Мынакей, достор! Ошентип жыл мезгилдеринин эң жагымдуу, жылуу маалы да кирип келди. Табияттын кооз, жылуу мезгилинде досторуң менен жаратылыш коюнунда эс алганга эмне жетсин. Табият коюнуна саякатка чыгардан мурда төмөнкү жөнөкөй эрежелерди билип алганың оң, бөбөктай!
Чиркей, курт-кумурска, кенелердин чагып алуусунан коргонуу оор эмес. Бирок тоого чыгууда терини толук жаппаган жеңи жок майке, башы ачык бут кийим кийүүгө болбойт. Шым, жеңдүү көйнөк, боосу бекем байлана турган бут кийим жана сөзсүз баш кийим кийүү керек. Курт-кумурскага каршы уулуу чачма каражаттарды колдонбогула. Аны туура эмес пайдалансаңар, өзүңөрдүн көзүңөргө же оозуңарга кирип кетиши толук мүмкүн.
Токойго же тоого жөнөөр алдында сөзсүз түрдө ата-энеңе кабарлап, уруксат алып баруу керек. Качан келериңди да айтып, мүмкүнчүлүк болсо байке, эжеңе чогуу барууну сунуштап көр. Эгер сен үйгө кайтып келе турган маалыңдан кечиксең, ата-энең же туугандарың тынчсызданып, сени издей башташат.
Эгерде сен адашып кеткениңди сезсең, дароо ошол жерден токтоп, бир бакты белгилеп, анын жанынан кетпей тур. Кайдан кайсы тарапты көздөй бара жатканыңды эсте. Досторуң менен чогуу ырдап жүргөн ырларды үнүңдүн болушунча ырдап, кайсы тарапта жүргөнүңдү кабарласаң болот.
Токойдун эң коркунучтуу душманы – бул өрт. Шамалдуу ачык жерге, кургаган бутактардын арасына өрт койбош керек. Жаратылыш бардык эле адамдар үчүн баалуу байлык. Андыктан күйүп бүтө элек отту өчүрмөйүн кетпегиле. Кетерде оттун калган калдыгына суу коюп, үстүнө топурак таштап коюш керек.
Жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөн.
Чымчыктардын уясын бузуп, кумурскалардын уюгун казып салганың жарабайт.
Кирпи, тыйын чычкан сыяктуу жаныбарлардын балдарын көрүп калсаң, үйүңө алып кетип калба. Аларды баары бир энесиндей бага албайсың. Сени ата-энең издегендей, аларды да апасы издейт.
Гүлдөрдү терип, букет же гүлчамбар түйүп ойносоң болот. Бирок аларды да ашыкча эле жула бербе.
Токойго айнектин сыныгын таштаба. Эч качан артыңдан таштанды калтырба. Аны өзүң менен кошо ала кетип, атайын таштанды таштоочу челектерге сал. Мындай мүмкүнчүлүк жок болуп калса, жерди бир аз казып туруп, ошол жерге көмүп салсаң, чиринди катары жаратылышка пайдасы тиет.
Гүлжан Асанкожоева
balakai@super.kg