Акча үчүн адам өмүрүнө кол салгандар күн санап өсүүдө. Замандын кысымынан бир корксо, зөөкүрлүктөн эки корккон эл үчүн көчөдө жүрүү да кооптуудай. Жашообуз тасмадагы боевиктерден айырмаланбай деле калат го деген ойго келесиң. Төмөндөгү окуяда таксист өз тиричилигин кылып жүргөн адамдын акчасын алып, өзүн өлтүрүп, өрттөп салган.
ТАЛААДАН ТАБЫЛГАН ӨРТТӨЛГӨН ӨЛҮК
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылына жакын жердеги Четинди капчыгайынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат укук коргоо органдарына жеткен. Сөөк табылган жерге барган милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, сөөк атайын өрттөлгөнүн болжолдошкон. Себеби сөөктүн үстүнө дөңгөлөктөр ташталып өрттөлгөндөн калган калдыктар кошо табылган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзө баштайт. Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан дененин өздүгү билинип, ал Чүй облусуна караштуу Арчалы айылынын тургуну, 1971-жылы туулган Таалайбек Карымшаков экендиги аныкталган.
МАРКУМДУ ТУУГАНДАРЫ ИЗДЕП МИЛИЦИЯГА КАЙРЫЛЫШКАН
2013-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Аламүдүн районунун Кайырма айылынын тургуну Тынчтыкбек Карымшаков аттуу жаран Таалайбек Карымшаков аттуу агасынын жоголуп, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда анын агасы 2013-жылдын 15-декабрь күнү эртең мененки саат 04:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендиги тууралуу билдирген. 3 айдан кийин гана Таалайбек Карымшаковдун жансыз денеси Четинди капчыгайынан табылып отурат.
Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынын тургуну, 1980-жылы туулган Нурлан Токтоноев аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү өзүнүн Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасы менен киши ташып иштеп, Аламүдүн айылында жашачу экен. Ал үй-бүлөлүү жана бир кыздын атасы. Ал эми каза болгон Таалайбек «Ош базарында» эт сатуучу соодагерлерге дүңүнөн эт таратып иштеп жүргөн. Таксист менен эт сатуучунун ортосунда эмне талаш болгону тууралуу кылмышка шектүү төмөнкүчө көрсөтмө берген.
«АКЧАСЫНА КЫЗЫККАМ»
– 2013-жылдын декабрь айынын ортолорунда күнүмдүк эле тиричилигимди кылып, такси айдап жүргөм. Ошол күнү Таалайбек Токмокко мал алганы барып келели деп мени жалдады. Андан мурда 3 жолу Токмоктогу мал базарга жеткизип, акчамды алып, ошондон кийин тааныш болуп калганбыз. Ал күнү да анын мал аларын билип, сүйлөшкөн боюнча Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен салып кеттим. Жаныма Эламан деген тааныш баланы кардар катары салып, Токмокко жөнөмөй болдук. Таалайбектин акчасы бар экенин Эламанга айтып, экөөбүздүн негизги максатыбыз анын акчасын алуу болду.
Шаардан чыга бериштеги МАИ постунан өткөндөн кийин Таалайбек «токтоп турчу, эшикке чыгып келейин» деди. Машинага келип отургандан кийин Эламан Таалайбектин мойнуна жипти салып муунтуп кирди. Мен каршылык көрсөтпөсүн деп Таалайдын колун кармап турдум. Эсин жоготуп койгондон кийин алдыңкы отургучту ылдыйлатып туруп арткы орундукка көмкөрөсүнөн жаткырып, Эламан үстүнө отуруп алды. Бир маалда карасак дем алып жатыптыр. Кайра муунтуп эсин оодардык да, артка, шаарды көздөй кайттык. Бишкекке келип, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги дөңгөлөк желимдөөчү жайдан жараксыз дөңгөлөктөрдөн алып, Алма-Ата көчөсүндөгү айланма жолдо жайгашкан май куюучу жайдан 4 литр бензин сатып алдык.
Таалайдын денеси менин унаамдын арткы орундугунда жатты. Бул учурда ал өлүп калган болчу. Кийин кайра эле Ысык-Ата тарапты көздөй айдадым. Тоо тарапка барып өлүктү машинадан алып түшүп, жолдон алысыраак, жээк тарапты көздөй алып бардык. Суу агып өтүүчү жол астындагы кичи көпүрөнүн алдына алып түшүп, жерге жаткырдык. Анан унаанын багажындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайдан ала келген дөңгөлөктөрдү өлүктүн үстүнө таштап, бензин чачып өрттөп жибердик.
Машинага келип, капчыгын карасак 200 миң сомдой акчасы бар экен. Эламан экөөбүз 100 миң сомдон бөлүп алдык. Сумкасын, айдоочулук күбөлүгүн, майда-чүйдө документтерин, анан бензин куюп келген канистраны Норус айылы тарапка бараткан жактагы агып жаткан сууга ыргытып жибердик. Акчалуу жүргөнүн билчүмүн, негизи акчасына кызыккам. Азыр кылган ишиме өкүнүп жатам.
«ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЭКИНЧИСИ КАЗАКСТАНДАН КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ»
Таалайбек Карымшаковдун денеси 3 айдан соң өрттөлгөн абалда табылып, ал эми кылмышка шектүүлөрдүн бири сөөк табылгандан 1 айдан кийин, 17-апрелде колго түшкөн. Кылмышка шектүү катары айыпталып жаткан Эламан аттуу экинчи жаран Казакстандын Алматы шаарында кармалган. Бул кылмыш тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүдөй маалымат берди:– Кылмышка шектүүлөрдүн бири Нурлан Токтоноев «Ош базарынын» айланасында кардарларды ташып иштечү. Ал мурда уурулук кылмышы боюнча соттолуп, бирок сотко келбей койгондугу үчүн 2012-жылы ага издөө жарыялангандыгы тууралуу да фактылар бар. Тактап айтканда, Нурлан Токтоноев мурда да Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча соттолгон.
Ал эми кылмышка катышкан деп шектелген экинчи жаран Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Эламан Маматкадыр уулу экендиги аныкталды. Ал окуя болгондон кийин коңшу Казакстандын Алматы шаарына качып кеткени билинип, ага эл аралык издөө жарыяланган. Биздин 3 кызматкер Казакстанга барып, Алматы шаардык укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен Эламан Маматкадыр уулун колго түшүрүштү. Эми ал Кыргызстанга алынып келинет. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg