Каныкей:«ЖОЛДОШУМА ТҮРЛӨП ТАМАК ЖАСАП БЕРИП ЖАТАМ»

21-мартта «Заманыбыздын супер ырчысы» Каныкей турмушка чыккан. Анын сүйүктүүсү алыскы Америкада окуп-иштеп жүргөн мекендешибиз экенин эсиңиздерге сала кетели. «Жөнөкөй кыргыз жигитине турмушка чыгып жатам» деп, бирок жолдошун сыр туткан Каныкейден күйөө балабызды тааныштырып коюшун суранган элек. Мына минтип убактысы келип, ырчы айым жолдошу менен бактылуу көз ирмемдерди татып жүргөнүн айтып берди.

– Салам, Каныкей. Мекенден алыс, жаңы турмушуң кандай болуп жатат?
– Саламатсыздарбы? Негизи, эл көзүндө жүрүп абдан чарчагам. Ошондуктан азыр мен чоң эс алуудамын. Үйдө күйөөмө түрлөп тамактарды жасап берип отурам.

– Ырчы айым кандай даамдары менен жолдошун кубантып жатат болду экен?
– Камыр тамактарды жасап берип жатам. Пельмен, кулпунай, алча менен вареники, пирожки, боорсок, лагман дегендей. Ар күнү сүйүктүүмдү даамдуу тамактарым менен тосуп алам.

– Демек, азыр үйдө эле экенсиң да?
– Ооба, тил үйрөнүү боюнча курска барам деп жаткам. Буюрса, жакында жазылып, бара баштайм.

– Америкада жашоо кандай? Кыргызстанды сагынып жатсаң керек?
– Америкада убакыт куш сымал бат эле учуп өтүп кеткендей болот. Бул жактагылар эмгекчил келишет экен, абдан катуу иштешкенин байкадым. Кыргызстандагыдай систем жана мыйзам жыргал эмес. Америкада тартип күчтүү. Ошентсе деле өз мекениң баары бир алтын. Сагынбай коё албайсың.

– Бойдокчулук жашоо менен үй-бүлөлүү болгондун айырмасы сезилип баштадыбы?
– Үй-бүлө чындыгында сонун экен, эгер ак никеден жаралса. Медер менин жашоомдогу алгачкы мырза жана жашоомдун аягына чейин бирге болушубузду каалайм. Үй-бүлө мен үчүн абдан ыйык. Айырмасы боюнча, биз чогуу көп жашай элекпиз да. Турмуштун сырларын эми эле билип келатабыз. Келечекте баары сонун болсо деген тилектерибиз бар. Сүрөттөн, өзүңүздөр көргөндөй, жашоонун жыргалын татып, бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жүрөбүз.

– Чыгармачылык кандай болуп жатат?
– Альбомумдагы ырлар менен иштөөдөмүн. Учурда «Мен эстеймин» деген ырыма өзүмдүн идеям менен өзүм режиссёрлук кылып клип тартып жатам.

– Рахмат маегиңе, Каныкей. Медер экөөңөр бактылуу болгула!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Desmond
2014-05-14 12:37:04
Бакыт каалайм!
2009-жылдан бери сyйуп келем ))))))
0
Gulir
2014-05-14 14:24:35
Бакыт, бакыт, жана да бакыт каалайм!
0
bakythka
2014-05-15 18:22:44
Бактылуу болгула.
0
best-life
2014-05-16 01:50:34
Каныкей жолдошу экоо туболук тугойлордон болот буюрса, бактылуу жашоо каалайм.
0
bazar
2014-05-16 08:14:15
Эн туру кыласын. Тvрдvv тамакты коп-коп жеп турбаса, жаныдан vйлонгон эркек арыктап кетет.
0
yylkan
2014-05-16 11:39:47
Бактылуу болгула,туболугунор туз болсун......
0
nurperi8981
2014-05-16 14:46:05
Медер тебе повезло !!! Каныкейдин колунан тамак жеп!!!
0
aygerimka
2014-05-16 16:38:14
Каныкейди сыйлайм. Жонокой, жасалмасы жок айым. Жолдошу экооно уй-булоолук бакыт, ширин ширин бобоктор насип кылсын. Элибиз сыймыктанган уй-булоолордон болсун.
+3
alibekova94
2014-05-17 18:32:17
Жагат ушул кыз унуно береке ! Уй-булолук бакыт каалайм майда тапичкелер кобойсун!
0
alibekova94
2014-05-17 18:32:17
Жагат ушул кыз унуно береке ! Уй-булолук бакыт каалайм майда тапичкелер кобойсун!
0
Aku1977
2014-05-17 22:40:21
Бактылуу болгула!!!
0
samira.0907
2014-05-18 01:07:05
Каныкей мен сиздин чыгармачылыгынызды сыйлайм.Бактылуу болунуз!
0
ggvatua
2014-05-18 20:16:01
Каныкей кандай жакшынакайсын.Бактылуу болгула!Каныкей сени абдан жакшы кором.
0
Boldukan86
2014-05-18 21:02:05
оо куттуктайым мен эми билбедимби. жакшы кором ушул ырчыны. бактылуу болгула ылайым!
0
mekusha
2014-05-19 06:22:18
бакыт каалайм силерге !!!
0
№ 601, 09-май-15-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан