Жолуккан тааныштарымдын көпчүлүгү «ЗиЛ-Москва» деген муздаткыч көргөн же билген жериң барбы? Болсо тап, 3 миң доллардан казактар алат экен» деп бири айтса, дагы бири 1 саат өтпөй «5 миң», дагы бири «10 миң» деп оозумду Ошту каратышты. «Ал эми Кытайда кызыл сымаптын 1 граммы 200 миң доллардан болуп жатыптыр» деген сөздү угуп Ошту караган оозум он эсе ачылды. Мындан улам «кызыл сымап деген ал кандай зат? Чын эле ушунча кымбатпы же жөн гана алдамчылардын тузагыбы?» деген ой келип, бул ишти тактап көрдүк.
ЭЛДИ ДҮРБӨТКӨН ЖАРЫЯЛАР
«Совет мезгилинде жасалган «ЗиЛ-Москва» үлгүсүндөгү муздаткычтарды кымбат баада сатып алабыз» жана «сатам» деген жарыя алгач Казакстанда, интернет булактарында козу карындай чыга баштаган. Казактардын түн уйкусун бузган бул жаңылык аз убакыттын ичинде Кыргызстанга да жетип, «казактар Ысык-Көлдөгү айылдарды кыдырып муздаткычтарды 500 доллардан алып жатышыптыр» деген кеп тарады. Муну уккандар үйүндөгү эски муздаткычын жылтылдата сүртүп тазалап, үйүндө жоктору муздаткыч издеп, тууган-туушкан, тааныш-билиштерден сураштырып жүрүшөт. Тааныштарымдын телефон чалып саламдан кийинки сөзү эле муздаткыч тууралуу болууда. Буга улай интернет сайттарында, ал гана эмес, жергиликтүү телеканалдардын саптык жүгүртмө жарнамалык кызматынан пайда болуп, ага чалып бааларын уккандар ичкен ашын жерге таштап айылдарды кыдырып жүрүшкөн учур.
«Көз жетпеген жерге сөз жетет» демекчи, кабар ооздон оозго өтүп, баягы чоң аталардын заманындагы эски муздаткычтын баасы да жогорулоодо. Алгачкы баасы 500-1000 доллардан деп айтылса, акыркы эки апта ичинде анын баасы 10-15 миң долларга жетти.
МУЗДАТКЫЧ КЫЗДАРДЫН КАЛЫҢЫНАН ДА КЫМБАТТАДЫАлам дегендердин айтымында, 1951-57-жылдары чыккан «ЗиЛ» муздаткычында табигатта өтө сейрек кездешүүчү кызыл сымап бар экен. Ал эми ал тууралуу ар кандай кептер айтылды. Алардын бири Руслан Исраилов: «Бул тууралуу телевизордогу жарнамадан көрүп, мен да кызыгып, алып сатайын деп издештирдим. Бирок таппай жатам. Эгер муздаткыч таап калсам, мен дагы алып коюп, ылайыгы келгенде сатсам деп издеп жүрөм. Угушума караганда, «анын ичинде ак алтын, кызыл сымап бар экен» деп казактар алып кетип жатышыптыр»,- дейт.
Дагы бири «бул зат уюлдук телефондордун байланышын үзгүлтүккө учуратат экен жана ал ракеталардан коргоочу техникаларга абдан зарыл» десе, бири «муну Кытай мамлекети сатып алып, өзөктүк курал жасоого колдонот» деп айтып жүрөт. Мындан улам кызыл сымап эмне болгон зат деген кызыгуу пайда болуп, издештирдим. Бирок бул зат табигатта таптакыр жок, башкача айтканда, аты бар, заты жок, жөн гана ойдон чыгарылган «өрдөк» сөз болуп чыкты.
Кызыл сымап сөзүнүн келип чыгышы тууралуу айрым версиялар:
АЛДАМЧЫЛАРДЫН ТУЗАГЫ
«Баасы 10 миң доллар болуп жаткан муздаткыч тууралуу алгач укканда менин да бүйүрүм кызыды» деген УЛАН ИСМАИЛОВ: «Тааныштарым казак досторунан угуп, алар айылдарды кыдырып, муздаткыч издешти. Бардыгы болуп 15 чактыны таап, казактарга чалышты. Бирок баягы 10 миң доллар экен деп жаткан казактар бул иш афера экенин айтып, күлүштү» дейт.
Бул жөн гана алдамчылардын тузагы деген пикирди «ЗиЛ-Москва» муздаткычынын түзүүчүсүнүн уулу Игорь Камишкирцев билдирген. Ал «Бул болбогон кеп. Анын ичинде бардык эле муздаткычтарга орнотула турган кадимки компрессор, конденсатор жана бууга айланткыч бар. Өндүрүү иши ачык жүргүзүлгөн. Эгер кандайдыр бир жашыруун технология болсо, анда заводдо өзгөчө режимде иш жүргүзүлмөк да» дейт.
АБАДАН АКЧА ЖАСООЧУЛАРДЫН СХЕМАСЫ
Абадан акча жасоочу шылуундардын тобунун схемасы эң жөнөкөй төмөнкү жол менен жасалат:
1) Алдамчылар жасалма түрдө өтө эски бир буюмду кымбат баада алабыз деп маалымат каражаттары аркылуу коомчулукту дүрбөтөт.
2) Муну уккандар аты аталган буюмду издеп таап, арзаныраак сатып алып, кайра жарыя бергендерге кымбатыраак өткөрүп ортодон акча иштеп калайын деп чуркай башташат.
3) Ажиотаж жараткандар ушул учурда алдын ала чогултуп алган керексиз эски буюмдарды ортомчуларга сатып жиберишет да, жарыялардагы номерлерин өчүрүп салышат.
Жыйынтыгында алдамчылар менен эски буюмду сары майдай сактап жүргөн «плюшкиндер» ортомчуларга сатууга үлгүрүп кирешеге маарышат. Ал эми бир күндө байып кеткиси келген байкуш ортомчулар кайырмакка илинишет да, нан тиштейм деп ийне жуткан иттей ичи ачышып кала беришет.
Ушуга окшогон алдамчылык иши КМШ өлкөлөрүндө мурда да катталган. Анда «Зингер» деп аталган 1917-жылга чейин чыгарылган кийим тигүүчү машинасында палладий (платина тобундагы кымбат баалуу металл) бар деп элди дүрбөтүшкөн. Машинаны таап келгендерге сатып алуучулар аны текшерүү зарылдыгын айтышат. Жыйынтыгында сатып алуучулар "машинада паллади жок экен, эми бул эски буюмду сат" деп арзан баада сатып алышкан. Алдамчылар мына ушундай жол менен арзан сатып алышып кирешеге маарышкан. Анткени машина эски болгондуктан, антиквар болуп эсептелген.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg