КАМЫРДЫ МЫКТЫ ЖУУРУЙ АЛАСЫЗБЫ?

Кээде аш-тойго барып калганда «этинен да камыры сонун болуптур, жегиң эле келет» дегенди угуп калабыз. Анын сыңары, камыр жууруунун сырын билмейинче камыр тамактар даамына чыкпайт. Бул жааттагы тажрыйбасы менен Бишкектеги «Дасторкон-3» кафесинин ашпозчусу Майрамкүл Касымбаева бөлүшөт.


 

КАМЫР ҮЧҮН КАЙСЫ СОРТТОГУ УН ЖАКШЫ?
– Айрымдар камыр тамактарга жогорку сорттогу ун чыйралып, жакшы жайылбайт дешип, биринчи же экинчи сорттогу унду колдонушат. Бирок тамактагы камыр аппак болуп, эзилбей бышышы үчүн жогорку сорттогу ун жакшы. Бул өзгөчө конок келгенде керек. Болгону, камырды жууругандан кийин 30 мүнөттөн 1 саатка чейин тыныктырып койсо, камыр оңой жайылат. Камырды колго камыр жабышпай калгыча ийлеп жууруш керек.

ТУЗДУ ЭРИТИП КОШУУ КЕРЕКПИ?
– Туздун өзүн унга кошуп жибербей, идиштеги жылуу сууга салып, эзип алуу оң. Анан тузун татып көрүп камыр жууруса туура болот. Сууну ундун үстүнө аз-аздан куюп, бир четинен жууруй баштаган туура. Суунун баарын бир куюп жиберсе, камыр суюк же жумшак болуп калышы мүмкүн.

ЫСЫК СУУБУ ЖЕ МУЗДАК СУУБУ?
– Абдан муздак сууга жуурулса камыр тырышып, ийлегенге, жайганга кыйын болот. Ысык сууга жууруса камыр өзүн таштап жиберип, жумшак болуп калат. Андыктан жылуу сууга же бөлмөнүн температурасындагы сууга жууруган оң.

УНДУ ЭМНЕ ҮЧҮН ЭЛЕШ КЕРЕК?
– Камыр үчүн унду алгач элеп алуу керек. Анткени эленген ундан жасалган азык, мисалы, пирожки же боорсок көпшөк болуп бышат.

АЧЫТКЫНЫ КАНДАЙ ТҮРДӨ КОШСО ТУУРА?
– Ачыткыны (дрожжи) ысык сууга салып жиберсе күйүп калат. Муздак сууга салса, камыр жакшы көтөрүлбөйт. Андыктан ачыткыны чыныга салып, үстүнө жылуу суу куюп коюп койсо, ал көтөрүлүп чыгат. Ошондо унга кошуп жууруса болот. Кээ бирлер ачыткыны унга түз кошуп жиберет, мындайда камыр жакшы жуурулбаса, ачыткы кээ бир жерлерде топтошкон бойдон калат.

БЕШ БАРМАК ҮЧҮН КАМЫР

Керектүүлөр (5 порция үчүн):
Ун – 800 грамм
Жумуртка –1 даана (кошпосо да болот)
Суу, татымына жараша туз
Табакка унду салып, ортосун чуңкурайтып, жумуртканы жарып кошуңуз. Эми туз татылган жылуу суудан аздан куюп, камырды бир аз катуу жууруу зарыл. Анан 1 сааттай тыныктырып туруп, бөлүктөргө бөлүп ийлеп, жая баштайсыз.

МАНТЫ ЖАНА ЧҮЧПАРА

Керектүүлөр (5 порция үчүн):
Ун – 1 килограмм (манты үчүн)
Ун – 400 грамм (чүчпара үчүн)
Жумуртка – 1 даана (кошпосо да болот)
Суу, татымына жараша туз
Мантынын жана чүчпаранын камыры орточо жуурулат жана ага туз өткүр кошулат. Камыры өтө катуу жуурулуп калса, түйгөндө четтери жабышпай убара кылат. Ал эми жумшак болуп калса, манты формасын жоготсо, чүчпара болсо эзилип кетет. Жуурулган камырды 30 мүнөт тыныктырып, анан жая берсе болот.

ЛАГМАН

Керектүүлөр (5 порция үчүн):
Ун – 1,5-2 килограмм
Жумуртка – 1 даана
Суу, татымына жараша туз
Камырды катуу да, жумшак да эмес, орточо жууруйбуз. Анан жакшы жана бат чоюлсун үчүн 1 же 1,5 сааттай тыныктырсак, жайганга даяр.

КАТТАЛГАН САМСЫ

Керектүүлөр:
Ун – 1 килограмм
Маргарин – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Суу, татымына жараша туз
Маргаринди алгач бир аз эритип алган оң. Анан аны, жумуртканы унга кошуп, камырды катуу жууруп, жайганга чейин 20-30 мүнөт тыныктырабыз.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
mamamia
2014-05-19 09:26:10
рахмат супер инфо
-1
Januska
2014-05-19 12:47:56
Билбегендер болбосо деле керек менимче...
-6
suiush
2014-05-19 14:34:52
Ушул болум жакшыле ачылбадыбы))))ракмат суперинфо
+1
aikomir
2014-05-19 15:00:54
Кожейкенин бурчу кайсы болумдо же ушул эле, пайдалуу кенештерби?
0
admin_portal
2014-05-19 15:23:23
aikomir, Саламатсызбы!
Порталда "Пайдалуу кеңеш" рубрикасынан таба аласыз.
0
momuntay
2014-05-19 17:28:14
Менин шаардык женем уч балалуу болгондо нанга камыр жууруп уйронду го
-8
saltanat.
2014-05-19 18:06:27
Мен баарын билем. Профимин да) ))
-8
abaychik
2014-05-19 20:03:36
saltanat., мен да)))
-4
nazi25
2014-05-19 23:25:49
Башкача жууруйт окшойт депмин.
-2
Sharipa-asia
2014-05-19 23:44:19
Рахмат кенешинерге
+2
admin_portal
2014-05-20 11:43:05
AKULAYKA11 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
aikomir
2014-05-20 11:45:13
admin_portal, Саламатсызбы! Мен телефон мн киргенге байланыштуу, порталды табуу кыйын болуп жатат. Ссылкасын жазып кое аласынарбы. Алдын ала рахмат!
0
admin_portal
2014-05-20 11:51:07
aikomir, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/article/?theme=20
0
admin_portal
2014-05-20 11:49:47
SHS, Саламатсызбы!
Эгер сиз kenesh@super.kg дарегине суроо жөнөткөн болсоңуз, тиешелүү адамдар жооп сөзсүз беришет. Эгер кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
0
SHS
2014-05-20 13:57:08
admin_portal, 4on rahmat joobunarga men ayabai kubany4tamyn . Dagyda bolso men joop kutom. Rahmat dagy bir jolu.
0
admin_portal
2014-05-20 11:52:49
Nargiza.kb.90, saltanat., kaltunlu - азырынча оозеки эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуздар!
0
dinumdinum
2014-05-20 15:23:11
негизи камырды мыкты жууруй билген адам,тем более беш бармака жумуртка кошпой эле жууруса болот.Сууга тузга жуурулган камыр эзилбейт,жайылышы дагы жакшы!
0
bajzhan2003
2014-05-21 00:08:03
Бул жерде озгочо эч нерсе жок. Обычный жасап жургон ыкма.
+1
Gulshan_kf
2014-05-22 18:51:54
рахмат супер
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан