «Махабат кайырчысы» ырынын клибинде тартылган Данияр Жанжигитов 25-апрель күнү кыздуу болду. «Биринчи кызым төрөлгөндө башкача толкунданган элем, мунусунда тажрыйбалуу болуп анча сезилбеди. Кызымдын атын мусулманча Наиля деп койдук. 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Негизи, эркек бала төрөлөт деп күтүп жатканбыз, эми үчүнчүсү эркек болот окшойт деп койдум. Эмнеси болсо да жубайым аман-эсен көз жарып алды, мен үчүн кызым менен жубайымдын ден соолугу маанилүү»,- дейт экинчи жолу ата статусуна ээ болуп жатканына кудуңдаган актёр.