2005-2012-жылдар аралыгында Кыргызстанды жалпы жарандык паспорт менен камсыздаган «Интел Линкс» ЖЧКсынын кожоюну Дмитрий Цой кармалганын Ички иштер министрлиги 7-май күнү кабарлады. Адегенде «Д.Цой 27-мартта жардырып өлтүрүлгөн спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү катары кармалды» деген маалымат тарады. Бирок ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы жогорудагы маалыматты оңдоп-түзөөгө шашып, «азырынча Д.Цойдун Р.Абасовду өлтүрүүгө тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат» деп билдирди. «Экөөнүн ортосунда аңчылык кылган жер тилкелерине байланыштуу талаш болгон. Версиялардын бири боюнча, алар Р.Абасовду өлтүрөйүн дебей эле, эскертүү бергиси келген, бирок жардыргыч заттын кубаттуулугун эсептей албай калышкан»,- деди башкармалыктын башчысы Рафик Мамбеталиев. Руслан Абасовдун өлүмүнө байланыштуу спортчунун жакындары менен баарлашканыбызда «анын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аңчылык боюнча бизнесине байланыштуу болушу мүмкүн» дешкен.
Дмитрий Цой кыргызстандыктарды паспорт менен эле камсыздабастан, мергенчилик кылган аңчылык чарба да иштеткен. Ошондой эле «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун жакын досу, каржылык иштердеги өнөктөшү катары белгилүү. Жогорудагы териштирүүдөн тышкары Дмитрий Цойго 2009-жылы болуп өткөн автокырсык боюнча айып тагылды, тагыраагы, анын унаасы трактор менен кагышкандан кийин трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан. Бул иш убагында түшүнүксүз себептерден улам токтотулуп калган. Быйылкы жылы 30-мартта Башкы прокуратура ишти кайра жандандырып, «ээн баштык» беренесин «киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине которгон.
Темирбек Матаев
politika@super.kg